Андрей Аверин: Кыргызстандагы ак куйруктуу суу бүркүтүнүн жалгыз уясын жыл сайын электр компаниясы талкалоодо
21 октябрь

Андрей Аверин: Кыргызстандагы ак куйруктуу суу бүркүтүнүн жалгыз уясын жыл сайын электр компаниясы талкалоодо

12-октябрда Бүткүл дүйнөлүк келгин  куштардын күнүнө (англ. World Migratory Bird Day) карата Озёрное айылынын жанындагы балык көлмөлөрүнө саякат уюштурулду. Иш-чараны "Природа" фонду уюштурган. "Природа/Жаратылыш" фонду - Бишкекте жайгашкан, Борбордук Азиядагы канаттууларды жана биоартүрдүүлүктү сактоо менен алектенген уюм. Бул фондду Кыргызстанда канаттууларды изилдөө менен кесипкөйлүк менен алектенген энтузиасттар негиздеген.

Биз, беш кишиден турган топ Озёрное айылына канаттууларды эсепке алуу үчүн эле барган жокпуз.  Ал жакта Даша аттуу кыз жашайт жана ал дайыма жарадар куштарга жардам берет. Бул сапар Даша  куткарып, айыктырган балыкчы кушту шакектеп, жаратылышка коё берүү үчүн да жөнөдүк. Бул үчүн ага ыраазыбыз!

Орнитологдор Андрей Аверин жана Жереми Берлиу жүргүзгөн байкоолордун жыйынтыгы боюнча, 12-октябрга карата Озёрныйда куштардын 59 түрү катталган, алардын арасында эки түрлүү быкый (суучул таранчы жана кичинекей быкый), бүркүттөрдүн бир нече түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн жана жерде-сууда жашоочулардын бирден түрү, ошондой эле балыктардын эки түрү бар.

Тянь-Шань эл аралык бийик тоолуу илимий борборунун улук илимий кызматкери, Россияда жаратылышты изилдөө жана коргоо менен чейрек кылымдан бери алектенип, учурда Кыргызстанда иштеп жаткан Андрей Александрович Авериндин айтымында, "Природа/Жаратылыш" фонду 2024-жылдын аягында түзүлүп, 2025-жылдан тартып  Кыргызстандагы куштарды изилдөө жана коргоо боюнча долбоорлордун үстүндө иштер башталган, негизинен гранттык долбоорлор.

Андрей, өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз?

– Мен Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Биробиджан шаарында төрөлүп-өскөм, азыр да кез-кезде ошол жерде жашайм. Бул жакка жылына болжол менен сегиз айга келип турам, анткени, үй-бүлөм Россияда. Бул жерде фонддун долбоорлору боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында жарым ставкада иштейм. Учурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жайгашкан Тянь-Шань бийик тоолуу эл аралык борборунун кызматкеримин.

Келиңиз, окурмандарыбызга бүгүн канча куш санаганыбызды айтып берелибиз?

– Бүгүнкү күнгө карата биз элүүдөн ашык куш түрүн санадык. Эң кызыктууларын айтсак, бир нече жырткыч куштар кездешти, алардын ичинен чоң кара куш, талаа бүркүтү, кара куш, карчыга, жаман сарылар, ак тумшук жана боз өрдөк белгиленди. Ошондой эле көл чардагы, кичинекей чардак, каткырыкчы чардак же каспий чардагы кездешкен. Боз жана чоң ак кытандар да болду. Мындан тышкары, кадимки жана кызгылт чымчыктар, боз баштуу чымчыктар, ак чымчыктар, жогорку чымчыктар, чулдуктар, чоң ийри тумшук, кара чымчыктар, сары тумшук чөкөтаандар, тартак чулдуктар, кара каргалар жана башка көптөгөн куш түрлөрү.

Эмне себептен Озерныйга келдиңиздер?

– Мен Озерная жана анын балык көлмөлөрүнө толгон жан-жакасы Кыргызстандагы чымчыктар байырлаган аймак катары изилдөөгө эң бир ылайыктуу жер деп айтат элем. Бул дүйнө жүзү боюнча жети миллиондон ашуун катталуучу катталган eBird сайтынан жакшы көрүнүп турат.

