Эльгиза Маматаир кызы: Декрет учурунда бош отурбайын деген аракетим финансылык туруктуулукка алып келди
13 октябрь

Эльгиза Маматаир кызы: Декрет учурунда бош отурбайын деген аракетим финансылык туруктуулукка алып келди

Фудблогер Эльгиза Маматаир кызы алты жылдан бери Инстаграмдагы баракчасын активдүү иштетип келет. Ал жактан тамак-аштын, татуу азыктардын, суусундуктардын жүздөгөн рецептин табууга мүмкүн. Өзүнүн хоббисин киреше табууга айлантып, декреттик өргүүдө отурган маалында эле финансылык абалын бекемдеп алганын айткан фудблогер ашпозчулук өнөрү, аны өркүндөтүүдө жакындарынын колдоосу жана кайнене-келин мамилеси тууралуу айтып берди.

Соцтармактагы баракча аркылуу киреше табуу идеясы кайдан келген?

– Ашпозчулукка 2018-жылы келгем. Мен деле бардык эле кыздардай турмушка чыктым, келиндик милдетти аткардым, анан балалуу болуп үйдө отуруп калдым. Ошол маалда жөн отурбай эмне менен алектенсем экен деген ой жаралды. Башкалардын блогдорун карап отурсам, менин колумдан келчү нерсе тамак-аш жасоо гана экен. Түрлөп даамдарды жасоо менин хоббим болчу. А менин так ошол хоббимди башкалар бизнеске айлантып жатканын көрдүм. Мен да аракет кылып көрөйүн деп, Инстаграмдан баракча ачып, бир туугандарым менен кеңешип, “Даамдуу kitchen” аталышын ыйгардык. Биринчи тамак жасап жаткандагы сүрөттөрдү салчумун, анан рецепт сурап башташты, акырындык менен видеолорду жүктөй баштадым. Айтор, Инстаграм аркылуу кызыкчылыгымды ишке ашырдым. Негизи, мен күнүмдүк жасаган тамак-ашты тартып, видео жүктөп жүрдүм. Ал убакта бизде фудблогерлер дээрлик жок болчу. Боштукту биринчилерден болуп толуктаганым үчүнбү, катталуучуларды тез эле чогулттум. Мен жасаган тамак-ашка кызыккандар тойлоруна ашпозчулук кылып берүүнү суранып чакырып башташты. Ошентип, экинчи багытым – жерине барчу ашпозчулук бизнесим түптөлдү.

– 500 миңге жакын катталуучуңуз бар экен, алар үчүн күн сайын контент жаратуу керектелеби? Бул дагы өзүнчө бир чоң жумуш окшойт.

– Албетте, баракчаны да жаш баланы карагандай кароого туура келет. Ал да көңүл бурууну, мээримди, жылуулукту талап кылат. Карабай койсоң, көрүү, жакты белгиси азаят, билдирүүлөр келбей калат. Ошондуктан, кадимки жумушум сыяктуу эле канча жылдан бери бир убакта тиричилигимди да жасап, ошол эле маалда контент да жаратып, чогуу алып келүүдөмүн. Жашоомдун бир бөлүгү болуп калды десем да болот.

– Контенттериңизди карап отурсаң, күнүңүздүн көп бөлүгү ашканада өткөндөй таасир калтырат. Кээ бир ашпозчулар тамак-аш жасоо менен эс алаарын айтышат, сизде да ушундай эмеспи?

– Бардык эле айымдар үчүн үйүндөгү эс алдыра турган жай – чоң терезелүү, ыңгайлуу керебеттүү, тынч уктоочу бөлмөсү болот болуш керек. Бизде сезон маалында иш көп болгондуктан, уктоочу бөлмө гана эс алдырат. Тойлордо кызмат кылганда түнү кеч кайтабыз, андайда кеңири уктап алууну гана эңсейм.

– Келин, жубай, эне болуу, анан блог алып баруу чоң эмгекти талап кылса керек. Баарына кантип жетишесиз?

– Чынында, кыйын эле. Убакытты туура бөлүштүрүүгө туура келет. Бир жагынан балаң ыйлайт, экинчи жагынан тамак жасашың керек, ошол эле маалда камераң да жаныңда. Бирок аракет кылсаң баарына жетишесиң. Мен блогду кайнене-кайнатамдар менен чогуу жашап жүрүп баштагам да, анда даяр контент болчу – кайненем менен кайнатама тамак жасап жатып, аны тартып чыгарып койчумун.

– Кайсы бир тамактын рецептин видеого тартып чыгарууда, биринчи ошол рецептти өз алдыңызча байкаштырып, кандай болоорун билип алып анан тартасызбы?

