Өспүрүмдөрдүн коркунучтуу кызыгуусу жана оюну. Көз карандуулукту кантип аныктап жана кандай чара көрүү керек 
17 апрель

Өспүрүмдөрдүн коркунучтуу кызыгуусу жана оюну. Көз карандуулукту кантип аныктап жана кандай чара көрүү керек 

Дүйнөдө ар кандай агымдар (косплей, квадроберы) жана коркунучтуу оюндар популярдуу боло баштады. Андай нерселер Кыргызстанда да барбы, балдардагы көз карандуулукту кантип аныктап жана кандай чара көрүү керек? Бул суроолорго педагог-психолог, гештальт-терапевт Полина Фурсова жооп берди. 

– Учурда Россияда жана дүйнөдө косплей, квадроберы сыяктуу агымдар жана «Синий кит» сыяктуу коркунучтуу оюндар популярдуу боло баштады. Булар бизде да популярдуулукка ээби? 

Кыргызстандагы балдардын арасында кваброберлердин активдүүлүгүн жана «Синий кит» оюнуна берилгендерди азыр байкаган жокмун.  Өткөн жылы бул тема чындыгында көп айтылган, менимче, балдар аны кыска мөөнөттүү тренд катары гана кабыл алышкан, анткени, актуалдуулугун тез жоготту. 

– Кыргызстанда балдар арасындагы оюнга болгон көз карандуулук кездешеби? 

– Ооба, болгондо да көп. Интернет жана соцтармактар жеткиликтүү болгондуктан балдар жана өспүрүмдөр барган сайын виртуалдык мейкиндикке көбүрөөк чөгүшүүдө. Мурда короодо ойногон балдар азыр подьезддерде телефонуна үңүлүп, онлайн-оюндарды сааттап ойношоорун көп байкап жатам. Өспүрүмдөр тууралуу айтсак, акыркы учурда алар спорттук мелдештерге ставка коюуга кызыгып калышты. Жашы жете электерге кумар оюндарына катышууга тыюу салынганы менен онлайн-букмекерге жол ачык бойдон калды, а өспүрүмдөр жаш курак боюнча чектөөлөрдөн оңой эле кыйгап өтө алышат. Бул абдан чоң көйгөй, анткени, мындай көз карандуулуктун кесепети өтө олуттуу болот. 

– Сизге жана сиздин кесиптештериңизге интернет-көз карандуулук сыяктуу көйгөй менен кайрылгандар болобу? 

– Негизинен ата-эне көз карандуулуктун кесепеттери билингенден соң, бала түнт тартып, окууга болгон кызыгуусу жоголду же теңтуштарына агрессивдүү мамиле жасап жатат деген көйгөйлөр менен кайрылышат. 
Процесс учурунда ал бала көп убактысын гаджеттерге, мыкаачы жана агрессивдүү контентти көрүүгө коротору аныкталат. Айрым учурда өспүрүм өзү деле вируталдык дүйнөдөн башка бардык нерсеге кызыгуусун жоготуп койгонун байкайт. Мындан улам өспүрүм ата-энесине психологго кайрылалы деп өзү сунуштаган учурлар кездешет. 

– Көз карандуулук пайда болуп калгандан кийин эмне кылуу керек? Аны менен кантип күрөшүүгө болот? 

– Биринчи кезекте баланы күнөөлөбөш керек. Бул жалкоолук да эмес, чыргоолук да эмес, көбүнчө анын артында кандайдыр бир муктаждык турат, балким, жалгыздык, тынчсыздануу, мектептеги же үй-бүлөдөгү көйгөй ага жашырылган. 

Балага альтернативаны сунушташ керек: спорт, чыгармачылык, реалдуу баарлашуу. Анын экрандын сыртындагы жашоого болгон кызыгуусун ойготуу маанилүү. 

– Ата-эне баланын кызыгуусу коркунучтуу болуп калышы мүмкүндүгүн кантип билсе болот? Эмнеге көңүл буруу зарыл? 
– Эгерде баланын маанайы заматта өзгөрүп, түнт тартып, сүйлөшүүдөн качып калса, буга чейин алектенип келген иштерден баш тартса, мектептеги жетишүүсү ылдыйласа, ачуулуу болуп, айрыкча гаджетке жеткиликтүүлүгү чектелген учурда кыжырданса, уйкусу бузулса, телефонун колунан айрыкча түндө түшүрбөсө – бул ойлондура турган белгилер. 

– Баланы мындай кызыгуулардан кантип коргосо болот? 

– Эң башкысы жылуу жана ишенимдүү мамиле. Балаңыздар менен сүйлөшүңүздөр, алардын жашоосуна кызыгыңыздар. Эгер бала же өспүрүм кандайдыр бир оюнга берилип кеткен болсо, кызыгып, эмнеге ага бул оюн жагып калганын аныктаңыз: кандай оюнчунун ролунда, оюндун өзгөчөлүгү эмнеде ж.б. 

Гаджетти колдонуу боюнча туура эреже түзүп коюңуз, ал катаал тыюу салуу болбошу керек, үй-бүлөлүк макулдашуулардын бири катары киргизиңиз. Дагы бир маанилүү учур бар: бала ата-энесинен көргөн нерсени жасайт, эгер сиз өзүңүз гаджетте көп отурсаңыз, баладан башка нерсени күтпөй эле коюңуз. 

Анан сөзсүз түрдө жашоо – бул жалгыз гана интернет эмес экендигин көрсөтүңүз.