Самара Токтакунова: Мен жомоктогудай жашоонун ээсимин
19 июнь

Самара Токтакунова: Мен жомоктогудай жашоонун ээсимин

Кыргыз элинен чыккан даңазалуу комузчу айым Самара Токтакунова баарыбызга тааныш. Кыргыздын кылым карыткан күүлөрүн биз менен бирге жашатып, күүнүн арты менен дүйнө жүзүн кыдырган талантуу айым учурда улуу устат. Ар дайым иш менен алек болуп, бүт өмүрүн комуз менен айкаштырып жашап келе жаткан улуу өнөрдүн ээси өткөн күндөрүн мындайча эскерет.

«Атамдын кара кызы элем»

Балалыгым атам менен энемдин жанында бактылуу өттү. Төрт кыздын кичүүсү элем. Бир туугандардан бир гана эркек бала бар болчу. Мен кенедейимден атамдын кызы болчумун. Кайда болсо дагы мени жанына ээрчитип алчу эле. Атам жашы өтүп калган кезде айылда почточу болуп иштеди. Ал жаңы келген гезиттердин баарын иреттеп, экөөбүз кошуналарга, айыл элине тиешелүү гезиттердин ар биринин башына үй ээсинин ысымын жазып, тыкан жыйнап чыкчубуз. Анан ал мени атка мингизип, гезиттер салынган баштыкты карматып туруп таратып келүү үчүн жиберип ийчү. Мен болгон гезиттерди таркатып кайра келчүмүн. Атам менин артис болушумду абдан каалачу эле. Ал «башка кыздарым тың. Өз жашоолорун кылып кетишет. Сенден корком» деп, мага абдан сарсанаа болчу. Себеби, мен абдан арык, кичинекей жана алсыз кыз элем. Тамак ичип алып кайра ооруп калып эле жүрчүмүн. Ошону менен бирге атамдын мен үчүн болгон дагы бир чоң тилеги менин «Сынган бугуну» аткарып калуум эле. «Сен ушул күүнү чертип калганыңды көргөн күнү өлүп калсам деле ыраазы элем» дей берчү. Менин чыгармачылыкка аралашып калганыма эң биринчи ушу адам себепкер болду.

А апам болсо ооз комуз, темир ооз комузда мыкты ойногон аял эле. Алар мени мен 7-классты аяктаганда эле окууга алып келишти. Кызык ай, азыр ойлосом, апам мени 31-август күнү алып келген эле. Келсек эртең окуу башталат деп баары камынып жатышыптыр. Бизге көңүл бурган киши жок. Апам болсо эмдиги жылы алып келиңиз дешкендерине болбой орустарга барып алып «окуйт хорошо, чертет хорошо, угат хорошо, айланайындар, кызымды алып калгыла» деп жалынып жатат. «Эгер ушул жакка жарай турган болсо эмдиги жылы алып келиңиз, болбосо эмдиги жылы дагы убара болбогондой болуңуз» дешип акыры алар мени сынап көрмөй болушту. Алардын сынынан жакшы өтүп кеттим. Мени дароо алып калышты. Байкуш апам абдан сүйүндү. Эки күндө айылдан документтеримди бүтүрүп жетип келди.

«Бактымды туура тандаптырмын»

Ал кезде кадрлар абдан жетишсиз эле. 1-курсту аяктаган жылы эле мени ишке алышты. Ошондон бери менин бул тармакта иштеп келе жатаканыма 50 жылдан ашык убакыт болуптур. Ушул жерден мен бактымды таптым. Окууну бүтүп жаткан жылы агайым деп жүргөн Чалагыз Исабаев мени ала качып алды. Ала качканы дагы кызык болгон. Ошол күнү мени менен бирге окуган 4 кызга жатаканадан бөлмө берилген эле. Ал «силердин жатакана алышыңарды майлайбыз» деп бизди бир кесиптештеринин үйүнө ээрчитип барды. Ал жакка барсак баары сонун жасалган, жайыл дасторкон. Жыргап сонун олтурдук. Саат түнкү бирлер болуп калган маалда ошол үйдүн ээсинин 80 жаштагы апасы мага жоолук салып калды. Мен эч нерсеге түшүнбөй калдым. Жанымда олтурган Чалагызга карап «Чакен агай, качан мен сиз менен сүйлөштүм? Качан экөөбүз кыз-жигит болуп киного барган элек?» десем ал эч нерсе деп үндөбөй койду. Акыры жоолукту үчүнчү жолу салганда отуруп калдым. Бирок, мен бул окуя үчүн эч өкүнгөн жокмун. Жакшы адамга жар болуптурмун. Ошентип, бир жумадан кийин эле Чалагыздын тааныштары, мага жоолук салган адамдар бизге 2 чыны, 2 кашык, 2 жууркан кылып берип туруп бөлүп коюшту. Ошону менен мен алып жаткан бөлмөмө кирбестен, Чалагызга берилген бөлмөгө барып калдым. Экөөбүз ал жерде 5 жылга чукул убакыт жашадык. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева болуп Кыргызстандын маданият күндөрүн белгилөө үчүн чет мамлекетке гастролго чыгып калдык. Ал жактан баргандан келгенге чейин байкуш Бүбүсара эже мамлекеттик кызматтагы бир адамга «бул жаштарга жардам берүүбүз керек. Үйү жок көчүп-конуп жашап жүрүшөт. Таланттуу жаштарга шарт түзүп беришибиз керек» деп какшап келди. Мекенибизге келгенден кийин биз сыяктуу жаштар Бүбүсара эженин жардамы менен арызыбызды жазып, үй сурап мамлекетке кайрылдык. Андан бир ай өткөндөн кийин бизге үч бөлмөлүү үй беришти. Ошондогу Чалагыз экөөбүздүн сүйүнгөнүбүз, ай. Кубанычыбыздан жинди болуп кете жаздадык. Ошентип, кичинекей балабыз менен заңгыраган үйлүү болуп калдык. Актан ошол үйдөн төрөлдү. Ошол үйдөн агарып-көгөрдүк. Ошол үйдөн Чалагыз экөөбүздүн 26 жылдык жомоктогудай бактылуу жашообуз өттү.

