Бейшебай Талантбеков: «Ар тараптан колдогон, мени түшүнгөн жубайга жолуктум, бактылуумун»
Баары жакшы экенине карабай жашоосуна нааразы болгон адамдар бар. Ошол эле маалда эч нерсеси жок болсо да телегейи тегиздей кабак-кашы жаркыраган жандар болот. Бейшебай жашоону жакшы жагынан гана тааныган позитивдүү, жигердүү, таланттуу жигит. Колунун тубаса мунжу экендиги гана аны башкалардан айырмалап турганы болбосо, кадимки адамдардан кем калышпай билим алып, талантын багып, тиричилигин кылып келет. Ал турсун анын жашоого болгон жаркын кѳз карашы кѳп адамдарга шык берип, алга сүрѳчүдѳй.
«Ата-энемдин жалгыз уулумун»
Мен Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылынын кулуну болом. Тѳрт кыздын арасындагы жалгыз уулмун. Эжем жана эки карындашым бар. Башка бир туугандарымдын ден соолугу жакшы. Тилекке каршы, апам ѳмүрүнүн акыркы жылдарында жаман дарт менен алышып жүрүп кайтыш болду. Апам жашагысы келип канча аракет кылса да оорусуна жеңилип берди. Бул биздин үй-бүлѳ үчүн ѳмүр бою чоң арманга айланды. Жакшлыктарыбызды көрсө болмок, төрүбүздө атам экөө чайыбызды ичип, неберелерин эркелеткен карылыкка жетсе болмок деп армандап келем. Жашоодогу менин арманымдын бири ушу болду. Башка эч нерсеге кейибейм. Учурда атам Ат-Башыда, мен болсо үй-бүлөм менен Бишкекте жашап жатам.
«Тубаса мунжу тѳрѳлүптүрмүн»
Ооба, мен башкача жаралган жанмын. Тактап айтканда, бир колум такыр жок, экинчи колум тубаса мунжу. Мындай абалда тѳрѳлүшүмѳ апамдын кош бойлуу кезинде катуу сасык тумоолоп ооруганы себеп болуптур. Бул тууралуу апам ѳзү айтып берген эле. Мындай абалым ата-энемди, албетте, капаланткан. Бирок кѳп кейибей баарына макул болуп, наристеси катары мээрим менен кабыл алышыптыр. Ата-энем жоопкерчиликтүү, мээримдүү болушканы үчүн ѳзүмѳ ишенген инсан болуп ѳсүп-жетилдим деп ойлойм.
«Мени кадимки балдардай эле чоңойтушту»
Мен кичинемден ушул күнгѳ чейин жашоомо нааразы болуп кѳргѳн жан эмесмин. Себеби ата-энем мени кадимки балдарындай эле чоңойтушту. Тактап айтканда, мени ооруйт деп жеришкен да, аяп, ашкере эркелетишкен да эмес. Мени башкача бала деп ѳзүнчѳ окутуп, ѳзүнчѳ камкордук деле кылышкан жок. Ушул эң туура кадам болгон болушу керек деп ойлойм. Мага баары кадимки балдардай кайрылып, мамиле кылышкандыктан, мен ѳзүмдѳгү жетишпестикти анча аңдыбай эркин ѳссѳм керек. Мектептен деле мени башкача карап, басмырлап мамиле кылгандар болгон жок. Чакан айыл ичинде баары бири-бирине маалым болуп турат эмеспи. Мугалимдерим, классташтарым мен тууралуу эрте күндѳ билишкендиктен да мага жеңил болгондур. 9-классты аяктаган соң борборго келип катардагы компьютердик колледжге тапшырдым. Окууну жакшы аяктадым, компьютерди мыкты билем деп айта алам. Кесибим боюнча программистмин.
