Гүлнара Сыдыкбекова, кылк кыякчы, «Даңк» медалынын ээси: «Ооруга ээ-жаа бербей жашап келатам»
Гүлнара айым чыныгы кайраттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн өзгөчө айым. Анткени ал өзүнүн 4-стадиядагы рак деген диагнозуна карабай ар бир күнүн баалап позитивдүү маанайда жашайт. Бул маекте анын күрөшү, жеңиштери, ушул сыноо менен кантип жашап жатканы тууралуу сөз болду.
- Гүлнара айым, 60 жаш курагыңыз кут болсун! Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Рахмат, өткөн жылы 60ка чыктым. Артымды карап көрсөм, ден соолугума байланыштуу чыгармачылыкта көп иштер жасалбай калыптыр. Эми 60ка чыкканда экинчи демим ачылдыбы, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, тынымсыз иштеп атам. Алардын бирин эле айтсам, өзүм тууралуу бир сааттык бейне тарттырдым. Сагын Ниязалиева курсташыма “мен жөнүндө ушундай бейне тартса болобу?” десем “эмнеге болбосун? Болот!” деп келип эле 2-3 күндүн ичинде абдан сонун берүү даярдап берди. Ал жакта менин чыгармачылыгым, үй-бүлөм, ден соолугум жөнүндө баары камтылды. Ал берүүнү көрүп алып сүйүнүп, толкунданып өзүм ыйладым. Сагындын бул эмгеги мага оорумду азга болсо да унуттуруп, күчүмө күч, демиме дем кошту. Өткөн жылдагы экинчи кубанычтуу жаңылыгым - туулган жерим Ат-Башынын борборундагы музыкалык мектептин кыяк классына менин атымдын берилиши болду. Мен ал мектептин эң алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөнмүн. Бир күнү музыкалык мектептин директору чалып “кыяк классына сенин атыңды бергени жатабыз” деп калды. Бул сунушту мен абдан кубаныч менен кабыл алдым. Ошентип өткөн жылдын сентябрь айында үй-бүлөм менен айылыма барып, кыяк классын ачып келдик. Бул жаңылык тууралуу да УРТКнын Нарындагы журналисти Каныкей Жунусова абдан сонун берүү даярдап берди. 60 жаштын алкагында жасалган иштеримдин дагы бири - Босого жайлоосунда өткөн эл аралык этно фестивалга катышканым болду. Бул фестивалда Жумамүдүн Шералиевдин “Түшүмдө” чыгармасын кыл кыякта ойноп лауреат болдум. Бул да мен үчүн абдан бактылуу учурлардын бири болду. Буюрса, алдыда дагы жасай турган иштер көп.
- Ден соолугуңуз жакшыбы? Бул жаатта кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Ден соолугум Кудайга шүгүр. 2020-жылы рактын 4-стадиясы коюлган, ошол бойдон жүрөм. Врачтын тыкыр көзөмөлүндөмүн. Эки ай сайын барып текшерилип турам, күнүнө саатынан калтырбай гормоналдык дары ичем. Көкүрөгүн алдыргандардын лимфасына доо кетип, көпчүлүгү колдору шишип ошондон жабыркашат. Мени да ошол колум эле кыйнабаса, калганы Кудайга шүгүр. Бизде лимфолог жок. Мен Казань шаарына барып дарыланып, мындай колдорго кантип кам көрүүнү үйрөнүп келгем. “Эргене” фондунун жетекчиси катары азыр бир айда эки жолу швейцариялык лимфологдор менен бирге ушундай колу-буту шишиген айымдарга онлайн көнүгүүлөрдү үйрөтөм.
- Кол шишиген эмнеден болот?
- Көкүрөк алынганда лимфа түйүндөр кошо алынат да, ошондо суулар колго тарап кетет. Жатынын алдыргандардыкы буттары шишийт. Бул оору дарыланбайт. Болгону атайын кол кап кийип, көнүгүү жасап ушул калыбында кармап гана турушубуз керек. Кол кабы да азап менен жасалат. Колубуздун, манжаларыбыздын ар бир манжасы миллиметрине чейин ченелип, Германияга жөнөтүлөт. Анан ал жактан ар кимдин өзүнүн аты менен келет, бир аз чоң болуп калса да, же кичине болуп калса да болбойт. Бир эле кол кабынын баасы 70 миң сом. Жогорудай айткандай бизде лимфолог врач жок болгондуктан көпчүлүк оорулуулар бул кол капты кантип пайдаланыш керектигин, дегеле шишиген колго кантип кам көрүш керектигин билишпейт. Ошондуктан бир айым экөөбүз үч жылдан бери конференция уюштуруп Орусиядан лимфологдорду чакырабыз. Быйыл да келишти.
- Колуңуз оорубайбы? Кантип кыяк ойнойсуз?
- Оорубайт, бирок абдан ыңгайсыздык жаратат. Бизге бул кол менен жумуш жасаганга болбойт. Мисалы, мен картошка, сабиз аарчып-туурай албайм. Сезимталдыгы кээде жоголуп калат. Бир жолу ашканадан бир табак аш көтөрүп келатып колумдан түшүрүп төгүп алгам. Ошондон кийин эч нерсе кылбас болгом. Бирок кыяк ойнойм. Үйдөгүлөргө да ошондой шарт койгом: эч нерсе кылбайм, бирок кыяк ойнойм деп. Антпесем мен ооруп калам. Карамолдо Орозов атындагы оркестрде бүгүнкү күндө да иштейм да. Эл катары кадимкидей жумушка барып, үйгө кечинде келем.