Кыргызстан тууралуу айтсам, ошол эле сайтта бир нече жүздөгөн адам катталган, алардын арасында бир нече ондогон активдүү колдонуучулар бар. Мындай кызыгуу бул аймакта канаттуулардын түрлөрү көп экенин, арасында кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчүлөр да бардыгын түшүндүрөт. Негизинен, бул жакта  Кыргызстандагы ак куйруктуу бүркүттүн саналуу уяларынын бири жайгашкан.

Мурда жалгыз уя бар болчу, а азыр, Ысык-Көлдүн жээгинен дагы эки уя табылды. Биз көрүп турган уя, электр өткөрүү линиясында жайгашкан, ошондуктан, ал дайыма ушул линияны тейлеген уюлдук компаниянын кызматкерлери тарабынан терс антропогендик таасирлерге туш болот. Алар бул уяны жыл сайын ыргытып салышат, болбосо мындай кылуу мыйзамсыз, факт боюнча Жаратылыш ресурстары министрлиги айыппул салса да болот. Тескерисинче, башка өлкөлөрдөгүдөй, канаттуулар уя сала турган атайын аянтча куруп, Кызыл китепке кирген канаттуулар токко урунуп, өлүп калбашы үчүн бул электр чубалгыларына канаттуулардан коргоочу шаймандарды орнотушу керек эле.  Ошондо линияларда электр тармактарынын колдонуучуларына ыңгайсыздык жараткан кыска туташуулар да болбойт болчу.

Бирок тейлөөчү компания буга көңүл бурбай жатат. Быйыл жок дегенде уяны балапандар учуп кеткенден кийин алып салышты, жок дегенде балапандар жетилгенче күтүштү. Ал эми былтыр жуп куштар уя салаары менен, жумурткалары жатканына карабай алып салышкан. Ошентип, 2024-жылы уя салуу ийгиликсиз болду. Быйыл да канаттуулардын уя салуусу ийгиликтүү болду. Уясы улам бузулуп жатканына карабай, канаттуулар өжөрлөнүп, кайра эле электр зымдарына уя курушат. Ошондуктан, электриктерди өз өлкөсүндөгү мыйзамды сактоого кандайдыр бир жол менен ынандырып, жогоруда айткандай, бүткүл дүйнөдө жүргүзүлүп жаткан макулдашылган иш-чараларды ишке ашырса жакшы болмок, бирок Кыргызстанда тилекке каршы, бул аткарылбай жатат.

Ал эми тиешелүү органдардын бири да аларды мыйзамды сактоого чакыргысы келбейт. Болбосо, булар жакыр адамдар эмес, ал тургай жеке адамдар да эмес, принципиалдуу түрдө мыйзамды сактоого милдеттүү болгон юридикалык жак. Акырында  биз, башка жаратылышты коргоо уюмдары, илимдер Академиясы бул субъектилерди республиканын мыйзамынын талаптарын сактоого ишендирүүгө аракет кылып жатабыз. Келерки жылы туура жыйынтык чыгарып, экологиялык эрежелерди сакташат деп ишенем.

Көрүнүп тургандай, бул жерге ак куйруктуу бүркүттөрдөн тышкары, башка сейрек кездешүүчү канаттуулардын түрлөрү да келишет, бирок алар туруктуу жашоочулар эмес, тескерисинче, кез-кезде гана көрүнөт. Мисалы, бүгүн биз талаа бүркүтүн, чоң ала бүркүттү жана кара шакылдакты көрдүк.  Казакстандан биргазандар бул жерге  жыл сайын күзүндө келишип, бул кайталанчу көрүнүшкө айланды. Бул канаттуулар бул жерге уя салбайт, миграция учурунда гана келишет.

Бул көлмөлөрдүн ээси барбы?

– Бул көлмөлөрдүн баары жергиликтүү балык чарбасынын фермерлерине таандык. Эгер мурда бул жалпы колзохдук-совхоздук менчик болсо, азыр ар бир көлмө кимдир бирөөгө таандык. Кандай болсо да, алар менен тил табышып, жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдарды бузбай, жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын эске алып, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзөбүз деп ишенем.

Көңүл ачуу максатында канаттууларды өлтүргөн учурлар болобу?

