Мээрим Мураталиева, ырчы: “Мен башымдан өткөргөн сыноону душманыма да каалабайм”
11 апрель

Мээрим Мураталиева, ырчы: “Мен башымдан өткөргөн сыноону душманыма да каалабайм”

Убагында эстраданын “жарк” эткен жылдызы болгон, ырчы, пародист Мээрим Мураталиеванын жакында эле чыккан маеги коомчулукта катуу талкуу жаратып, абалы көпчүлүктү тынчсыздандырган эле. Бүгүн Мээрим айым бизге элдин колдоосу менен жан дүйнөсүндө бир топ өзгөрүү болгонун, бирок алдап кеткен жакындары үйү менен машинасын дале кайтарып бербей жатканын, жакында жеке чыгармачылык концертин берери  тууралуу сөз кылып берди.

– Мээрим айым, саламатсызбы? Туулган күнүңүз экенине карабай маек бергенге убакыт таптыңыз. Кут болсун!  Бул сиздин канчанчы жазыңыз?

– Рахмат, быйыл 49 жаштын тамагын иче баштадым. Ушул жаз мага башкача келди, маанайым абдан жакшы.  Элимдин колдоосу менен жан дүйнөмдө, өң-келбетимде, чыгармачылыгымда, ден соолугумда жакшы жагына  өзгөрүү болду. Өткөн маектеги абалымды көрдүңөр да. Анда жашоого кайдыгер карап, сыноолорго туруштук бере албай калган абалда элем. Чыдамымдын акыркы чегине жетип, турмушта катуу сындым. Мындай абалды мен душманыма да каалабайм. Бирок элимден айланса болот. Мени жакшы сөздөрү, колдоосу менен ал абалдан сууруп чыгып кетишти. Айрым чыгармачылык кесиптештерим жана коомчулукта мен тааныбаган жакшы адамдар жардамын аяшкан жок. Жардамын берген ар бирине ыраазымын.

– Бир топ өзгөргөнүңүздү байкап кубанып жатабыз. Негизи сизди мындай кыйынчылык абалга кептелишиңизге кимдер себепчи болушкан?

– Бул окуя 2010-жылы башталган. Эң жакын адамым өз маселесин айтып, жалдырап жатып үйүмдү кредитке койдурган эле. Тилекке каршы, төлөй албай үйүмдү микрокредиттик компанияга алдырып жиберди. Банк сени күтпөйт экен, аяп да койбойт экен. Бизди сыртка чыгарып туруп эле үйүбүздү алып койгон. Адам өзү кандай болсо башкаларды да өзүндөй ойлойт экен. Мен бирөөдөн ашык албайм, бирөөнүкүнө тийбейм, сөз берсем аткарам, кыйналганга чуркап барып жардам берем. Ушул сапатымдын зыяны тийди.

– Ошентип жөн жерден эле өз үйүңүздөн кол жууп калдыңызбы?

– Ооба, эң жаманы ушул экен. Ичпей-жебей, албай туруп өз үйүмдөн кубаланып чыгып калганыма ызаланам. Кредит алдырган айым убагында өзүн күнөөлүү сезип “үй алып берем, ордун тургузуп берем” деп жүрдү. Үзүлбөгөн үмүт менен аны ушунча жылдан бери күтүп жүрдүм, бирок акыркы учурларда түрдүү шылтоолорду айтып менден оолактап кача баштады.

– Ишенчээктигиңизди пайдаланып кеткен турбайбы?

– Ооба, ишенчээктик, боорукерлик сапаттын азабын тарттым. Ошону менен эле тим болсом жакшы го.  Экинчи жолу кайра алдандым. Ковид башталганда баарыбыз кыйналбадыкпы. Ошондо “Тайота камри” үлгүсүндөгү машинамды сатмак болдум. Аны бир кайрымдуулук фонддо иштеген таанышым угуп калыптыр.  “Азыр элдин баары сага окшоп кыйналып жатат. Машинаңды азыр сата албайсың. Андан көрө ломбардга коюп акча алып берип тур. Фондубузга акча которулганы  жатат, түшсө эле кайтарып беребиз”,-деди. Ошентип ломбардга коюп берип машинадан жок же акчадан жок калдым. Мындайча айтканда жанымда жүргөн жакшы деп эсептеген адамдар, санаалаштарым алдап кетишти. Эч нерсеси жок калдым. Күнүгө алардын артынан кубалап карыз дооламай бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. 

– Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

– Тирүүчүлүк Кудайымдын берген бир белеги экен. Башка салганды көрүп, кызым экөөбүз батирде жашап, чыгармачылыкка баш отум менен киришип, жаңы ырларды жаздыруу менен алекмин. Концерттерге, тойлорго чыгам. Сөзү, обону өзүмө таандык ырларым ырдалбай сакталып турчу.  Ошолорду кайрадан жандантып жатам. Материалдык жактан кыйналсам да жашоону позитивдүү жагына өзгөртүп, чыгармачылык менен алпурушуп жашап жаткан чагым. Чынын айтсам, элдин колдоосу мени айыктырды, дем берип кайрадан бутума тургузду. Алдыда  концерт бергенге даярданып жатам. Дале кыргыз элимдин колдоп берерине ишенем.

– Аккан арыктан суу агат деп коёт эмеспи. Ата-энеңиз  белгилүү кино актёрлор экенин билебиз.

– Атам Акылбек Мураталиев белгилүү киноактёру. Орусияда Шепкин атындагы  окуу жайда билим алып жүрүп Гучинова Валентина Ильинична деген калмак кызына ашык болуп экөө үйлөнүшөт. Апам Валя орус элинин Эмгек сиңирген артисти, атактуу чыгармачыл айым болгон. Ошол кезде ата-энем студент болуп 20 жаштарында мен төрөлүптүрмүн. Жети-Өгүзгө келгенде чоң энемдер мени алып калышып, окугула деп аларды кетиришкен экен. Ошентип айылда чоңоюп калгам. Эсимде, ата-энем  белек-бечкектерин көтөрүп алып, айылга келип турушчу. Кийин эки башка жолго түшүштү. Атам Гүлсара Ажибековага үйлөндү, апам да башка турмуш курду. Аталаш Айдайка, Нурайым, Таңайым деген сиңдилерим, энелештен Артур, Сергей инилерим болду. Кабарлашып, катташып турчу элем. Кийин апам Валентина менен бир иним кайтыш болуп кетти. Азыр таякем менен телефон аркылуу кабарлашып калам. Жолдун алыстыгынан катташпасаң орто алыстай берет экен.

– Сизди көпчүлүгү Ажыбекованын кызы деп билишет экен го...

– Ооба, мен өзүм деле ошентип айтам. Себеби мен айылдан шаарга келип алардын колунда чоңоюп кадым да. Мээримин төктү, кеп-кеңешин, жардамын аяган жок. Өзү абдан билимдүү айым болгон үчүн үйдүн ичинин баары китеп болчу. Бизди абдан көп китеп окутту. Атам экөө чыгармачылыктын түйшүгүн тартып калган үчүнбү, биздин искусство  адамы болушубузга каршы болушту. Сиңдилерим жакшы окушуп, Айдай мектепти кызыл менен аяктаган. Алар башка тармак менен кетишти, мен башка жолду тандай алган жокмун.

– Азыр да катышып турасызбы?

– Ооба, атам менен эмнегедир кошунадай эле сүйлөшөбүз. Ал эми Гүлсара апам атамдан жети жаш улуу болчу. Абдан билимдүү,  мен анын кеменгерлигин жогору баалайм, сүйлөшүп турам. Туулган күндөрүбүз удаа болгон үчүн кечээ күнү эле куттукташтык. Атам экөө эки башка жолго түшсө да сыйым жогору, мамилем баягыдай эле. Азыркы апамдын аты Элмира, аны менен да мамилем жакшы. Андан эки сиңдим бар.

– Өзүңүздүн жеке жашооңуз кандай болуп жатат?

– Жолдошум менен көп жыл бирге жашадык. Жакшы көрүштүк, башыбызга түшкөн өйдө-ылдый күндөрдү бирге өткөрдүк. Бирок турмуш биз ойлогондой боло бербейт экен. Эки башка жолго түшкөнүбүзгө төрт жылдын жүзү болду. Азыр баардык кыйынчылыктарды артка таштап, жаңы көз караш, жаңы жашоо менен алдыга умтулуп жаткан чагым. 16 жаштагы жалгыз кызым бар, анын келечегин түзүп, билим алуусуна шарт түзүп беришим керек. Негизи, жалгыздык дегендин азабын тартып, ошол сезимдин “жертвасы” болдум деп ойлоп калам. Мени чоңойткон адамдар өтүп кетти. Алардын караанын көчөдөгү кары адамдардан издей бермейим бар. Алдымдан чыккан карыяларга учурашмайын өтпөйм. Өзүм бир ата, бир энеден жалгыз кыз болгон үчүн бир туугандын жылуулугун башкадан издеп жүрүп алдамчыларга жолугуп калдым окшойт. Көзүмө жакшы көрүнүп, жакшы сүйлөгөндүн баарын бир тууган кылгым келе бергендин азабын тарттымбы деп ойлоп калам...