Нургазы Сыдыгалиев:  «Ак кемеде» мыкты роль жаратканым үчүн Чыңгыз Айтматов эки бөлмөлүү үй берген»
11 февраль

Нургазы Сыдыгалиев: «Ак кемеде» мыкты роль жаратканым үчүн Чыңгыз Айтматов эки бөлмөлүү үй берген»

Аталышы: “Ак Кеме”

Жылы: 1974-жыл

Жанры: драма

Режиссёру: Болот Шамшиев

Ролдордо: Асанкул Куттубаев (Момун чал), Сабира Күмүшалиева (Момун чалдын кемпири), Чоро Думанаев (Кулубек), Орозбек Кутманалиев (Ороскул), Назира Мамбетова (Бекей), Айтурган Темирова (Гүлжамал), Нургазы (Нургазы)

Коргоого алынган токой. Анда жашаган жети жашар бала менен алты тургун. Ушундай кичине сандагы каарман аркылуу чоң көйгөйдү берген фильм – «Ак Кеме». Фильм Ысык-Көлдүн Чоң-Жаргылчак айылына жакын жерде тартылган. Бул тууралуу башкы каарман Нургазы «мага Сабира Күмүшалиева апа тарбиячы болчу. Анын ар бир сүйлөгөн сөзүмдү, текстимди жаттаткан убактары эсимде. Сабира апанын мени жаман көргөн учурлары да болду. Себеби, кээде төшөккө сийип койсом, аны ошол жуучу да» деп эскерет.

– Нургазы, азыр киного тартылууну сагынасызбы?

– Абдан сагынам.

– Анда эмне себептен актёр болбой калгансыз?

– «Ак Кемеге» тартылгандан кийин да, окуп жүргөндө да менин актёр болуу тууралуу каалоом күч болчу. Анан окууну аяктагандан кийин Москвадагы Щукин атындагы театралдык институтка тапшыргам. Анда менде өз күчүм менен өтүп кетем деген ишенич күч эле. Тилекке каршы, бул каалоом оңунан чыкпай, мен ал окуу жайда окубай калгам. Ошондо көңүлүм биротоло сууган десем болот.

– А «Ак Кемеге» кантип тандалып калдыңыз эле?

– Илгери бизде азыркы «Сейтек” сыяктуу «Пионерлер сарайы» деген борбор бар болчу. Мен ошол жакта бий ийримине катышчумун. А режиссёрлор болсо киного тартуу үчүн таланттуу балдарды мектептерден же ушул сыяктуу борборлордон издешчү экен. Бир күнү эле Болот Шамшиев келип, биздин балдарды карап туруп арасынан мени тандап алды. Анан бир жакка алып барып фотопробадан өткөрдү. Актёрдук чеберчилигимди текшерүү үчүн «мобу жер суу, мобу жер көк чөп, ушул көк чөптөн сууга кантип секирер элең?» деди. Мен аны тартынбастан көрсөтүп бердим. Андан кийин ошол маалда белгилүү болгон бир канча актёрду тууратты, согуш кинолорду көп көргөндүктөн, мен да алардын ар бирин туурап бердим. Ошентип, жактырып калды окшойт, көп өтпөй эле мени тасмага тартуу үчүн алып кетти.

– Сиз анда канча жашта элеңиз?

– Ал учурда мен болгону алты жашта болчумун, андан бери 50 жылдан ашык убакыт өттү.

– Азыр «Ак Кемени» көргөндө кандай таасирде болосуз?

– Сыймыктанам, тарыхта ушундай таалим-тарбия бере турган фильмдин жаралып калганына сүйүнөм. «Ак Кемени» мени менен кошо балдарым да көрүп турушат.

– «Ак Кеме» сиздин жашоодо кандай из калтырды?

– Бул тасма менин жашоомдо эки тараптуу из калтырды десем болот, биринчиси оң, ал эми экинчиси албетте терс. Терс дегенимдин себеби, мен бул фильмдин айынан убагында жылдыз оорусуна кабылдым. Баары эле сени жакшы көрө берсе, көңүлүңө карап турса мындай нерсе сөзсүз түрдө болот экен. Бүтүндөй союздук өлкөлөр арасында Москвада өтүүчү «Товарищ кино» деген фестиваль бар болчу. «Ак Кемеге» тартылгандан кийин ошол фестивалды ачуу жөрөлгөсү мага берилген. Ага ылайык, жыл сайын алгач конкурсту жаттатып койгон 4-5 сүйлөм менен аччумун да, муну улай эле «Ак Кемедеги» мен тартылган кадрлардан үзүндү берилчү. Ошентип, аттуу-баштуу актёрлордун катарында жүрүп өзүмдү башкача сезип калгам. Анан бул жакка келгенде сабакка барбай, башкаларды теңиме албай, атүгүл армияда кызмат өтөгөн мезгилде жана андан кийин деле ичкиликке берилип кеткем. Билинбегени менен мунун айынан мен жашоодогу айрым максаттарыма, кээ бир ойлорума жете албай калдым.

– Сиз «Ак Кемеден» гонорар алдыңыз беле?

– Жок, бирок, бул фильмде жараткан мыкты образым үчүн мага Чыңгыз Айтматов өзү ордо калаадан эки бөлмөлүү үй берген. Ал үй азыр дагы менин карамагымда.