
КР ТИМ: 80 жылдык тарыхы жана Кыргызстандын тышкы саясаттагы орду
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 80 жыл толду. Учурда 80ден ашуун мамлекеттер менен кызматташкан жана 30 мамлекетте өзүнүн элчиликтерин жана консулдуктарын ачкан КР ТИМдин тарыхын, аткарып жаткан иштерин Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты Аликбек Жекшенкулов айтып берди.
– КР ТИМ 1944-жылдын 17-мартында түзүлгөн. Эмнеге ага чейин түзүлгөн эмес деген суроого жооп берүү үчүн тарыхка кайрылууга туура келет. Улуу Ата Мекендик согуш башталып, фашисттик Германия Европаны басып алып, СССРге чабуул баштап, Африка баштаган бир топ мамлекеттерге кол салып, өтө ашынып баратканда, 1942-жылы төрт мамлекеттин: СССР, Улуу Британия, АКШ жана Кытайдын бийлик өкүлдөрү Лондонго чогулушкан. Ага АКШнын президенти жана Улуу Британиянын премьер-министри, калган эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышып, баары биригип фашисттик Германияга чогуу каршылык көрсөтүүнү макулдашышкан. Аны менен бирге дүйнөлүк тартип, эл аралык мамиле кандай болоорун сүйлөшүшкөн. Андан соң согуш аяктап баштаганда, 1944-жылы Сталин жеңишке ишенип, БУУнун курамына СССРдеги 15 өлкөнү тең киргизүүнү ниеттене баштайт. Ага ылайык, ар бир республикада Тышкы иштер министрлиги уюштурулсун деген чечим чыгарып, 1944-жылдын 17-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекемделген. Бирок тилекке каршы, декларация жана уставга кол коюлар алдында, АКШ менен Улуу Британия 15 республикаын баары тең кирүүсүнө каршы чыгып, Украина, Россия, Белорусия гана кирсин дешкен. БУУнун Коопсуздук кеңеши консенсус менен гана чечим кабыл алат. Эгерде кайсы бир сунушка бир эле делегация каршы чыкса, ал өтпөй калат.
Кыргызстандын биринчи тышкы иштер министри Казы Дыйканбаев болгонун билебиз. Мен ал киши менен баарлашып калдым, “биз абдан чоң үмүт кылдык эле”, - деп айтып калчу. Эгерде биз ошондо БУУга кирип калганда, кыргыз элинин аты чыгып, даңазаланып, элибиздин жетишкендиктери, маданияты, тарыхы эл аралык коомчулукка дайын болмок. Ошону менен ТИМ уюшулган бойдон калып кеткен. Бирок функциясы бүгүнкүдөй эмес, абдан кыскартылган болчу. 1991-жылга чейин шоопурун кошкондо 5-6 киши гана иштечү.
Эгемендүү мамлекетке айланганыбыздан соң ТИМ башка мамлекеттердики сыяктуу эле эң маанилүү, орчундуу мекемеге айланды. Баштапкы ишине мен да аралашып калдым, кадр, материалдык база жетишпеген кыйын учурдан өттүк. Россия, Түркия, Кытай, Европа өлкөлөрү кадр даярдоо, техникалык жактан абдан көп жардам берди. Бара-бара жакшырып отуруп, он жылдын ичинде бутуна туруп кетти.
Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, дипломатия консервативдүү тармак, ал өзгөрүүлөргө учурабайт, мурда кандай болсо учурда дагы ошол функцияларды артынат.
– Протокол жылдар бою өзгөртүлбөйт. Ошол эле кагаз жазуу, анализ чыгаруу, жетекчилерге сунуш берүү. Конституция боюнча тышкы саясатты президент аныктайт. Ал эми президентке өлкө кайсы мамлекеттер менен кайсы тармакта иштешсе болоору тууралуу сунушту ТИМ берет. Андан кийинки чечимди аткаруу да ТИМдин милдетинде. Ошондуктан, бул мекемеде техникалык жабдыктардын өзгөрүүсү болду, бирок функционалдык милдети көп өзгөргөн жок. Өзгөчө эл аралык коомчулукта, чет өлкөдө иштегендер Вена конвенциясы менен аныкталат, а бул нечен жылдан бери өзгөрбөй келатат. Анда так жазылган: дипломат кандай шартта иштеши керек, кабыл алган жана жиберген мамлекет тарабынан кандай шарт түзүлүшү керек ж.б.
Бирок Атайын жана ыйгарым укуктуу элчинин белгилешинче, өзгөрүү эл аралык мамиледе орун алды.
– 1991-жылы бир уюлдуу дүйнө орун алды, АКШ менен НАТО өлкөлөрү каалагандай саясатын жүргүздү, көп мамлекеттерге басымдуулук кылды: БУУнун Коопсуздук кеңешинин макулдугусуз эле Иракты, Ливияны, Югославияны бомбалады, миңдеген кишилер каза тапты. Аны менен чоң ката кетиришти. Азыр дүйнө жүзү өзгөрүлгөн, маалымат тез таркайт, башка мамлекеттер ойлоно баштады: бул акыйкаттуулукпу? БУУнун уставы боюнча ар бир мамлекет саясатын, экономикасын, келечегин өзү аныктоого укуктуу жана милдеттүү жана ага жараша иш алып барат. А алар башка мамлекеттерге жеке саясатын таңуулаганга өтүштү. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, дүйнөнүн бир катар бөлүгүндө согуш оту тутанды.
Азыркы дүйнө шартынын өзгөрүүсү Борбор Азиядагы чакан өлкөлөрдүн ордун да өзгөрттү. Мурда бизге анчейин көңүл бурулбай, коопсуздук маселесинде гана каралып, калган учурда кайдыгер мамиле жасалса, азыр биз ири мамлекеттердин кызыгуусунун чордонундабыз. Ар бир ири, күчтүү мамлекеттер Борбор Азияны өзүнө тартууга кызыкдар болуп жатат.