Элвира Сурабалдиева: Ар бир төртүнчү кыргызстандык айым сексуалдык ыдыкка кабылат, бирок ачык айтуудан коркушат
20 июль

Элвира Сурабалдиева: Ар бир төртүнчү кыргызстандык айым сексуалдык ыдыкка кабылат, бирок ачык айтуудан коркушат

Ар бир төртүнчү кыргызстандык айым сексуалдык ыдыкка кабылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева подкасттардын бирине берген маегинде айтты.

Ал мындан жети жыл мурда, 2018-жылы коомчулукта катуу талкуу жараткан окуяны эстеди.

«Жогорку Кеңеште лифтке түшсөм, аппаратта иштеген киши кызуу абалында бар экен. жанындагы дагы башкалар турат. Ал мага чектен ашкан тамаша сүйлөп, кучактоого аракет кылды. Лифттен чыккандан кийин менде биринчи реакция – юбкамдын узундугун, төшүмдүн жабыктыгын карадым. Мен өзү негизи эле ачык кийинбейм», – деди депутат.

Андан ары Сурабалдиева бул тууралуу соцтармакка жазып, ал абдан чоң талкууга айланып, коомдук резонанс жаратканын белгиледи. Айтымында, ыдык көргөн айымга карата комментарийлердин көп бөлүгү төмөнкүдөй мааниде болгон: «Мындай мамиле бир гана депутатка жасалбашы керек беле?», «Депутатка тийишсе эмне болуптур», «Кичинекей кыз эмессиң, денеңди бош ташта да». Ал эми айым-депутаттар «Ой, койчу», – деген менен чектелишкен.

«Андан кийинки аракеттерге мени түрткөн нерсе: абдан көп кайрылуулар жана төбө чачты тик тургузган окуяларды камтыган каттар болду. Өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнөн, жумуштагы кесиптештеринен сексуалдык ыдык көргөндөр... Кыргызстанда ошого чейин ыдык көрсөтүү боюнча бир дагы изилдөө болбоптур. Мен эл аралык уюмдарга кайрылдым. Жыйынтыгында, Аял-судьялар ассоциациясы кол сунуп, ЮСАИД жана башка эл аралык уюмдар каржылык колдоо көрсөтүп, алты ай изилдөө жүргүздүк. Жыйынтыгы – ар бир төртүнчү кыргызстандык айым сексуалдык ыдыкка кабылат. Баарынан жаманы анын көбү ачыкка чыккан эмес. Респонденттерден «эмнеге?» – деп сураганда, турмушка чыккандардын айрымдары күйөөсүнүн реакциясынан чоочулаганын айтса, кээ бири анда күйөөсү иштөөгө тыюу салаарын, а ал иштегиси келгенин билдиришкен. Турмушка чыкпагандар болсо, жумуш алмаштырууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, чыдоого аргасыз болгонун айтышкан. Ыдыкка кабылган кыз-келиндердин бир нече пайызы өз өмүрүнө кол салууга аракеттенишкен. Айрыкча, университеттеги студент кыздар ыдыкка көп кабылаары ачыкталган. Эмнеге дегенде, мыйзам жок, ага жараша жоопкерчилик жок», – деди депутат.

Ошентип, депутат тийиштүү мыйзам долбоорунун үстүнөн иштөөнү баштаган. Бирок бул оңой болгон эмес.

«Бир жагынан үй-бүлө институту турат, бир жагында биз сактай турган кыздарыбыз. Ар бир кыз билим алууга, карьера жасоого укуктуу эмеспи. Жумуш ордунда коопсуздук болушу керек. 2020-жылы Эмгек эл аралык уюму тарабынан №190 конвенция кабыл алынды, эки жыл мурда ал парламентте ратификацияланды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги анын негизинде Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип жатат. Бул процесс өтө көп убакытты алды. Парламенттештеримдин көбү мыйзам долбоорун колдоодон убагында баш тартышкан. Ошондо мен абдан эмоционалдуу билдирүү жасадым. «Урматтуу эркек депутаттар! Силер дайыма депутат, министр болуп жүрбөйсүңөр, кызыңардын жанында дайыма болбойсуңар! Менин да 20 жыл мурда физикалык да, руханий жактан да күчтүү, мүмкүнчүлүгү, ресурсу жетиштүү атам болгон. Ал мен өлөм, өлтүрүп кетишет деп ойлогон эмес, дайыма кызымды колдоп-коштоп жүрөм деген. Атасы бар кыздардын артында аска-зоо тургандай сезим болот. А силер 100 жыл жашаарыңарга ишенесиңерби? Кызыңардын, карындашыңардын жанында түбөлүк жүрөм деп ойлойсуңарбы? Эртең депутаттыктан, кызматтан кетесиңер, а бүгүн силер кабыл алган мыйзам кызыңарды дайыма коргойт», – дедим. Анан 120 депутат бир добуштан колдоп беришти», – деп эскерди Сурабалдиева.