Назира Мабетова: «Айтматов үчүн менин атым Бекей бойдон калды»
24 ноябрь

Назира Мабетова: «Айтматов үчүн менин атым Бекей бойдон калды»

Дүйнөгө кыргыз элинин атын тааныткан алп Айтматовдун арты менен дүйнө жүзүндө миңдеген искусство адамдары ийгиликтерге жетип, таланттагы талайларын табышкан. Ушундай бактылуу инсандардын бири – Назира Мамбетова. Ал Айтматовдун каармандарынын бир нечесин ийине жеткире ойногон актриса катары элге аттын кашкасындай белгилүү.

– Назира эже, сиздин атыңызды тааныткан Кадичанын ролуна кандайча тартылып калдыңыз эле?

– Москвадагы Театралдык искусство институтунун актёрдук факультетинде 4-курста окуп жүргөн кезим болчу. Бир күнү окуу жайга режиссёр Ирина Попловская келип калды. “Айтматовдун “Мен - Тянь-Шань” тасмасын тартам, кастингге катышасыңар” деди. Ошентип фотосынактан өттүм. Кадичанын ролуна Таттыбүбү Турсунбаева, Наталья Аринбасарова анан мен тандалыптырбыз. Чынын айтыш керек, эки белгилүү актрисанын атын укканда демим сууду. Алар ким дагы, мен киммин?

Бир күнү вахтага режиссёр өзү чалыптыр. 4-кабатта жашачумун, учуп келип телефонду алдым. Режиссёрдун “Кадичанын ролуна сени бекиттик” дегенин укканда кубанганымдан нес болуп турганым али эсимде. Жолукканда эмне үчүн мени тандаганын сурасам: “Сенин көзүңдөгү чындыгың жакты. Анан да киного кичине болсо да жаңылык киргизиш керек да”, – деп койду. Ошентип үч уктамас түшүмө кирбеген бакыт башыма конду. Бирок оператор Кадыржан Кадыралиев: “Назира, бетиңе эле айтайын, сен мага жаккан жоксуң. Бир кадр тартып көрөм, мага жаксаң - каласың, жакпасаң – кетесиң”, – десе болобу. Анын Таттыбүбү эжени тарткысы келген экен. Кудай жалгап Кадыр байкеге да жагып калдым. Ошентип 1971-жылы кыш айларында Москвадан Балыкчыга киного тартылганы келдим.

– Тасма элдин назарына чыкканда көп аялдын жаман көргөн каарманына айланган экенсиз. Ар түрдүү сөздөр жүрөгүңүздү ооруткан жокпу?

– Кино чыкканда биздин айылга коюлуп барыптыр. Мен тартылган кино келерин уккан туугандар апамды тоорушуп, күндүзү эле жуушуптур да, кечинде ээрчишип баары киного барышыптыр. Кийин апам айтып атпайбы: “Башында сыймыктанып жакшы эле отургам, кино ортологон сайын бийик башым улам ылдыйлап, шылкыйып отуруп акырында уялганымдан качып чыктым”, – деп. Бир жолу кыздар менен Ноокатка барып калдык. Курбу кызымдын үйүндө конок болуп отурсак ал таенесине мактанып жатпайбы: “Таене, көрдүңүзбү, кинодогу Кадича келди”, – деп. Анда таенеси: “Ии, өлүгүңдү көрөйүн! Бул шермендени үйгө эмнеге киргизесиң?” – деп албууттанып кирдим. Уялганымдан сыртка качып чыгып кыздар чай ичип бүткүчө автобуста күтүп отургам. Башында унчукчу эсемин, бара-бара каарманымды коргонго өттүм. Элдин терс пикири мени сындырган жок, тескерисинче, ролду жеткиликтүү аткардым деп сыймыктана алам.

– Тагдыры тайкы, башынан таяк кетпеген Бекейдин ролуначы? Ага кандайча тартылып калдыңыз?

– Мен ал кезде окуумду бүтүп, турмушка чыгып кыздуу болгом. Режиссёр Болот Шамшиев “бир психологиялык оор роль бар, ошого сени ылайык көрүп атам” деп бир жыл мурда кулак кагыш кылган. Андыктан мен ага даяр болчумун. Кызыма 7 ай болгондо съёмка башталды. Кайненеме калтырып, Жаргылчак деген айылда эки ай тоодо вагондо жашадык. Съёмка учурунда Чыңгыз Айтматов эки жолу келип кетти. Биз менен сүйлөшүп отуруп “жөнөкөй болгула, жашоодо кандай болсо ошондой эле чагылдырып бергиле” дечү. Баары бир коомдон четтеген, чүнчүгөн Бекейдин образын жаратуу кыйынга турду. Кийин тасманын ачылышы болгондо Чыңгыз Айтматов: “Кино кандай болуптур? Жактыбы?” – деп менден сурады. “Билбейм, агай, Бекейиңиз шөмтүрөйт эле шөмтүрөйт... Унчукпайт да экен...”, – десем: “Трагедиянын өзөгү дал ошол унчукпагандыкта, караңгылыкта”, – дегени эсимде. Ушундан кийин агай үчүн менин атым Бекей болуп калды. Демек, улуу жазуучу мени ушул ат менен чакырып жатса, каарманын жогорку деңгээлде ачып бере алдым го деп ойлойм.