– Азыр кыргоолго аң улоо мезгили башталды. Ошондуктан, бул жерде мергенчилер легалдуу түрдө кыргоолдорго аңчылык кылышат. Кыргоол менен өрдөктөргө мергенчилер да, браконьерлер да ок атышат. Ошондуктан, алар менен көлмөлөрдүн ээлери жана мергенчилер күрөшүшөт окшойт.

Бул канчалык натыйжалуу болоорун билбейм, бирок так ушул жерден көңүл ачуу максатында кайсы бир кушка ок атылганын көрбөдүм. Бул жакта караказдын эки түрү бар – чоң караказ жана чакан караказ. Алар негизинен, балыктарды жешет, адамдар атайын өстүргөн балыктарды да. Бирок көлмөлөрдө ар кандай бактерия жана вирустар, күмүш сазан, амур жана сазан сыяктуу ден соолукка кооптуу балыктар бар. Ошондой эле, балыктын ачуу каңылтыр, чабак өңдөнгөн башка жактан келген түрлөрү да жашайт. Алар же икра же майда балыктар менен аралашып келип калышкан.

Эмнеге көлмөлөрдө балыктар көп өлөт жана көлмөлөрдү тазалоо менен кимдер алектениши керек?

– Бул көлмөлөр азыр жакшылап тазаланбайт. 2023-24-жылдары жазында муз ээригенден кийин көп сандагы өлүк балыктар даана көрүнгөн. Ошондуктан, көлмө ээлери бири бири менен кантип тазалоо, балыктарды көбөйтүү боюнча макулдашып алышса жакшы болмок, анткени, учурда фермерлер ар кими өз билгениндей ишин жүргүзөөрү көрүнүп турат. Бири сууну кетирди, көлмөн тазалады, түбүнө чөгүп калган калдыктардан арылтты, а калгандары эч нерсе кылган жок. Жакшысы, баары комплекстүү түрдө ушундай тазалоо жүргүзүшсө, анан бир убакта сууну кое беришсе, анткени, бул жердеги көлмө системасы бирдиктүү. Бирок советтик мезгилиндеги ушундай ыкма азыр колдонулбайт, ал убакта көлмөлөр жалпы чарбачылык болчу да. Азыр баары бөлүнүп-бөлүнүп жеке менчикке чыгып кеткен, менин түшүнүгүм боюнча, алар бири бири менен макулдашууга бара алышпай жатышат. Ошондуктан, бул жактагы балыктардын басымдуу бөлүгү оорукчан. Суунун сапаты начардыгынан балыктардын өлүмү көп.

Ошондуктан бул жагдай балык жеген канаттуулардын түрлөрүн өзүнө тартып турат, алар алсыз, бирок дени сак балыктарды да, өлгөн балыктарды да жешет. Башкача айтканда, канаттуулардын ар кандай түрлөрү ар кандай балыктарды жеш үчүн учуп келишет. Албетте, дыйкандар петардаларды ыргытып, караказ менен чабактарды чочутушат, анткени, караказ балыкты көп жейт. Чоң караказ күнүнө бир килограмм балык жеши мүмкүн, ал жакта жүздөгөн караказ учуп жүргөнүн көрдүңүздөр.

Демек, канаттуулар күн сайын көп сандаган балыктарды жешет. Бул дайыма эле сатыкка ылайыктуу балык боло бербейт, көбүнчө сатыкка чыкпаган майда жана керексиз балыктар болот. Бирок баары бир сатыкка ылайыктуу балыктардын өлүмү бар. Ошондуктан фермерлер бири-бири менен сүйлөшүп алышы керек. Биринчиден, суу сактагычтарды тазалап, сууну ишке киргизүү, андан кийин сатыкка ылайыктуу балыктарды ири канаттуулардан жашырып, суу сактагычтардын айрым жерлерин тор менен жабуу керек. Бирок бул жерде андай кылынбайт, ошондуктан фермерлердин канаттууларга карата бир аз агрессивдүү мамилеси бар.

– Бул аймакты кантип экологиялык туризмдин жайына айландырып, анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланса болот?

– Андан тышкары, бул жер Кыргызстандын куш байкоочулары үчүн абдан популярдуу жер, алар бул жакка көп келишет. Туризм бул жерде абдан жапайы мүнөздө. Бул жагдайды экономикалык жактан пайдаланса болот. Мисалы, аялдама пункттарын уюштуруу, байкоо жүргүзүү пункттарын түзүү жөнүндө макулдашуу, ошондо келгендер жөн эле келип кетпей, убактысын пайдалуу жана ыңгайлуу өткөрө алышат.

