
Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин мүчөлөрү мыйзамдуу корголууда
Кыргызстанда акыркы жылдары турак жай кооперативинен жабыркаган адамдардын катары өскөн. Алардын арыздарынан улам айрым турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү токтотулса, кээ биринин жетекчилиги жоопко тартылган учурлар да катталган. Мындан улам мамлекет бул тармакты көзөмөлгө алуу үчүн мыйзам кабыл алган. Ал мыйзам кандай иштеп жатат жана жыйынтыгы кандай болгонун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.
“Турак жай кооперативдери түзүлгөндөн кийин мыйзам чегинде иштеши керек. Эгерде ал кооперативге карата жарандардан арыз түшсө, тийиштүү органдар барып текшере алышат. Укук бузуулар болсо бөгөт коюлат жана аны жоюу боюнча сунуштар берилет”, - деди орун басар.
Айтымында, буга чейин өлкөдө турак жайга байланышкан 152 коммерциялык эмес кооперативдер катталган, бирок 2024-жылы алардын үчөө иш аракетин токтоткон жана дагы жаңы эки кооператив каттоодон өткөн.
“2018-2019-2020-жылдары турак жай кооперативдери каттоодон көп өтчү. А азыр андай болбой, сээлдеп калды. Анткени мындай кооперативдерден жабыркагандар көбөйдү, алардын арыз-арманы ММКларга жарыяланды, бул боюнча дебаттар, жолугушуулар өткөрүлдү, мыйзамсыз аракеттерге барган кооперативдерди укук коргоо органдары менен биргеликте аныктадык, алардын жетекчилери соттолду”, - деген Сыдыков мына, ушул жагдайлар бул жаатта иш жүргүзөм дегендердин жоопкерчилигин күчөтүп, ойлонууга түртүп жатканын билдирди.
Сыдыков белгилегендей, турак жай кооперативдери тууралуу мыйзам 2004-жылы кабыл алынганда, анда санариптик система боюнча жоболор такыр камтылган эмес. Акыркы жылдары башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттардын которгон акчалары башаламан болуп, кооперативдин эсебине эмес, жеке жактардын капчыгына түшкөн көрүнүштөр жаралган. Мындан улам, өткөн жылы кабыл алынган мыйзам кооперативдин ар бир мүчөсү которгон каражат ошол кооперативдин эсебине түшүшү керек жана кандай маселе болбосун бардык мүчөлөр дистанттык сайт аркылуу чогуу чечим кабыл алышы керек деген талапты койгон. Сыдыковдун айтымында, буга чейин кооперативдер беш-алты мүчөсүнүн катышуусунда же жетекчилиги өз алдынча чечим кабыл ала беришкен.
Учурда жаңы мыйзамга ылайык, турак жайга байланышкан кооперативдер эгер жарандардан арыз түшсө, 30 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүгө алынат. Анда документтер текшерилет, Юстиция министрлигинен каттоодон өткөндөгү документтер анализделет, жетекчилик боюнча ИИМден сурамжылоо жүргүзүлөт. Ошондой эле жеринде текшерүү жобосу киргизилген, ал арызда кооперативге зыян келтирүүчү, акча каражаты күмөн абалга кабылганы тууралуу айтылса, аны жоюу максатында текшерүүчүлөр жерине барып уюштуруу документтерин текшерет.