«Бүт өмүрүм чыгармачылыкка арналды»

Менин ушул деңгээлге жетип, Самара атымдын Самара Токтакунова болушуна жолдошумдун эмгеги абдан чоң. Ал мени ушунчалык колдоду. Экөөбүз баш кошкон күндө эле кайын журтума менин комузчу, таланттуу адам экенимди айтып мага жеңилдиктерди алып берип койгон. Андан кийин дагы мени ар тараптан колдоп турду. Балдарын дагы өзү карачу.  Ал «ашкана биздики» деп койчу. Мен ашканага баш багып калсам дароо уктоочу бөлмөгө жетелеп келип коёр эле. Бычак карматчу эмес. «Сен колуңду кесип алсаң эмне болот билесиңби? Колдоруңду сактагының» деп турчу. Кир жуудурган жок, оор көтөрткөн жок. Мага күүнүн баарын өзү үйрөттү. Ишке кетип жатып мага тапшырма берип, магнитофонду иштетип берип кетчү. Ал келгенге чейин мен анын тапшырмасын аткарып турчумун. Ошентип олтуруп күүнү толук чертип калган кезимде туура бир ай ошол күүнүн үстүнөн иштечүбүз. Анан айдын аягында менден экзамен алчу. Ушундай эмгек менен мени ушул деңгээлге жеткизип кетти. Жолдошум менин чыгармачылыктагы устатым болду. Экөөбүз биринчи үйрөнүп, машыккан чыгармабыз менин айтуум менен атамдын менден күткөн күүсү «Сынган бугу» болгон. Аны мен толук шартылдата чертип калган соң экөөбүз айылга бардык. Атама өзү сүйүнчү айтып күүнү угузмак болду. Атам дагы абдан кубанды. Дароо бир коюн сойдуруп, айыл элин чакырып туруп мага күүнү черттирди. Ушул ойногонума өзүм дагы абдан ыраазы болуп, кубандым. Башымды көтөрүп карасам атам сакалынан жаш тамчылап ыйлап туруптур. Ошондо атам «кара кызымдын бактысы ачылыптыр, кара кызымдан эми санаам тынч» деп кубанган. Күйөө баласына ыраазы болгон. Ошентип башталган чыгармачылыгым берекелүү да, үзүрлүү да болду...

«Уулдарым үчүн ашканага баш бактым»

Балдарыбызды өз каалоолору менен М. Абдыраев атындагы музыкалык окуу жайда окуттук. Кийин экөө тең консерваториядан билим алышты. Азыр атасындай мыкты мырзалар болушту. Чындыгында өмүрүмдүн эң оор күндөрү ушул убакка туш келди. Чалагыздан ажырагандан кийинки менин абалымды чыйралткан менин уулдарым болду. Ошол кезде балдарым үчүн ашканага кирип баштадым. Болбосо өмүр бою деле ашканага баш бакпай, жалаң гана комуз менен өтөт белем... Мен ишке чыкпай жүргөн кезимде кесиптештерим «эми Самар эже дагы  өлүп калат го. Кантип Чалагыз агайсыз жашайт эми» деп кеп кылышкан экен. Бирок, тирүүнүн жашоосу өтө берет экен. Кайран Чакен, бир нерсе болорун билген окшойт. Эсимде, балдарына «мен бир нерсе болсом апаңарды дал мендей кылып карагыла» деп айтканы бар эле. Чынында балдарым акылдуу чыгышты. Мени капа кылышпайт. Келиндерим дагы жакшы. Мен Актан менен турам. Неберелерим менен эрмектешем. Күн сайын Актан, ал бошобой калса келиним машинеси менен ишиме жеткирип коёт.

«Комузум – менин добушум»

Ишенсеңер менин бир гана комузум бар. 1975-жылдан бери бир гана комуз менен келе жатам. Ал комузду мага Өзгөн районунан Нурак деген уста тартуу кылган. Өз колу менен жасаган эмнегинин бирин мага, бирин Аскар Акаевге тартуу кылган эле. Ал киши комузду ушунчалык берилип жасаса керек. Абдан сонун комуз. Өзү эле сүйлөп турат. Комузум менен адамча сүйлөшөм. Таң калганым ал комуз мен капа болгондо, менин ачуум келип турган маалда таптакыр күүгө келбей коёт. А жакшы мамиле кылып, ага жакшы сөздөрдү айтып, эркелетсем добушу шартылдап шаңдуу чыгып калат. Менин ишенгеним ушул гана комуз. Бул комуз бир гана жолу – Чалагыз каза болгон соң беш айга чейин эч сүлөбөй койду. Көрсө ал дагы мендей болуп аза күтүптүр. Андан кийин убакыттын өтүшү менен комузум экөөбүз эл алдына кайрылып келдик. Кайрадан комузум менен элиме кызматымды кылдым. Азыр дагы менин бактымдын бир бөлүгү комузум болуп келет.