Клара Масалбекова, Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы: «Алимент – баланын укугун камсыздоого багытталган укуктук инструмент»
27 апрель

Клара Масалбекова, Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы: «Алимент – баланын укугун камсыздоого багытталган укуктук инструмент»

Алимент – баланын укугун коргоого багытталган маанилүү укуктук механизм. Аны өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана балдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы “Алимент өндүрүүдөгү көйгөйлөр жана анын аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу” темасында тегерек стол өткөрдү. Анда мыйзамдык боштуктар, аткаруудагы тоскоолдуктар жана процессти ылдамдатуунун жаңы механизмдери талкууланды. Коомдо курч турган бул маселе боюнча биз Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Клара Тавалдиевна Масалбекова менен маектештик.

– Клара айым, алимент өндүрүүдөгү көйгөйлөр канчалык курч? Жылына канча үй-бүлө ажырашат жана алардын канчасы алимент өндүрүүгө аргасыз болот?

– Бул өтө олуттуу социалдык маселе. Жыл сайын орточо 20–25 миң үй-бүлө ажырашат. Ар бир ажырашуу – бир нече баланын тагдыры. Ажырашуулардын басымдуу бөлүгүндө алимент маселеси көтөрүлөт. Демек, миңдеген жарандар сот аркылуу алимент өндүрүүгө аргасыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө алимент өндүрүүнү жеңилдетүү, аткарууну ыкчамдатуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө.

– Жарандык никеде жашап, кийин ажырашкандар да алимент өндүрө алабы?

– Албетте. Баланын укугу ата-эненин никеси катталган-катталбаганына карабай корголот. Жарандык никеде жашап, ажырашкан жарандар да сотко кайрылып, алимент өндүрүү боюнча чечим чыгарта алышат. Мыйзамдын негизги принциби – баланын кызыкчылыгы.

– Айрымдар аткаруу барагын сот аткаруучуга убагында бербей коюшат. Бул кандай кесепеттерге алып келет?

– Сот чечими чыккан соң аткаруу барагы сот аткаруучуларга берилмейинче иш башталбайт. Кээ бир жарандар муну эске албай убакыт өткөрүп жиберишет. Натыйжада, бир нече убакыттан кийин алимент төлөөчү чет өлкөгө чыгып кетиши же жашаган жерин өзгөртүшү мүмкүн. Бул өндүрүү процессин кыйла татаалдаштырат. Ошондуктан соттун чечими чыккан замат документтерди тиешелүү органдарга өткөрүп берүү зарыл.

– Дарегин өзгөртүп, алименттен качкандарга кандай чаралар көрүлөт?

– Бул да олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Айрым жарандар алименттин өлчөмүн азайтуу максатында катталган жерин өзгөртүшөт. Мындай учурда аларды издеп табуу сот аткаруучулар үчүн кыйынчылык жаратат. Ошондуктан жоопкердин иш жүзүндө жашаган жерин аныктап, тиешелүү органдарга так маалымат берүү маанилүү. Ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү алкагында бардык балдар үчүн бирдей минималдык алимент өлчөмүн киргизүү маселеси каралууда.

– Айрымдар алиментти жаза катары кабыл алышат. Чынында ал эмне – жаза же укуктук механизмби?

– Алимент – жаза эмес. Бул баланын укугун коргоонун укуктук механизми. Мамлекет ата-энеге баланы багуу – экөөнүн тең милдети экенин эскертет жана аны аткарууга милдеттендирет. Алимент баланын тамак-ашына, кийимине, билимине, ден соолугуна жана толук кандуу өнүгүшүнө багытталат. Ошондой эле бул ата-энелик жоопкерчиликти мыйзам аркылуу бекемдөөчү инструмент. Бала ата-энесинин ортосундагы келишпестиктердин курмандыгы болбошу керек. Ажырашуу – жеке чечим, ал эми баланы багуу – өмүр бою сакталуучу милдет.

– Нотариалдык приказ деген эмне?

– Нотариалдык приказ – талаш жок учурда сотко кайрылбастан эле нотариус аркылуу алимент өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берген жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип. Нотариус чыгарган документ аткаруу күчүнө ээ болуп, түздөн-түз сот аткаруучуларга берилет. Бул убакытты үнөмдөп, процессти кыйла ылдамдатат.