Улуттук банк «Тайган жарыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды
Улуттук банк
25 август

Улуттук банк «Тайган жарыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк 2026-жылдын 25-августунан тартып «Тайган жарыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

«Тайган жарыш» коллекциялык монетасы VI «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026» иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылат.

Кыргыз тайгандары жарыша турган «Тайган жарыш» - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпо й, расмий түрдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди.

«Тайган жарыш» коллекциялык монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында сатылат. Баасы 8,9 миң сом.