Жамийла Омокеева, Бактыбек Мамытовдун жубайы: Үнү элдин эсинде, өзү жүрөктө калган Бактыбек Мамытов
Кыргыз телерадиосунун тарыхында Бактыбек Мамытовдун орду өзгөчө. Анын үнү элдин эсинде, инсандыгы кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө уялады. Кайталангыс талант, алмаштырылгыс кадр болгон бул адам артында үн гана эмес, адамдык бийиктикти, кесипке берилгендикти жана унутулгус өмүр жолун калтырды. Үнү менен элди шыктандырган, өлсө да тирүүдөй элдин эсинде жүргөн, экрандан элеси өчпөгөн Бактыбек Мамытов – кыргыз телерадиосунун жүзү болду. Аман болсо 75ке чыкмак. Агайдын өмүрлүк жары Жамийла Омокееваны кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
– Жамийла эже, эл үчүн Бактыбек Мамытов үнү уккулуктуу, дикциясы так, маданияттуу, билимдүү инсан эле. Ал эми сиз билген Бактыбек Мамытов кандай адам болчу?
– Мен билген Бактыбек агайыңар жашоодогу сулуулукту, көркөмдүктү терең сезген, табиятынан токтоо, жөнөкөй мүнөз адам эле. Барга топук кылган, жан дүйнөсү аруу, ички тазалыгы менен айырмаланган, адамгерчилиги бийик жан болчу. Ал жумушта да, үйдө да бир калыпта, өзүнүн сыпайы мүнөзүнөн тайчу эмес.
Адамдын асылы, айрыкча аялзатына кылган мамилеси өзгөчө эле. Энени энедей, жарды жардай, кызды кыздай көрүп, мүмкүн болушунча сый-урматты биринчи орунга койчу. Өзүнүн жүрүм-туруму, сөзү жана иши менен балдарына үлгү болгон камкор ата, үй-бүлөбүздүн бекем чеби эле. Маңдайынан мээрим нуру төгүлүп, жадакалса күлкүсү да өзүнө жарашкан, ичиндеги жарыгы сыртына чыгып турган башкача адам болчу.
– Агайдын кесибине болгон талабы үй-бүлөлүк жашоого да таасир этчү беле?
– Бактыбек телерадиого боз улан кезинде келип, өмүрүнүн акырына чейин 47 жыл үзүрлүү эмгектенди. Жаш чагында чарчабай, дем алышка, майрамга карабай, күндүн ысык-суугуна карабастан тик туруп, канчалаган берүүлөрдү алып барып, кыргыз маданиятына зор салым кошту десем жаңылышпайм.
Мен өзүм радиодо 19 жылдан ашык режиссёр болуп иштедим. Экөөбүз тең бир мекемеде эмгектенгендиктен, кесиптик түйшүк үй-бүлөлүк жашообузга терс таасир тийгизген жок.
– Агайдын бул дүйнө менен коштошконуна туура үч жылдан ашты. Убакыт кайгыны жеңилдеттиби же сагыныч башкы формага өттүбү?
– 2022-жылдын 20-майы… Жаратылыш жайнап турган чакта, ошол каргашалуу күнү Бактыбек Мамытов көз жумду деген кабар эл арасына желдей тарап, ар бир адамдын жүрөгүн оорутту.
Бакем өз колумдан узап кетти. Ошол көз ирмемдеги арманды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Анын акыркы деми, жүрөгүнүн акыркы кагышы, ажалга каршы тура албай, эң жакын адамыңа жардам бере албай калуудан өткөн азап жок экен. Бут алдымдан жер көчүп, жашоо токтоп калгандай болду…
Убакыт өттү. Айлар жылга айланды. Бактыбектин бул өмүрдөн өткөнүнө 4 жыл болуп калды. Убакыт кайгыны жеңилдете албайт экен, бирок мокотот экен. Балдарым, небере-чөбөрөлөрүм жанымда болсо да, Бактыбексиз жашоого көнө албай келем. Асманым жерге түшкөндөй абалда жүрдүм. Кудайга шүгүр, мындай жашка жетпей кеткендер да бар деп өзүмдү сооротуп келем.
– Акыркы сөзү эмне болду? Бул дарт менен канча жылдан бери алышып келди?
– Бакем тирүүсүндө баркталып, кыргыз элинин сыймыгы болду. Бир жолу чай үстүндө отуруп, телерадио жамаатына, бир туугандарына, айрыкча мага: «Эки дүйнөдө тең ыраазымын», — деген эле. «Эгер көзүм өтүп кетсе, көп кайгырып ыйлабагыла. Балдарым, неберелерим кайгы тартпасын», — деп керээзин айткан. Ошондо мен чочуп кеттим. «Жок жорукту баштабачы» десем, «Жүрөгүм акыркы күндөрү башкача болуп жатат», — деген эле. Ошондон кийин бир ай өтпөй, бул дүйнө менен коштошту.
46 жашында жүрөгүнө операция жасалган. Дарыгерлердин кеңешин так аткарып, дагы 26 жыл өмүр сүрдү.
– Түшүңүзгө киреби?
– Кадимкидей тирүү кезиндегидей кирет. Ойгонгондо “аттиң, түшүм эмес, өңүм болсо кана” деп өкүнөм. Анын арбагы мени дайыма коргоп, колдоп жүргөндөй сезилет.
– Уул-кыздары агайдын жолун жолдодубу?
– Ар кимиси ар башка кесипте. Нур деген кызым чыгармачылыкка жакын болчу, кыргызча-орусча ыр жазчу. Тилекке каршы, тагдырдын жазмышы менен 19 жашында каза болуп калды.
– Үй-бүлөдө уруш-талаш болчу беле?
– Жомоктогудай жашоо болбойт. Бирок Бактыбек эч качан катуу сөз айткан эмес. Табиятынан токтоо, аял затына аяр мамиле кылган адам эле.
– Канча жыл бирге өмүр сүрдүңүздөр?
– 50 жыл бирге түтүн булатып жашадык. Эки кыз, төрт уул тарбияладык. 14 небере, үч чөбөрөбүз бар.
– Ушундай адам менен өмүрлөш болгонуңузга ыраазысызбы?
– Жакшы адамдын жары болуу – мен үчүн чоң сыймык. Бактыбек менин баа жеткис байлыгым, сыймыгым эле. Канча оор болсо да тагдырыма ыраазымын. Асыл адам менен жарым кылым бирге жашаганыма каниет кылам. Бакем бар кезде жашоонун ажары ачылып, үйүбүз кут-берекеге, шаңга толуп турчу…
