Кыргызстандын мектептеринде 8-класстан баштап келечек кесипке багыт берген профилдик саат өткөрүлөт
25 август

Кыргызстандын мектептеринде 8-класстан баштап келечек кесипке багыт берген профилдик саат өткөрүлөт

2026-2027-окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде 8-класстан жогорку класстын окуучулары үчүн профилдик саат өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Музулманов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. 

Айтымында, 2024-2028-жылдарга “Алтын казык” программасы иштөөдө. Өзгөчөлүгү – 12 жылдык билим берүүгө өтүү. Мында инфраструктурадан башка дагы мугалимдердин даяр болушу деген маселе турат. 

Музулманкулов белгилегендей, 455 усулчу август айынын башында окуудан өткөрүлгөн жана алар учурда жер-жерлерде 25 миңден ашуун мугалимди 12 жылдык билим берүүгө ыңгайлаштырып окутуп жатышат. 

“2025-2026-окуу жылында 1-, 2-класстар жана 5-, 7-класстар 12 жылдык билим алууга кадам ташташкан. Бул жылы 3- жана 8-класстар кошулат. 3-класстын окуу китептери басып чыгарылды, 8-класстыкы басылып жатат. 8-класстан баштап профилге чейин билим берүү деп 2 саат каралды. Бул бала келечекте кайсы тармакты тандаарына жараша болот, башкача айтканда, кесипке багыт берүү. Бизде азыр чоң көйгөй – окуучулар бардык ийгилигин ЖРТ жыйынтыгына байлап коюшту. Аны алдын алуу, окуучуга келечек кесибин эртерээк аныктоо максатында 8-класстан багыт берүүчү сабак өтө баштайт”, – деди ал.