Нуркан Койчуманова, акын: Суук көзгө карегимди соолутпа, Жаман сөзгө көңүлүмдү оорутпа
Бүгүн акындык өнөр менен тамадалык кесипти бирдей бапестеген, тойго да чоң жоопкерчилик менен мамиле кылган Нуркан Койчуманова эже менен баарлаштык.
– Нуркан эже, жүрөккө жеткен саптарды жазып, жакшы ырларды жаратып жатасыз. Сизди элге акындык өнөр тааныттыбы же тамадалыкпы?
– Акын катары элге жакшы тааныла албасам да, чыгармачыл чөйрөдө сөз баккан, сөз таптаган инсан катары өз ордум бар. Мендейлерди элибиз "чечен", "жамакчы", "сөзмөр" деп коюшат. Мына ошол куюлуштуруп сүйлөгөн өнөрүм, мени калың элдин катмарына тамада катары да таанытты. 1991-жылдары элде тамада деген түшүнүк жок эле. Ал кезде бизди "эрке кыз", " алып баруучу" деп айтышчу.
– Биринчи жазган ырыңыз эсиңиздеби?
– Акындар ырды кудай берген ырыскы дешет экен. Сиз ырды күндө жазасызбы же анда-мында жазасызбы?
Ырды күндө эле жаза бербейм.
Ыр саптары агып келет миңдеген,
жашап жатам ошол жазган ыр менен- дегендей бир мезгилде ыргактар менен ыргалып, кыялданып жашаган күндөрүм болгон. Жыл өткөн сайын турмушка болгон көз карашың калыптанып, акыл калчап калгандан кийин, талдап сүйлөп, тандап кадам шилтеп калат экенсиң. Бул да болсо жакшы- жаман сөзгө, периштелер бата берип, кабыл болооруна ынанып, сөздүн күчүнө, касиетине таазим этип, акындардын жазган ырлары өздөрү менен тагдырлаш болуп калганына да күбө болуп жүрөбүз. Сөздүн баркы кетип турган заманда, ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө деп бекер айтылбайт да, зыяны тийбесин деп көбүнчө өзүмдү тыйып турам.
– Мен 1994- жылы Азада Бегимкулованын сөзүнө жазылган Арзыбек Бедияровдун "Аядым" деген ырын "ыр кеседе" ырдап чыгып, элге ырчы катары таанылдым. Менин визиттик карточкам ушул ыр болду. Ал эми өзүмдүн ырларыма өмүр тилейм...
Өнөр жолдо жандүйнөмдү толукта – деп ар бир чыгармам өз күйөөрманын тапса, ошол жеңишим жемиштүү болгону. Эстрада ырчылары, легендарлуу “Кыз – Бурак” тобунун ырчы кыздары Айжамал Кабылова ырдаган " Бир өзүң бол", " Турмуш сабагы", Гүлнара Калдарова" Бак тиледим кызыма", "Аялзат". Кенже Дүйшеева " Аллага кат", композитор Жамиля Муратованын "Ишеним", " Бейиштин төрү беле", Арзыбек Бедияров жана башка обончулардын жараткан обондору өз угармандарын тапканы автор катары мени кубандырат.
– Албетте, ар бир нерсенин өзүнө жараша түйшүгү бар. Түшүнбөстүктүн, кызганычтын айынан жазган ырларыбыздын азабын да, жыргалын да тарткан күндөр болду. Алардын арасында өкүнүчтүүсү кызганычтан тытылган, өрттөлгөн армандуу ыр сапттарыбыз да бар... Кудайдан жашырбаганды пендеден жашырабызбы? Кимге, качан жазылган деген жообу жок суроолор оң да, терс да таасири болду... Ушундай чыгармачыл инсан болуу чоң сыймык болсо, экинчи жагынан чоң түйшүк. Анткени "Жүк арткандай качырга, абдан кыйын түгөй болуш акынга” – дегендей өнөрүңдү баалап, түшүнүү менен колдой билүү үчүн айкөл жүрөк керек. Жер жарылса акындын жүрөгүнөн өтөт деп бекеринен айтылбайт да... Табигатыбыздан кыялкеч, сезимтал келебиз, эч ким билбеген өзүнчө бир жасалма дүйнөбүз бар....Кыялдын канатында кайкып жүргөн учурларыбыз көп...Акынга дем, чыгармачылык шык берген касиет миңден бир гана адамда болот. Андай адамдар айрыкча турмушуңда кеч кездешет... Балким арманы да жыргалы да ушулдур...
Сен да жаным жүрө көргүн саламат – деп жазып коюп миң суроого, бир жооп таппай тунгуюкка кабылган учурларда бул ыр "Эски дептерден" деп аргасыз кутулган күндөр да жок эмес... Деги өзү жашоо кызык да...Башың көрүнө баштагандан кийин адамдын артынан көрө албаган көздөр, ушак- айың сөздөр дайыма ээрчип жүрөт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Акынга тагдыр керек деп коюшат. Чынында ошол тагдырды курчап турган чөйрө жаратат. Түшүнгөндөр келсе бактың, түшүнбөгөнү келсе шоруң. Жазылган ырлары үчүн кызганычтан запкы жеген учурлар да жок эмес...
Ошентип жаш башың акырындап как баш болот туура...Ал эми Кудайым берген сезим жакшы ырлардын жаралышына себепкер болот.
Сездим бүгүн, сүй жүрөгүм ооруба- деп ошол сүйгөн жүрөктөн Кудайым айырбасын...Калганы келди, кетти нерсе, убакыт дарылайт...
– Ооба, азыр деле тамадалык кылып, ырыскымды насибинче терип жатам. Кудайга шүгүр, тамаданы той ээлери табитине жараша тандашат. Мени сөзгө маани берип, сөздүн баркын билгендер, баалагандар, када- салтты сактагандар, улуттук баалуулуктарга өзгөчө маани бергендер көбүрөөк чакырышат. Өзүмө жараша чөйрөм бар. Ушуга да чексиз шүгүр.
– Ушул суроону мага абдан көп беришет. Мен үчүн тамадалык өнөр дагы, кесип дагы. Азыр көпчүлүгү китеп окубайт, киного, театрга, музейге барбайт. Ошон үчүн той маданияттын ордосуна айланды! Ал жерде каада- салтыбыз, улуттук кийимибиз, салттуу музыкабыз, акыл- насаат, ак тилектерибиз, улуттук тамак- аштарыбыз жасалгабыз, баары чагылдырылып ак бата менен жыйынтыкталат. Ошонун баарын элге жайылтуу милдети тамаданын дараметине жараша мойнуна жүктөлөт. Бул чоң жоопкерчилик! Тамада – маданияттын күзгүсү! Анткени, салт бузулса, нарк бузулат. Нарк бузулса, эл бузулат! Ал эми мындай нерселерге жол бербөө керек. Сабатсыз, жеңил-желпи тамадалар бул коомдун оорусу. Ошон үчүн акыркы учурларда тамадаларга коюлуп жаткан талаптар абдан туура. Балдар укканын эмес, көргөнүн алат. Артыбызда өсүп келе жаткан муундарга нарк- насилибизди, каада – салтыбызды аздектеп өткөрүү, жаштардын табитин бузбай туура багыт берүү биздин милдетибиз деп эсептейм.