- Чындыгында сиз башкаларга үлгү болчудай күчтүү айымсыз. Негизи бул ооруңуздун башы качан башталган?
- Мен 2011-жылдан бери эле онкологияда каттоодо турам. Анда 2-стадия эле. Ошондо эле “эки эмчегиңди алабыз” дегенде коркуп качып кеткем. Индияга барып дарыланып, Тибет чөптөрүн төрт жыл ичип жүрдүм. Кийин Алматыдан дарыландым, ал жактын процедуралары абдан катаал эле. Ошого карабай жаным үчүн күрөштүм. Анан 2020-жылы эмчегим жарылып, бирин толук алдырууга, экинчисинен шишик алдырууга туура келди. Жалпы 18 жолу химия алдым.
- Башында эле врачтын айтканын кылбаганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Кээде өкүнөм, кээде өкүнбөйм. Өкүнгөнүм - ошондо алдырып койгонумда азыр колум минтип шишимек эмес. Бирок анда мен чыгармачылыкка келмек эмесмин. Оркестрде ага чейин эле иштечүмүн дечи, бирок өз алдымча чыгам деген оюм жок эле. Операцияга жазылып койгон жеримден врачтардан качып барып бир корей абышкага туш болуп калдым. Ал “ичиңде бук бар экен, ошону чыгарышың керек. Ал үчүн кайыңды кучактап ыйла, тоого чыгып кыйкыр же ырда” деди. Менин кыякчы катары атымдын таанылышына, ырдап чыгышыма абышканын ушул сөзү түрткү болду. Айткандай эле чыгармачылык мага даба болду. Менин көз алдымда канчалаган адамдар өтүп кетишти, мени болсо чыгармачылык сактап жүрөт. Азыр деле ооруп төшөктө жатып калган жеримден араң туруп бир жакшылыкка барып кыяк ойноп же ырдап келсем, куландан соо болуп калам. Социалдык тармактарга “ооругандай түрүңөр жок го” деп жазып калышат. “Оомийин, айтканыңар келсин” деп коём. Жаны бир болбогон соң ар ким ар кайсыны айта берет экен да. Бул жерде адамдын психологиялык абалынын мааниси абдан чоң. Мен мүмкүн болушунча позитивдүү ой жүгүрткөнгө, жаман ойлоп маанайымды түшүрбөгөнгө аракет кылам.
- Ошондой болсо да мындай ооруну көтөрүп жүрүү оңой болбосо керек?
- Албетте. Мен деле кээде жатып алып ыйлайм. Ооруга жаңыдан чалдыкканда бир стресс болсом, кийин чачым түшүп калганда андан да чоң стресске кабылдым. Биринчи химиядан кийин клип тарттырууга жетишип калайын деп баары менен сүйлөшүп, даярданып, сулуулук салондоруна жазылып койгон элем. Эртең клип тартабыз деген күнү чачымды эки колум менен тарасам эле эки алаканым толо чач түшсө болобу! Аны көрүп алып ыйлаганымды айтпа! Оорумдан да чачы жок калганыма, клибимдин тартылбай калганына ыйлаптырмын. Ошол клибим ошол бойдон тартылбай калды. Азыр мен ооруга ээ-жаа бербей жашап келатам. Карап турсаң жашоом бүтүндөй бир убарагерчиликтен турат. Эртең менен жумушка баратып жасалма эмчегимди кием, паригимди кием, кол кабымды кийген да өзүнчө эле бир жумуш. Айла жок күлкүң келет...
- Сизден кеңеш сурагандар көп болсо керек, аларга кандай кеңеш бересиз?
- Ооба, мага бир күндө жок эле дегенде бир адам сөзсүз кеңеш сурап чалат. Алардын арманын угам, билген акылымды айтам. “Андайлар менен сүйлөшпө, негативдүү энергиясы өтөт” дегендер бар. Бирок тескерисинче мен аларга өзүмдүн позитивдүү энергиямды таратам. Мен врач болбогон соң операция жасат же жасатпа деген сыяктуу кеңештерди бере албайм. Бирок позитивдүүлүккө үндөйм, башымдан көптү өткөргөн бейтап катары билген кеңештеримди берем. Айласын таппай турганда жол көрсөтүп бере алам. Бул жагынан жакшы мотиватор болуп калдым. Айткандай эле 2-3 күндөн кийин кайра чалып: “Эже, сиздин айтканыңызды кылдым, туура айткан экенсиз”,-десе менин маанайым эки эсе көтөрүлөт. Бир адамга болсо да жардамым тийип жатканы күчүмө күч кошот. Тилекке каршы учурда рак оорусу улам жашарып, улам көбөйүп баратат. Тагдырдын мындай сыноосуна туш болуп калгандарга айтар элем: убакыттан уттурбай дароо эле медицинанын айтканын кылгыла. Көпчүлүк химия десе эле коркушат, рак клеткаларын жок кылуунун мындан башка жолу жок! Бизде деле абдан мыкты онколог врачтар бар. Мен өзүмдүн врачым Индира Орозбаевнага, Фатима Турусбековнага жана жалпы эле КАФмед борбордун жалпы дарыгерлерине чексиз ыраазымын. Бир сом албай биздин жашообуз үчүн күрөшүп жүрүшөт.
- Сиздин маегиңиз көпчүлүккө дем-күч берет деген ишеничтебиз! Ушул позитивдүү маанайыңыздан жазбай көп жашаңыз!