«Колумдан келгени кѳп, келбегени аз»
Мен жуунууда, тамактанууда, ал турсун ажатканага барууда да эч кимге кѳз каранды эмесмин. Ушуга Кудайга чексиз шүгүр деп келем. Башкалар үчүн бул айта турган деле кеп эмес да. А мен үчүн кичинекей жетишкендик болуп саналат. Кенедей күнүмдѳн баарын ѳз алдынча жасоого үйрѳнүп алгам. Манжаларым жок болсо да колумдун башы ийкемдүү. Азыр борбордо машина айдап жүрөм. Айрым көргөндөр таң калышат. Учурда аркалаган кесибим боюнча микрофонду эркин кармап ырдайм. Мени кѳбү телефон колдонбойт же бирѳѳнүн жардамы менен пайдаланат деп элестетишет. Жок, телефонду да каалаганымдай пайдаланам. Башкалардай эле кең-кесири интернет чукулайм. Футбол ойноодон, шахмат ойноодон ырахат алам. Кѳп нерсеге дилгирмин. Бир нерсени ѳздѳштүрүп алууга болгон аракетимди жасайм. Айтор, колумдун жоктугун шылтоо кылган жан эмесмин. Бир кылбаган нерсем, мектепти калем кармабай оозеки окуп бүтүргѳм.
«Ырчылык талант чоң атамдан өтсө керек»
Учурда аркалаган кесибим – ырчылык. 6-7-класстан бери эле ырдап келем. Үнүмдү уккандар кайдыгер калышпайт. Бул талант мага чоң атамдан ѳтсѳ керек. Өзүм Бишкекте турсам да аймактарга чакырган тойлорго барып ырдап турам. Өзгөчө Нарындык тамада байкелер менен жакшы мамиледемин. Тойго келген меймандар жакшы эле акча кыстарышат. Ошого жараша элдин ишеничин актайын, эмгегим татыктуу болсун деп чыгармачылыкта дайыма изденип келем. Чыгармачылыгыма көп адамдар жардам беришти, колдошту. Баарына ыраазымын, өзгөчө Нарында Алмаз деген байке бар. Ошол адамга чоң рахмат айткым келет. Жакындарым мени менен сыймыктанып келишет. Алардын сыймыгы болуу мага да сыймык.
«Ник Вуйчич мени кѳп шыктандырат, келечекте мен шык берүүчү тренер болсом дейм»
Жер үстүндѳ, ал турсун Кыргызстан ичинде колу жок жаралган адам жалгыз мен эмесмин. Мен сыяктуу тубаса кемчилик менен тѳрѳлгѳн адамдар кѳп. Жакында эле борбор калаага тойго ырдап баргам. Таксиге отурсам таксист байкенин колу чыканактан жок экен. Жашоо үчүн ак эмгек кылып жатканын кѳрүп, ага баа бердим. Дүйнѳгѳ таанымал Ник Вуйчич да мени кѳп шыктандырат. Мага ал сыяктуу шык берүүчү тренер болууну сунуштаган адамдар да болду. Келечекте шык берүүчү тренер болсом дейм. Протез кийүүнү сунуштап калышат. Жок, мен жасалма кол кийип жүрүүнү каалабайм. Ушул абалымда эле ѳзүмѳ тыңмын. Ушуга ыраазымын.
«Наристелүү болобуз деп пландап жатабыз»
Деги эле бул жашоо оңой деп билем. Туура жолду тандаса эле маселе жок. Башкысы, ден соолук болсо болду. Мен ушундай кѳз караш менен, балким, эч нерсеге сынбай, нааразы болбой келаткандырмын. Анан алты саны аман туруп жашоого капа болгон адамдарга түшүнбѳйм. Жѳн эле турмушту татаалдаштырып алышат. Менин айланам жакшы адамдарга толгон. Баары менен жакшы мамиледемин. Ар убак колдоп-коштоп турган жакшы досторум бар. Эр жетип калган кезде үй-бүлө курсам деген тилегим бар болчу. Ал күнгө да жаратканым жеткирди. Жети-Өгүздүк Нурай деген сулууга ашык болуп, үч ай сүйлөшүп жакындан бир-бирибизди билген соң колун сурагам. Ошентип ар тараптан түшүнгөн, ар дайым мени колдоп турган өмүрлүк жубайымды таап, баш кошуп азыр бактылуумун. Баарына шүгүр келтирем, турмуш курганыбызга 4 жылга чукулдап калды. Наристелүү болсок деп пландап жатабыз. Кудайым буйруса ал жакшылыктарга да күбө болосуздар. Эң башкысы жашоодо позитивдүү жакшы ойлонуп, кыялданып ошого умтулса баары жакшы болот деп айта алам.
