Азиз Биймырза уулу: Арстанбек феномени жана кыргыз адабиятындагы руханий лидер концепциясы
Кыргыз адабиятында айрым чыгармалар бар: алар жөн гана көркөм текст болбойт, улуттун тарыхын, руханий дүйнөсүн кайра ойлонууга түрткү берет. Мындай чыгармалар мезгилдин ичинен өтүп кетпестен, тескерисинче, адабияттын ортосунан оюп туруп орун алат. Академик Осмонакун Ибраимов агай жазган «Арстанбектин арманы» дал ушундай эмгектердин бири болуп калды десем жаңылышпайм.
Бул чыгарманы окуп бүткөндөн кийин окурман катары менде бир суроо жаралды: эмне үчүн айрым адамдар кылымдар өтсө да унутулбайт? Балким, алар өз доорунун гана эмес, келечектин да адамдары болгондугундадыр. Автор чыгармада XIX кылымдагы улуу төкмө акын, олуя Арстанбек Буйлаш уулу образын дал ушундай масштабда ачууга аракет кылат.
Чыгармада Арстанбек жөн гана ырдаган акын эмес, элдин тагдырына күйгөн ойчул катары көрүнөт. Муну автор айрым эпизоддор аркылуу өтө таасирдүү берет. Маселен, кыргыз урууларынын ортосундагы кагылышуу тууралуу кабарды уккан учурдагы акындын ички абалы мындайча сүрөттөлөт: «Бугулар менен сары багыштар кырылышып атат, биринин канын бири төгүп… ушул жамандыкты кулагым укпай, көзүм көрбөсө деп тиледим эле, тилегим таш капты». Бул саптарды окуганда жөн гана тарыхый окуяны эмес, бүтүндөй элдин трагедиясын сезесиң. Автор акындын жүрөгү аркылуу доордун оор абалын көрсөтөт. Ошол эле учурда бул эпизод чыгарманы философиялык деңгээлге көтөрүп турат.
Ибраимовдун дагы бир жетишкен жери – Арстанбектин эл арасындагы кадыр-баркын турмуштук көрүнүштөр аркылуу ачканы. Чыгармада мындай саптар бар: «Арстанбек азыр элдин кишиси, журттун сыймыгы… ар бир сөзүн өзгөчө куштарлык менен тыңшаган атактуу акын, колунда сыйкыры бар комузчу». Бул жерде автор акындын коомдогу ордун так көрсөтөт. Ал жөн гана талант эмес, элдин руханий таянычы болуп калган инсан катары сүрөттөлөт.
Чыгарманы окуп жатып мен дагы бир нерсени ойлодум: Арстанбектин арманы эмне болгон? Автор бул суроого түз жооп бербейт, бирок тексттин ичинен аны сезүүгө болот. Бул арман - элдин биримдиги, адилеттүү коом, келечек тууралуу ой. Башкача айтканда, бул жеке адамдын эмес, бүтүндөй улуттун арманы. Эл эртеңи, тарыхый бурулуштар, Кокон доорунан кийинки оор мезгил, оторчулуктун оңтойсуз оюндары - мунун баары акындын ички дүйнөсү аркылуу берилет.
Чыгармада дагы бир маанилүү жагдай бар. Автор Арстанбек образын жөн гана өнөрпоз деңгээлинде калтырбайт. Тескерисинче, аны коомдук ой жүгүртүүнүн ири өкүлү катары көрсөтүүгө аракет кылат. Айрым эпизоддордон анын сөзү эл ичинде гана эмес, ошол доордогу саясий чөйрөгө да жеткенин сезүүгө болот. Башкача айтканда, бул чыгарма акынды өнөр адамы катары гана эмес, руханий лидер, ал тургай мамлекеттик масштабдагы ойчул катары караган жаңыча концепцияны сунуштайт.
Бул жагынан алганда Арстанбек феномени өзүнчө түшүнүк катары көрүнөт. Анын феномени – талантта гана эмес, элдин тагдырына жоопкерчилик менен караган акылмандыкта. Ал жөн гана ырчы эмес, коомдун багытын сезген инсан болгондугу чыгарманын ар кайсы жеринде байкалат.
Бул ой мага белгилүү композитор жана мамлекеттик ишмер Түгөлбай Казаков айткан сөздү эске салды: «Бийик адам гана эл тагдырына күйүп быша алат. Майда киши чоң ойду көтөрө албайт». Чынында бул сөз Арстанбекке абдан дал келгендей туюлат.
Чыгарманы окуп жатып дагы бир нерсени байкайсың: автор бир адамдын өмүрүн гана жазган эмес. Ал ошол доордун руханий абалын көрсөтүүгө аракет кылган. Эл ичиндеги тирешүү, тарыхый өзгөрүүлөр, коомдук аң-сезим – мунун баары чыгармада бир бүтүн картина катары көрүнөт. Ошондуктан «Арстанбектин арманы» тарыхый чыгарма болуу менен бирге интеллектуалдык прозага да жакын турат.
Кыргыз адабиятында өнөр адамдары тууралуу жазылган чыгармалар аз. Бирок, өзгөчө мааниге ээ болуп калат. Мисалы, комузчу тууралуу жазылган чыгармалардын ичинен Касым Каимов жазган «Атай» романы көп айтылып келет. Ал чыгарма кандай маанилүү болсо, «Арстанбектин арманы» да ошол катарга кошула турган эмгек болот.
Анткени бул китепте бир эле акындын өмүрү баяндалбайт. Бул жерде бир доор, бир эл, бир тагдыр жөнүндө сөз жүрөт. Автор тарыхты жөн гана айтып бербестен, аны түшүндүрүүгө аракет кылат. Мына ушундай жагдай чыгарманын баалуулугун арттырат.
Менимче, «Арстанбектин арманы» – акыркы жылдары кыргыз адабиятында жарык көргөн маанилүү эмгектердин бири. Бул чыгарма Арстанбек сыяктуу улуу инсандын образын жаңыча көз караш менен ачып, кыргыз тарыхый прозосунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтти деп айтууга негиз бар.
Эң башкысы, бул китепти окуганда бир нерсени түшүнөсүң: тарыхта из калтырган адамдар жөн гана таланттуу эмес, чоң масштабдагы инсандар болот. Ал эми ошондой инсандар жөнүндө жазылган чыгармалар улуттун руханий дүйнөсүн байытат. «Арстанбектин арманы» дал ушундай чыгармалардын бири.
Боромбай, Ормон, Алымбек өңдүү жакшылар менен табакташ эле эмес тизгиндеш жүргөн, кызырлуу кыргыз элине Теңирдин белеги жана уулундай туюлган олуянын арбагын улуктап, таттуу көмөкөй, кашкөй талант эле эмес мамлекеттик ишмер, балким, лидер деңгээлине көтөргөн авторго эргүү тилейм. Бар болуңуз, АГАЙ!
