Алтынбек Жумаев: СССРдин «жабык, жашыруун шаары» Майлуу-Суу  – туткунга түшкөндөр жана сүргүнгө айдалгандар байырлаган
15 июнь

Алтынбек Жумаев: СССРдин «жабык, жашыруун шаары» Майлуу-Суу  – туткунга түшкөндөр жана сүргүнгө айдалгандар байырлаган

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаары облустук борбордон 95, ал эми Бишкектен 550 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 850-1200 метр бийиктикте жайгашкан.  Өзбекстан менен чектешет. Калкы – 26 793, көп улуттуу: кыргыздар – 22 280, орустар – 1 868, өзбектер – 1 763, татарлар – 763, башка улуттагылар – 119.

Бул шаар кендин мекени катары таанымал. 1929-жылы академик Ферсман Майлы-Сай аймагында радиобарит кендерин ачкан. Кийинчерээк андан башка да пайдалуу кендер табылган.

Мына, ушундай кызыктуу фактыларга чөмүлгөн шаардын мэри Алтынбек Жумаев менен маектештик.

– Шаарды биз уран ж.б. кендер чыккан шаар катары билебиз. Ушул боюнча тарыхын айтып берсеңиз?

– Майлуу-Сууда алгачкы кен 1901-жылдан тартып казылып баштаган. Ал жылдары азыр шаар жайгашкан аймакта мунайзат казылып алынган. Ошондон улам дарыя «май суу» – Майлуу-Суу деп аталып, кийин ал шаарга берилген.

Кийинчерээк академик Ферсман тарабынан радиобариттин кендери ачылган.

Ал эми 1950-жылдары Советтер Союзу боюнча геологиялык чалгындоолор башталып, уран изделген. А Орто Азияда бул кен эбак эле табылган, бирок колдонуу ыкмалары табыла элек болчу. Ошондо, болочок Майлуу-Суунун тоолорунан да табышкан. Б.Н.Хоментовскийдин эскерүүлөрүнө караганда, геолог Я.К.Писарчик Түндүк Ферганада күкүрт кенин издеп жүрүп, Майлуу-Суу кенине туш келген. Бул 1934-жыл болуп калат, айрым маалыматтарга караганда 1932-жыл. Ошентип, 1935-жылдан 1941-жылга чейин А.А.Данильянцтын жетекчилиги алдында кен чалгындалып, анда 49 миң тонна уран запасы бардыгы аныкталган.

Кенди иштетүү 1946-жылы башталып, 1968-жылга чейин уланган. Анан акыркы кен жайы жана завод жабылган.

– 22 жыл ичинде канча көлөмдөгү кен казылып алынган?

– Эки гидрометаллургиялык завод иштеп турган, жалпысынан 10 миң тонна уран казылган. Буга байланыштуу 1968-жылга чейин 22 миң адам жашаган Майлуу-Суу жабык шаар статусуна ээ болгон. Бүгүнкү күндө шаарда 26 793 адам жашайт.

– Шаарда бир гана кен казуу иштери жүрбөй, андан башка да маанилүү объектилер жайгашканы айтылат. Алар кайсылар?

– Бул жерде СССРдин Коргоо министрлигинин НАТОнун ядролук стратегиялык күчтөрүнүн активдүүлүгүнө көз салууга мүмкүндүк берген 12-Башкы башкармалыгынын 54286 аскер бөлүгү жайгашкан.

Ошондой эле эки байытуучу фабрика иштеген, ал жерге бир гана Майлуу-Суудан казылып алынган кендер эмес, Фергана өрөөнүндө жайгашкан жакынкы кендерден – Шакафтар, Кызыл-Жар ж.б. чийки зат жеткирилип турган. Ал турмак Чыгыш Германиядан, Чехословакиядан жана Болгариядан да келген.

– Жергиликтүүлөрдүн эсинде калган, айтып жүргөн окуялар болсо керек?

– Аксакалдардын жана тарыхчылардын айтымында, согуш жылдарында америкалыктар Өзбекстан менен чектешкен Маданият айылына учак менен келип конушчу экен. Ал жакка кыргыздар эшекке уран кенин артып барышып, бир баштыгын бир долларга сатышкан. Сүргүнгө айдалган башка немистерге кошулуп Майлуу-Сууга 1946-жылы ата-энеси менен келген Ирина Фельк анын туугандары да башка тургундарга кошулуп, эшекке кен артып барышканын эскерген. Америкалыктарга кен ташуу максатында 100 баш эшек сатылып алынганы да айтылып жүрөт.