Ыңгайлуу жайларды ачып, адамдар жамгырдан жана шамалдан коргоо жерде көп убакыт отуруп, байкоо жүргүзүү жана сүрөткө тартуу үчүн кымбат баалуу жабдууларды жайгаштырса болот. Келгендер мындай жерди ижарага алып, аз акы төлөшсө да пайдасы тиймек. Тамак-аш жана суусундук сатуучу күркөлөрдү да кошуп койсо болот, анткени, келгендер бул жерде күнү бою болушат жана көбүнчө тамактануу үчүн Озёрныйга же дароо Бишкекке кетүүгө аргасыз. Эгерде ушундай шарттар түзүлсө, адамдар канаттууларды бир нече күн катары менен байкай алышмак.

Аймакта талкаланган вагондор турганын көрдүңүздөр, аларды оңдосо болот. Ошондой эле бул жайларды коммерциялык максатта пайдалангандыгы үчүн акы төлөгөн фотографтарга, куш байкоочуларга жана балыкчыларга ижарага берүүгө мүмкүн. Негизи мүмкүнчүлүктөр бар, бирок жетишсиз. Көпчүлүк адамдар бир нече саатка эле келишет, бул эми нормалдуу көрүнүш. Ошол эле учурда 1–2–3 күнгө калууга мүмкүн болгон жайлар аз.

Кызыктуу идея айттыңыз. Мен сиздердин шакекчелөө станциясын уюштуруу пландарыңыз жөнүндө да уккам. Бул тууралуу эмне айта аласыз?

– Ооба, келечекте эгерде кайсы бир фермер макулдугун берсе, канаттууларды шакекчелөөнү уюштурууга болот. Бул аларга да пайдалуу, анткени, канаттууларды шакекчелөө менен алектенген илимий кызматкерлер конкреттүү тапшырманы аткарышат: алар канаттууну атайын шаймандар менен тирүү кармап, ага шакекчелерди, спутниктик жана радио өткөргүчтөрдү тагып, анан кайра табигый чөйрөгө коё беришет. Башкача айтканда, бул учурда канаттуулар өлтүрүлбөйт.

Ошол эле учурда, аймакта торлор жана кармоочу жабдуулар орнотулганда, канаттуулар сак болуп, ал жерден активдүү тамактанбайт, анткени адам ар эки саат сайын шаймандарды текшерип, кармалган канаттууларды чыгарууга аргасыз болот. Канаттуулар тынымсыз жылып, учуп кирип, учуп чыгып турушат.

Ошол эле учурда көлмөдөгү балыктар сакталып, жакшы кармалат. Негизинен, адам тирүү коркунучтун ролун аткарат. Ал бир эле учурда илимий иш жүргүзүп, фермердин балык запастарын коргойт, ал эми балык жеген жаныбарлар ал жакка көп барбагандыктан, балыктар табигый түрдө ошол жерге топтолот. Адам кайык менен сүзүп барып, кушту чыгарып, шакек салып кайра коё берет, куш  чочуп, көлмөнүн башка бөлүгүнө же башка суу сактагычка учуп кетет, ал эми көлмөдөгү балыктар тынч жашоосун улантат.

Бул тууралуу жакынкы күндөрү Манаста, андан кийин Озерныйга "Жаратылыш" фонду уюштурган жолугушууга келген адамдар менен дагы талкуулайбыз. Айрыкча көлмөлөрү Озерныйга жакын жайгашкан фермерлер кызыгышы мүмкүн, анткени ал жерде канаттуулардын концентрациясы ар дайым жогору болот.

Андрей, жаныбарларга болгон сүйүү маданиятын жогорулатуу үчүн адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз? Жаратылышты коргоо жана жаныбарларга кам көрүү эмне үчүн керек?

– Биринчи кезекте, бул адамдын өзүнө керек, анткени жаратылыш сакталган жер – бул жашоо үчүн таза чөйрө. Албетте, эч ким адам баса албаган, тегерегинде карышкырлар, аюулар, жолборстор же башка жырткычтар болгон таптакыр жапайы шарттарды түзүүнү сунуштабайт. Кеп таза чөйрө жөнүндө болуп жатат - таза суу, көчөлөрдө жана арыктарда таштандылардын жоктугу, адам үчүн коопсуз жапайы жаратылыш, жаныбарлар адамды көргөндө качпай, тынч эле жакын жерде жүрүшкөнү.

