Гүлжан Исабекова: «Төрөлгөнү жакшылык көрө элекмин»
5 февраль

Гүлжан Исабекова: «Төрөлгөнү жакшылык көрө элекмин»

«Адамзаттын башына ар түрдүү сыноо келет тура» деп үшкүрүнгөн замандашыбыз бизге кайрылды.  Жараткандын сыноосуна кабылган Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну Гүлжан Исабекова редакциябыздын төрүндө болуп, өзүнүн башынан өткөн окуялары, тагдыры жөнүндө кеп кылып берди. Жан кейиткен тагдырын окуп  жардам берем дегендерге 0707962768 (Гулжан И) Мбанк номери иштеп жатат.

«Таалайсыз жашоом төрөлгөндө эле башталган окшойт»

Өзүм 1968-жылы төрөлгөм. Эне мээрими кандай экенин билбей чоңойдум. Ал турсун мени төрөгөн апамды көрбөдүм. Көрсөм деле эсимде калбаса керек. Себеби мен  бир жашка чыкканымда апам экөөбүз машинада келатып катуу кырсыктаган экенбиз.  Ошондо мени терезеден ыргытып жиберип өзү  кырсык болгон жерде каза болуп калыптыр. Эне деген ошо экен да, ажал менен алпурушуп баратып мени аман калсын деп ойлоптур. Жарым жан болсом да аман калган экемин. Бирок энеге болгон кусалык, өксүк менен чоңойдум. Таалайсыз жашоом төрөлгөндө эле башталган окшойт. Ошентип атамдын бир туугандары каралашып, эжелеримдин колунда чоңоюп жүргөн кезимде атам жаңы турмуш куруп,төрт жашымдан баштап өгөй эненин колуна өттүм. Өз балдары турса өгөй кызын кайдан карасын, далай кордук көрдүм. Заарына чыдап, токмогун жедим. Көзү менен тең айланып турсам да жакчу эмес элем. Курсагым тойсо тоюп, тойбосо жок эптеп чоңойгонумду эстесем азыр да буулугуп ыйлап алам. Өз энем болгондо мынчалык азапты көрбөйт элем го... 

«Турмушка чыкканда жолдошум көп сабады»

Кийин окууну бүтүп ушул эле көлгө турмушка чыктым. «Багы жокко дагы жок» дегендей жолдошум да катаал чыгып, көп сабады. Качып барайын десем баш калкалаар жерим жок айла жок чыдадым. Укканга оңой болгону менен бул оор турмушту башка түшсө көтөрөт экенсиң. Күйөөм экөөбүздүн ортобузда бир уул, үч кызыбыз бар.  Уулум төрөлүп, кырк күн болгондо киндигинен кекиртегине чейин шишип кетип ооруп калды. Далай оорукананын оозун кайтардык. Ал оорусу жакшы болуп калганы менен кийин бара-бара психикалык жактан жабыркап, оорулуу болуп калды. Айлам кетип  Чымкоргонго дарыланууга жеткирген элек. Кудай мага бир эркек уул берип, аны да акылын, ден соолугун ченеп берди. 2002-жылы ашказанынан жаман дартка чалдыгып жолдошум да каза болуп калды.

«Эми бактылуу жашайм дегенде кара басты»

Кийин үч кызым тең турмушка чыгышты. «Чыккан кыз чийден тышкары» дегендей күйөө балдардан жазганып аларга деле батынып бара албай өз жашоом уланып жатты. Кудайым мага бербеген бакытты ошо кыздарыма берсе экен деп тилеп жүрсөм ортончу кызым турмуштан жолу болбой ажырашып келди. Эмне дей алам, тагдыр ушу экен. Бир күнү кызым: «Апа, өзүң экинчи топтогу майыпсың. Мындан ары мен иштеп, мен багам. Акча чогултуп, кичинекей үйүбүздү чоңойтолу, эски үйүбүздү жаңырталы», – деди да мигрант болуп кетти. Ичпей-жебей салып жатам деп ар ай сайын акчасын салып турду. Россиялап, Турцияга чейин барып иштеди байкуш кызым. Банкка эмес үйгө чогултуп жүрдүм. Жашым өтүп эми бактылуу жашайм дегенде кашайган жанымды кашайтып, кара басып кетпедиби.

«Үйүм өрттөнүп көккө сапырылып калган экен»

Көлгө турмушка чыккан кызыма көптөн бери бара элек болчумун. Каргашалуу ошол  күнү барып келейин деп кеткем элем. Кошуналар «үйүң өрттөнүп жатат» деп чалышканынан келсем көккө сапырылып күл болуп калган экен. Эч нерсеси калбаптыр. Документтерибиз, анысы аз келгенсип кызымдын «үй алабыз» деп бир нече жыл иштеп, чогулттурган акчасынан бери күйүп кетпедиби. Эми эмне кылам? Карыганда кыштын суугунда эшикте калып отурам. Кызым бир жумада келем, бул үйдү сатып, чогулткан акчага кошуп туруп үй алып жакшы жашайлы деди эле. Кудайым ал күнгө да жеткирген жок.