Русланбек Кенжалиев: Көчмөндөр азыгы – ата мекендик өндүрүштө
13 март

Русланбек Кенжалиев: Көчмөндөр азыгы – ата мекендик өндүрүштө

Эттен да күчтүү, соядан да пайдалуу. Таласта жасалган бул азык жөн гана продукт эмес – бул кыргыздын көчмөн мурасын заманбап технология менен жанданткан жаңылык. Ишкер Русланбек Кенжалиев алты жыл бою лабораториялык сыноолордон өтүп, төө буурчактан жогорку кубат берген уникалдуу протеин иштеп чыкты.

Кошулмасыз, экологиялык таза жана организмге жеңил сиңген бул азык узак убакытка ток кармап, табигый энергия берет. Балдардан тартып карыларга чейин колдонууга ылайыктуу. Бүгүн ал кадимки тамакты алмаштыра ала турган деңгээлге жетти.

Кыргыз жергесинде өстүрүлгөн төө буурчак эми жөн гана айыл чарба өсүмдүгү эмес – стратегиялык мааниге ээ, ден соолукту чыңдаган ата мекендик брендге айланып баратат. Бул – импортту алмаштыра турган, армиядан тартып спортчуларга чейин керектеле турган улуттук продукт.

– Руслан, төө буурчактан азык жасоо идеясы кантип пайда болду?

–  2007-жылы JICAнын "Бир айыл – бир азык" долбоорунун алкагында Таласка жапон адистери келип окутканда башталды. Башында биз төө буурчак пастасын жасоону үйрөндүк. Анын сактоо мөөнөтүн сегиз айга чейин узартуу үчүн кант коштук. Бирок кант ден соолукка зыян экенин эске алып, а төө буурчактан – кошулмасыз продукт жасоонун жолун издей баштадык. Алты жыл лаборатория менен иштедик жана тогуз жылдык тажрыйбадан кийин азыркы натыйжага жеттик.

– Демек, бул төө буурчак протеини болуп жатабы?

– Ооба десек болот. Бул экологиялык жактан таза азык, ал толук кандуу тамак катары кызмат кыла алат. Эртең менен ачкарын сууга, айранга же шорпого  аралаштырып ичсе болот. Ден соолукту чыңдоого жана энергия берүүгө жардам берет. Эң башкысы бул азыкты  балдардан баштап карыларга чейин ичсе болот.

– Коргоо министрлиги дагы кызыкканын уккан жайыбыз бар. Ошол тууралуу айтып берсеңиз...

–  Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде атайын презентация өткөрдүк. Генералдар катышып, суроолорду беришти. Биз өндүргөн азык идеалдуу аскердик рацион экенин түшүндүрдүк. Кыргыз эли көчмөн болгонун, ата-бабаларыбыз узак жолдо этти майдалап, гүл азык кылып  сууга аралаштырып ичип, күч-кубат алганын айттык. Ошондой эле ошол философияны заманбап илим менен айкалыштырганыбызды баса белгиледик.  Биздин төө буурчак протеини килокалориясы боюнча эттен жогору, бирок сиңимдүүлүгү жеңил экенин, майлуу эт жеген жоокердин организми энергияны сиңирүүгө коротоорун уйкусу келип шалдыраарын, бул азык таза, тез энергия берип, адамды сергек, чыдамкай кылып, узак убакытка ток кармаарын айттык.  Министрлик бул азыктын кубаттуулугуна  жана организмге пайдасы көп экенине  кызыгып калды. Аларды толук камсыздап, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү  үчүн жаңы цех курууну пландап жатам.  Жаңы цех жумасына 5 тоннага чейин, айына 20 тоннага жакын продукция чыгарууга мүмкүндүк берет.

– Сиз өндүргөн азык башка буурчактын түрлөрүнөн жасалган порошоктордон эмнеси менен айырмаланат?

