Психолог Полина Фурсова: Үй-бүлөлүк мамиледе жубайлар кандай ката кетиришет
4 март

Психолог Полина Фурсова: Үй-бүлөлүк мамиледе жубайлар кандай ката кетиришет

Биздин туруктуу экспертибиз, педагог-психолог Полина Фурсона Караван-Инфонун окурмандарына болочок күйөөнүн тиран экенин алдын ала кантип билүүгө болот, жубайлык жашоодо мамилени кантип туура түзүү керек ж.б. маселелер боюнча баалуу кеңешин берди.

– Турмушка чыккандан кийин күйөөнүн тиранга айланышы көп кездешчү көрүнүш эмеспи. Агрессорду турмушка чыга элек кезде кантип таанууга болот?

– Мамилелердин биринчи этабында, сезим пайда боло баштаган мезгилде организмибизде биохимиялык, когнитивдик жана эмоционалдык механизмдер активдешип, ал өнөктөштү кабыл алууга таасир берет. Дофамин жана окситоцин гормондору критикалык ой жүгүртүүнү жаап салат дагы, өнөктөштү идеалдаштырууга мажбурлайт, башкача айтканда, адам бул убакта «кызгыл көз айнек» аркылуу карайт.

Бул учурда потенциалдуу тиран дагы жумшак, апакай коенектей эле көрүнүп калышы мүмкүн. Албетте, мамиленин башталышында алар аяр, камкор, ал турмак романтикалуу болушу мүмкүн, анысы менен өнөктөшүнө жалган коопсуздук сезимин жаратат. Бирок аны менен катар айрым эске алчу белгилер да болот, аны байкаган аялдар абайлашы керек.

– Ал кандай белгилер?

– Камкордук көрүмүш болуп көзөмөлгө алат: кайда жүрөсүз, ким менен жүрөсүз, телефондогу жазышууларды жана чалууларды текшерет. Таанышуу этабында эле «Азыр ким менен жүрөсүң?», «Эмнеге менин билдирүүмө дароо жооп бербедиң?», «Геолокация же видео тастыктоо жөнөт, мен санааркап жатам» дей башташы мүмкүн. Башка адамдар менен байланышыңызды чектөөгө умтулат.

Кемсинтүү жана сарказм: бул биринчи убактарда «айыпсыз» тамаша иретинде болушу ыктымал, бирок эгер сиз өзүңүздү басынгандай сезсеңиз жана сизге күлкүлүү болбосо, анда бул ойлоно турган нерсе.

Маанайынын тез өзгөрүшү: ал азыр камкор жана сылык, бир мүнөттөн кийин капысынан ачуулуу, муздак адамга айланат.

Жоопкерчиликтен качуу: ал эч убакта күнөөлүү болбойт, көйгөйлөрүнө дайыма башкаларды күнөөлөөгө көнгөн. Өзү эмес, башкалар өзгөрүшү керек деп эсептейт – айланасындагылар, жетекчилик, мурда мамиле түзгөн адамдарынын баары «жаман», баарына ошолор күнөөлүү. Мындай абалда келечекте бардык көйгөй үчүн сиз күнөөлүү болушуңуз ыктымал.

Сиздин каалооңузду сыйлабайт, тандооңузду сындайт, бүт нерсени бир гана ал жакшы билээрине ынандыргысы келет.

Суранычты этибарга албайт. Көбүнчө жабышкак болот, баш тартканыңызга карабай жазат, чалат. Аял каршы экенин ачык билдиргенине карабай, жолугушууга мажбурлайт.

– Полина, азыр жубайлар үй-бүлөлүк мамиледе кайсы катачылыкты көп жасашат?

– Үй-бүлөлүк мамиле – бул сый-урматты жана өзүңдүң үстүңдөн иштөөнү талап кылган татаал, динамикалык процесс.

Кеңири тараган каталардын бири – адамды өзүнүн каалоосундагыдай кылып өзгөртүү. Сүйүү – бул көзөмөл же өзгөртүү эмес, бул кабыл алуу. Эгерде кайсы бир нерсе чындап эле тынчсыздандырып жатса, сындагандын ордуна, аны чогуу-чаран талкуулоо керек.

Мамилелердеги дагы бир феноменди мен «ойду окуу» деп айтам. Көпчүлүк өнөктөшү каалоосун автоматтык түрдө табышы керек деп эсептейт. Өзүнүн суроо-талабын ачык айтуунун ордуна, унчукпоо согушун ойношот – диалогдон качышат, таарынычты топтошот, өнөктөшү эмне маселе болуп жатканын өзү ойлонуп табышы керек. Бул эмоционалдык муздактыкка жана ажыроого алып келет.

Биздин мамилелерге таасиин берүү чоң ката – өнөктөштү башкалар менен салыштыруу. Анын жакшы жактарын баалагандын ордуна, «Курбума күйөөсү күн сайын гүл берет экен, а сен мени такыр баалабайсың, сүйбөйсүң» же «Кесиптешимдин аялы бүт иштерди жасап жетишет, а сен дайыма чарчап басып жүрөсүң» деп башташат. Бул өзүн баалоо сезимдерин мокотуп, мамилеге жарака түшүрөт.

– Анда кантип туура сүйлөшүү керек? Жубайлар бири бирине кайсы сөздөрдү көп айтууга тийиш?

– Кандай мамиле болбосун – бул диалог, көңүл буруу жана колдоо. «Мен сени сүйөм», «Сен мага керексиң», «Мен сага ишенем», «Мен жаныңдамын», «Кечирип кой», «Мен сени менен сыймыктанам» деген сөздөрдү укканда кандай сезимде болосуз? Эгерде бул сөздөр сизде жагымдуу сезимдерди жаратып, көкүрөккө жылуулук, жүзүңүзгө жылмаюу алып келсе, демек, ал сиз үчүн чынында эле өтө чоң мааниге ээ. Сөздө жылуулук жана сый-урмат канчалык көп болсо, мамиле да ошончолук бекем болот.