Финансы секторунун кардарларынын саны 26 миллионду ашты
Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын экономикасынын финансы секторунда 482 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 26 коммерциялык банк, 436 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 19 камсыздандыруу уюму иш жүргүздү. Бул тармакта иштегендердин саны 32 миң адамды ашты.
Финансы секторундагы уюмдардын кардарларынын базасы өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 6,8 миллион эсепке көбөйүп, 2026-жылдын июнь айынын аягына карата 26 миллиондон ашты. Анын кеңейиши мобилдик банкинг жана онлайн кредит берүү системасынына туташкан банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын кардарларынын санынын өсүүсү менен шартталды.
2026-жылдын I жарым жылдыгында экономиканын финансы секторунун уюмдарынын суммардык кирешелеринин көлөмү 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, дээрлик 167 млрд. сомго жетти, бул Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кирешелеринин өсүүсү менен камсыздалды.
I жарым жылдыкта экономиканын финансы секторунун уюмдарынын
ишмердигинин көрсөткүчтөрү
(млн. сом)
|
Кирешелер |
Жалпы чыгымдар |
Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык |
||||
|
2025 |
2026 |
2025 |
2026 |
2025 |
2026 |
|
|
Бардыгы |
104 036,3 |
166 761,3 |
65 154,5 |
102 585,2 |
38 882,7 |
64 104,7 |
|
Банктар |
90 151,8 |
147 287,3 |
54 637,6 |
87 709,0 |
35 518,8 |
59 507,2 |
|
Күрөөканалар |
827,1 |
1 105,3 |
346,8 |
514,1 |
478,7 |
591,2 |
|
Кредиттик бирикмелер |
102,6 |
105,5 |
79,4 |
84,3 |
23,2 |
21,2 |
|
Микрокредиттик уюмдар |
8 303,1 |
11 373,7 |
6 189,9 |
8 184,7 |
2 111,0 |
3 188,7 |
|
Камсыздандыруучу уюмдар |
4 629,5 |
6 867,4 |
3 885,0 |
6 077,0 |
744,6 |
790,4 |
|
Башка уюмдар |
22,2 |
22,1 |
15,8 |
16,1 |
6,4 |
5,9 |
2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 62%дан ашык ишканалар пайда алды, ал эми 18%га жакыны - чыгым тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 2025-жылдын январь-июнунун көлөмүнө салыштырмалуу 1,6 эсеге же 25 млрд. сомго көбөйүп, 64 млрд. сомдон ашыгыраак пайданы түздү. Пайданын өсүшү негизинен Улуттук банк тарабынан камсыздалды.
2026-жылдын 1-июлуна карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 677,4 млрд. сомду түздү. Кредиттердин жалпы көлөмүнүн 89%ы банктарга, 11%ы - банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар тармагына туура келди. Кредит берүүнүн негизги багыттары жарандардын керектөө муктаждыктары (жалпы көлөмдүн 36%ы), соода чөйрөсү (22%ы), ипотека (12%га жакын) жана айыл чарба (10%) болду.
