Айтматов районунда жаш мушкерлер үчүн жаңы бокс залы ачылды
президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү
25 август

Айтматов районунда жаш мушкерлер үчүн жаңы бокс залы ачылды

Талас облусунун Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында жаш мушкерлер үчүн "Асыл" спорт комплексинде жаңы бокс залы ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарага КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, КР ички иштер министри Улан Ниязбеков, "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабековдор катышышты.

Өкүлчүлүктөн аталган бокс залынан Дүйнө чемпиондору, Олимпиада чемпиондору чыгат деген үмүт чоң экендигин кошумчалашты.