Өндүрүштүк кыймылсыз мүлк Москва районунда Бишкекке караганда кыйла кымбат
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
25 август

Өндүрүштүк кыймылсыз мүлк Москва районунда Бишкекке караганда кыйла кымбат

Москва районунда 2026-жылдын июль айында өндүрүштүк кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метринин орточо баасы 161 977,8 сомду түздү.

Бул өндүрүштүк объектилер боюнча таблицада көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн ичиндеги эң жогорку баа.

Экинчи орунда Сокулук району турат – бул жерде бир чарчы метрдин орточо баасы 124 859,19 сомду түзгөн.

Мындай маалыматтарды Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик келтирди.

Салыштыруу үчүн, Бишкек шаарында өндүрүштүк кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метринин орточо баасы 19 147,47 сом деп көрсөтүлгөн.

Ал эми Сузак районунда бул көрсөткүч 27 801,25 сом, Ала-Бука районунда – 25 970,28 сом, Аламүдүн районунда 22 802,61 сомду түзгөн.