Бул ошондой эле ышка булганбаган таза абаны билдирет. Эгерде Бишкек шаарынын айланасында жана ичинде жакшы жашыл бак-дарактар болсо, ыштын деңгээли кыйла төмөн болмок. Жаратылышты жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо – бул өз ден соолугуңа кам көрүү дегендик. Кыргызстандын жана Бишкектин көйгөйү – өнөр жай ишканаларынан, транспорт жана жеке сектордун жылытуу системаларынан чыккан заттардан улам атмосферанын, суунун жана топурактын жогорку деңгээлде булганып жатканы. Мындан тышкары, Бишкектеги суунун сапаты да жакшы эмес.

Бул суу Казакстан менен чектешкен талааларга сугат суу болот, эл ушул сууда өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди жейт. Бул азыктар шаардын базарларына – Ош жана башка базарларга түшөт. Сырткы көрүнүшү жагымдуу болгону менен, алардын экологиялык сапаты чоң суроолорду жаратат, анткени, суунун курамында оор металлдар, туздар жана пестициддер болушу мүмкүн. Сөз болуп жаткан талаалар Бишкектин түндүгүндө жайгашкан жана ал жерге шаардан чыккан саркынды суулардын бир бөлүгү калып, андан ары Ала-Арча суу сактагычына жана Чүй дарыясына кетет.

Бир бөлүгү тазалоочу жайларга кетет, бирок толугу менен эмес, бир бөлүгү талааларга бөлүштүрүлүп, аларды сугарат.

Канаттуулар эмне үчүн маанилүү? Аларды эмне үчүн коргоо керек?

– Канаттуулар – жердеги эң көп сандаган кургактыкта жашоочу омурткалуу жаныбарлар жана биосферадагы органикалык заттарды ташуунун эң күчтүү механизмдеринин бири. Көпчүлүк түрлөрү активдүү миграция жасап, органикалык заттарды: өсүмдүк жана жаныбар азыктарын, топтолгон май запастарын, кыкты ташыйт. Ошентип, алар планета боюнча биоматериалдын активдүү айлануусун камсыздайт. Канаттуулардын аркасында планета ресурстардын локалдык топтолуу зоналарына айланбайт, тескерисинче, ар кайсы аймактардан органикалык заттарды алат.

Борбордук Азиянын көптөгөн райондору чөлдүү, топурак туз жана акиташ менен каныккан, анткени мурда бул жерде байыркы океан жайгашкан. Тоодон келген мөңгү суулары минералдарга жарды. Канаттуулар башка аймактардан учуп келип, топуракты байытып, өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, органикалык заттарды алып келишет. Адамдын ишмердүүлүгү жер семирткичтерди кошот, бирок канаттуулардын салымы баары бир кыйла жогору.

Бул аарылардын абалына окшош: эгерде аарылар жок болуп кетсе, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн эбегейсиз көп бөлүгү жабыркап, миллиарддаган чыгымдар жаралат. Куштар менен да ушундай – бир түрдүн жоголушу айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келбейт, бирок азыр жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрүнүн массалык түрдө кыскарышы жүрүп жатат, бул экосистеманы талкалап, домино эффектин ишке киргизет. Калган түрлөр чектелген функцияны аткарат, кээде айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана мал чарбасына зыян келтирет. Ал эми түрлөр көп болгондо, алардын таасири тең салмакталып, экосистема туруктуу иштейт.

Куштар – планетанын биосферасын колдогон маанилүү экологиялык курал. Ошондуктан, миграциялык куштарды жок кылуу же алар үчүн жагымсыз шарттарды түзүү адамга да, анын чарбасына да пайда алып келбейт. Кытайдын 1958-1960-жылдары дан менен азыктанган куштардын түрлөрүнө, атап айтканда, таранчыларга каршы күрөшү адамдын куштардын түрлөрүнүн ар түрдүүлүгүнө кийлигишүүсүнүн ачык мисалы болгон. Ушундан улам бул өлкөдө 10 миллиондон 30 миллионго чейин адам ачкачылыктан каза тапкан.