– Туура айтасыз. Базарда протеин көп. Бирок көпчүлүгүндө клетчатка дээрлик жок, белок менен кальцийдин көлөмү да төмөн. Биздин продуктта тескерисинче – белок жогору, клетчатка мол, В группасындагы витаминдер толук камтылган – В1ден В12ге чейин бар. Бул жөн гана протеин эмес, бул толук кандуу функционалдык азык. Тагыраагы, төө буурчакты дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бекеринен «эттин орду» деп аташпайт. Ал табигый күч булагы. Туура тамактанууну кармангандар бизди жогорку белок жана клетчаткасы үчүн тандашууда. Анткени бул азык организмди чарчатпай, кубат берет.

– Баса, реаблитациялык борборундагы балдар кандай жыйынтык алышты?

– Беловодский жана Сокулук реабилитациялык борборлорунда балдарга бергенде жакшы натыйжа чыкты. Дарыгерлер жаткан, алсыраган балдарга биздин продуктуну берүүнү сунушташты. Жыйынтык күтүлгөндөн да жогору болду: балдар тамакты жакшы сиңире баштады, денеси чыңдалып, ал тургай мурда өз алдынча отура албаган айрымдары отургучка отура башташты. Бул биз үчүн жөн гана көрсөткүч эмес — бул үмүт.

– Кайра иштетүү процесси кандай жүрөт?

– Даяр продукцияны алуу үчүн беш күн кетет. 10 кг төө буурчакты кайра иштетүү болжол менен ушунча убакытты алат. Алгач чийки зат сорттолуп, жуулуп, чыланат. Чылап жатканда сууну ар бир эки саатта алмаштырып турабыз. Андан кийин төө буурчак кайнатылып, кайра кургатылып, майдаланып, электен өткөрүлүп таңгакталат. Азыр айына 1,5 тонна чыгарабыз, бул көлөм суроо-талапты канааттандыра албайт.

– Эң кыйын учуру кайсыл мезгил  болду?

– Башында химикаттарды чыгарып, таза продукт алуу өтө кыйын болду. Дыйкандар түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн жер семирткичтерди жана химикаттарды колдонушчу. Бирок биз алты жыл лабораторияда эксперимент жүргүздүк. Ар бир өзгөртүү жаңы сынактын муктаждыгын жаратып, акырында коопсуз жана пайдалуу технологияны иштеп чыктык.

– Продукцияны кайдан алса болот?

– Бишкекте “Кыргыз органик” жана “Айыл азыгы” эко-дүкөндөрүндө, Таласта “Алтын Казык” жана “Оптовка” супермаркеттеринде сатылат. Москвага жана Казакстанга жеткирүүлөр болгон. Цех курулуп, эл аралык сертификаттар алынса, экспорт көлөмү бир топ өсөт.

– Көчмөндөр азыгын өзүңөр  колдоносуңарбы?

– Албетте, үй-бүлөбүз менен эртең менен ичебиз. Кичинекей кызым үчүн ботко түрүндө жасайбыз. Жубайым смузи жасайт: банан, кулпунай менен кошуп, биздин порошокту салат. Балдар какао кошулган вариантын жакшы көрөт – “Нутелла” сыяктуу шоколад даамы чыгат. Айранга, сүткө, балга же жөн эле сууга кошсо болот. Кээде шорпого кошсок дагы даамы өзгөрбөйт, эң негизгиси тажатпайт.

– Сиз өндүргөн азыктын кардарлары ким экенин билсек болобу?

– Биринчи кезекте кант диабети менен ооругандар жана спортчулар. Биздин таңгак 400 сом турат жана болжол менен 10 күнгө жетет – күнүнө болжол менен 40 сом. Бир коктейль эртең мененки же түшкү тамакты алмаштырат жана 7-8 саатка адамды ток кармайт. Эң башкысы, төө буурчак кант деңгээлин төмөндөтүүгө, боордун иштешин жакшыртууга, канды тазалоого жана ашыкча майды күйгүзүүгө жардам берет. Дарыгерлер гемоглобин деңгээлин көтөрөрүн айтышууда.