– Жок, баары бир жолкуда эле шыр кетет. Мисалы, бир тамакты жасоону ойлондум, ага керектүү азыктардын айрымдары жок болуп калды. Мен ошол азыкты издеп дүкөнгө барып отурбайм, анын ордуна фантазияма жараша башка азыкты кошуп, рецептти өзгөртүп салам. Негизи, баары жөндөмгө байланыштуу, бир рецепттен башка, жаңы рецепт чыгарууга болот.

– Кээ бир келиндер өзүнүн гана ашканасында тамакты жакшы жасаарын айтышат, башкача айтканда, алар ашкананы ылгашат. А ашпозчуларда бул кандай болот?

– Кайсы жерде тамак жасап жатсаң, ошол жерди өзүңдүн ашканаңдай сезүү эле жетиштүү болот го дейм. Мисалы, мен жаңы келин болуп бараарым менен ашкананы өзүмө ылайыкташтырып, буюмдарды каалоомдой жайгаштырып алгам. А азыр чакырган жерге баруучу ашпозчулук да кызматты аркалайм да. Ар кимдин үйүнө барабыз, бир жерде очокко тамак жасоо керек болот, бир жерде газ же электр печка болот дегендей. Жөндөм болсо, анын баарын ылгабай эле, сонун тамактарды жасоого мүмкүн.

– Акыркы учурда элдин көбү туура тамактанууга өтө башташты. Сизде да ушул багыттагы рецепттер барбы?

– Өзү 35 жаштан ашкандан кийин кызыкчылыгыңда өзгөрүү болот экен. Мен мисалы, мурда гүл өстүрүүгө такыр кызыкчу эмесмин, эми кызыгып калдым. Ошондой эле, туура тамактанууга да өтүп баратам. Ар бир нерсенин өз учуру болот турбайбы. Анан албетте, туура тамактануу боюнча да рецепттерди бөлүшүп калдым.

– Көп жыл кайнене-кайнатаңыз менен чогуу жашаганыңызды айттыңыз. Келин менен кайнене темасына келсек, бул тууралуу эмне дейсиз?

– Менин оюм мындай: келин жакшы болсо, кайнене деле жакшы болот. Өзүбүз туура эмес сүйлөп же туура эмес мамиле кылып алабызбы деп ойлоном да. Анткени, мен келин болуп баргандан баштап бирөө менен ишим деле жок, өз ишимди так кылам, кайненем жумуштан келгиче үйдү тазалап, тамак жасап, айтор, бардык ишти айттырбай аткарып койчумун. Ага жараша, кайненемден бир да нааразычылык укпадым. 8 жыл чогуу жашадык, анан бөлүндүк. Кайненем айтып калат: “Күлүп келип, күлүп кеттиң”, – деп. Биринчи торт жасап баштаганымда, кайненем азык-түлүк алып келип берчү. Анан кайра жасаган тортумду сатып берип, акчасын колума карматчу. Кийинчерээк, тапшырык менен жасап баштаганымда, тортту айтылган дарекке жеткирип да берчү. Азыр деле, өзүбүзчө жашасак дагы, балдарыбызды карашып, “Силер жашсыңар, иштеп алгыла”, - деп турат. Көз тийбесин, мамилебиз сонун.

– Убагында кандай жерге барам, кандай кайненеге туш болом деген коркунуч болду беле?

– Жок, бардык нерсе өзүбүздүн кабыл алуубузга жараша. Мен барган жеримди дароо кабыл алдым. Же студент кезимде туугандардыкында жашаган үчүн, чоочун жерге бат көнүп кетүүнү үйрөнүп калганмынбы. Тойдун эртеси күнү сыртка чыксам, төшөктөр эки бөлмөдө бөлүнүп жыйылып туруптур, дароо эле бир үйгө бириктирип, өзүм билгендей жыйнап, тез эле аралашып кеткем.

– Сиз учурда тамак-аш жасоо жана ал аркылуу киреше чыгуу боюнча курстарды да өткөрөсүз. Курста окугандардын кирешеге чыгуусу бат болобу?

– Ал ошол курсту сатып алган айымдын аракетине карайт. Аракетчил болсо, жандүйнөсү менен ошол ишти өнүктүрүп кетүүнү кааласа, сөзсүз ийгиликке жетет. Мага ыраазычылыгын айткандар, “сизден үйрөнүп, дүкөндөргө мындай капкейктерди жасап өткөрүп, чыгашасын эки эсе актап алдым” дегендер көп.

Учурда чакырган жерлерге, тойлорго барып тамак-аш жасап берүү боюнча колубузда 12 айым иштейт. Бирок той көбөйгөндө өзүбүз жетишпей калабыз, андайда мурда биздин курстан окуп кеткен кыздарды тартабыз.