Зарылкан Шарабидин кызы, врач-нутрициолог: “Туура кармалган орозо ден соолукту бекемдейт”
18 март

Зарылкан Шарабидин кызы, врач-нутрициолог: “Туура кармалган орозо ден соолукту бекемдейт”

Орозо – бул жөн гана ачка жүрүү эмес. Бул – рухий жактан тазалануу менен катар организмди кайра калыбына келтирүүчү, зат алмашууну жөнгө салуучу процесс. Орозодо туура тамактануу боюнча врач-нутрициолог Зарылкан Шарабидин кызы айтып берет.

– Зарылкан, айтсаңыз, орозо организмге кандай таасир берет?

– Туура кармалган орозо организм үчүн чоң пайда алып келет. Ал ашказанды, боорду эс алдырып, организмди тазалайт. Мындан тышкары, орозо учурунда аутофагия деген процесс ишке кирет – бул эски клеткалар тазаланып, жаңылары пайда болот дегенди билдирет. Ошондой эле иммунитет күчөйт, метаболизм жакшырат, кандагы кант теңделет, ашыкча майлар азаят. Кыскасы, орозо – бул табигый дарылануу.

– Орозодо организмде кандай процесстер жүрөт?

– Алгачкы 10–12 саатта организм тамактан алынган энергияны колдонот. Андан кийин “запас режимине” өтүп, майды күйгүзө баштайт. Бул учурда кандагы кант азаят, инсулин төмөндөйт, май энергияга айланат. Ошондуктан орозодо салмак акырындык менен азаят.

– Эмне үчүн айрымдар орозодо арыктайт, айрымдар толуп кетет?

– Бул толугу менен тамактанууга байланыштуу. Арыктаган адамдар: саарлыкты туура жешет, ифтарда ашыкча жебейт, сууну жетиштүү ичишет, уйкусу толук болот.

– Саарлыкта сөзсүз тамактаныш керекпи?

– Көпчүлүк адамдар “тамак өтпөйт” деп саарлык ичишпейт. Бул учурда эмне болот? Организмде глюкоза бат түгөнөт да, дене энергияны шашылыш режимде сарптай баштайт. Натыйжада: баш айланат, энергиясы түгөнүп алсырайт. Ошон үчүн орозодогу таңкы тамактын мааниси чоң.

– Кандай тамактарды жеген туура?

– Орозо учурунда организм энергия издейт. Эгер туура тамактанбасак, дене энергияны булчуңдан ала баштайт. Мындан улам адам арыктайт, бирок май эмес, булчуң жоголот. Бул абдан кооптуу. Себеби: зат алмашуу жайлайт, организм алсырайт, чарчоо көбөйөт. Ошондуктан эртең менен белоктуу тамактарды жешибиз керек. Белок жетиштүү болгондо узакка ток кармайт, булчуң сакталат. Туура тамак кандай болот? Белок: жумуртка, эт, балык, буурчак. Жай сиңген углевод: сулу боткосу, гречка, кара нан, күрүч. Пайдалуу майлар: сары май, зайтун майы. Клетчатка: жашылча, салат, бадыраң. Мындан тышкары, саарлыкта 1–2 стакан таза суу ичүү абдан маанилүү.

– Орозо учурунда да суунун нормасын сакташ керекпи?

– Ооба, орозо учурунда деле орточо эсеп менен күнүнө 1,5–2 литр суу ичүү керек. Бирок аны бир жолудан эмес, ифтар менен саарлыктын ортосунда аз-аздан ичкен туура.Көпчүлүк бир убакта көп суу ичип ката кетиришет. Мындан тышкары газдалган таттуу суусундуктар орозодо сунушталбайт. Организмге суу жетишсиз болгондо кан коюуланат, зат алмашуу жайлайт, токсиндер чыкпай калат. Натыйжада, баш ооруйт, чарчоо күчөйт, теринин абалы начарлайт.

– Орозо учурунда дагы кандай эрежелерди сактоо маанилүү?

–Орозодо эң көп кетирилген каталардын бири – таттуу жана ак ун азыктарын көп жегенибиз. Мындай тамактар кандагы кантты тез көтөрүп, кайра түшүрүп турат. Мындан тышкары таттуу күн бою суусатат. Ошондой эле уйкунун режимин сактоо маанилүү. Уйку жетишсиз болгондо стресс гормону болгон кортизол көбөйөт, адам ачка болуп баштайт, таттууга тартат. Натыйжада ашыкча тамактанып алып салмак кошулат. Мына ушул эрежелерди кармаганда орозо туура анан жеңил өтөт. Туура кармалган орозо ден соолукту бекемдеп, организмге жеңилдик алып келет. Ал эми туура эмес мамиле – тескерисинче, чарчоого жана ооруларга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан орозону аң-сезим менен, туура кармоо – эң жакшы чечим.