Биздин шаардын кызыктуу тарыхы бар тургундары көп. Алардын бири жогоруда аталган Ирина Фельк. Фридрих Карлович болсо поволжскийлик немис, апасы Дагмара Юлиусовна Ленинградда төрөлгөн, Красноярскиде У-235 лагеринде эмгек армиясында болушкан. Согуштан кийин аларга кетүүгө уруксат берилип, тандоо иретинде Казакстан менен Кыргызстан сунушталган экен, Кыргызстанды тандашкан.

Шаарыбыздын  биринчи жашоочуларына чынында кыйын болгон. Аларды Көк-Таштын жанындагы жайдак талаага, Майлуу-Сууга таштап коюшкан. Жашаш үчүн узун саман алачыктарды курушкан. Отко тамак жасашкан. Ошолор жолду, биринчи үйлөрдү салышкан. Андан соң  Кара-Агача районуна отурукташып, жер казып, өздөрүнө үй курушкан.

– Ошондо шаардын алгачкы тургундары дээрлик башка жактан көчүрүлүп келгендер болгон экен да?

– Ооба, мындай тагдырдагы адамдар шаарыбызда көп болгон. Атайын көчүрүлгөндөрдөн тышкары, комбинатта алгачкылардан болуп сыноо-тандоо лагеринде жүргөн пэфээловчулар иштеген. Ал жакка согуш жылдарында туткунга түшкөн же оккупация болгон адамдар жайгаштырылган. Башында лагерь тегерете тикенек зымдар менен курчалган, 1948-жылы зым тосмо менен мунараны алып салып, адамдар кенен-кесири баса баштаган, бирок пэфээловчуларга шаардын аймагынан чыгууга тыюу салынган, комендатурада күн сайын катталып турушкан, ушундай эле тартип атайын көчүрүлгөндөргө карата да колдонулган. Саясий мамиледе чектөөлөр болгону менен аларга экономикалык жактан кемсинтүү болбогонун белгилей кетейин. Эркин жумушчулар канча айлык акы алса, алар да ошончо айлык акы алышкан, ээлеген жумуш орундары да башкалар менен бирдей болгон. Иштөө шартына эч ким даттанган эмес. Жаш инженерлер бул жерде эмгек бир топ натыйжалуу жана коопсуз болушу үчүн жүрүшкөнүн түшүнүшкөн. Кандай болгондо да жакшы жактары аз эмес болчу. Биринчи кезекте – жогорку айлык акы.

Бул жакта иштеп кетип, кийинчерээк Украинанын Жогорку советинин депутаты болгон, персоналдык пенсионер Нина Андреевна Бродецкая пенсиясына көп салымды 50-жылдардагы «тройкадагы» иши кошконун жазган, ал цехтин начальниги болгон экен. Ар башка тармакта айлык акы ар башкача коюлган. Бирок москвалык камсыздоо баарына бирдей эле.

– Жакшы жактары менен кошо начар жактары, көйгөйлөр да болсо керек?

- Ооба, көйгөй деле аз болбогон. Бул биринчи кезекте аймактын геологиялык мүнөзүнө таандык өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Тоодон көчкү көп түшкөн. Жанында мунай зат менен газ жайгашкан.  Метан топтолгон. Бул өрт жана жарылуу коркунучун жараткан. Анан да шахталарда күкүрт суутеги болгон. Концентрация азыраак маалда адам чириген жумуртканын жытындай жыт сезет, а качан көбөйгөндө жыт жок, бирок билинбей эле адамдын өпкөсүн жабыркатат, катуу уулантат. Албетте, шахталарда күкүрт суутек жана метан боюнча аба үлгүлөрү дайыма алынып турган, жумушчулардын баарына атайын лампалар берилген, ачык отту колдонууга тыюу салынган. Бирок ага карабай авария орун алып турган.

– Урандын запасы кайсы жылдары түгөндү? Атайын көчүрүлүп келгендердин андан аркы тагдыры кандай болду?

– Өткөн кылымдын 60-жылдарында урандын запасы жакын арада түгөнөрү, демек, комбинат жабылары белгилүү болгон. Жумушчулардын кайсы бир бөлүгү башка ушул сыяктуу ишканаларга кеткен, мисалы, Түндүк Казакстандагы, Забайкальедеги комбинаттарга.

– Ал эми кетпей калгандар кандай иш менен алектенишкен?

– Майлуу-Сууда калчуларды жумуш менен камсыз кылуу алдын ала пландалган. Ал үчүн 1964-жылдын декабрь айында Электролампа заводун куруу башталган.

Ал – жалгыз гана СССРдеги эмес, Европадагы ири заводдордун бирине айланган. 1966-жылы ишкананын башкы корпусу эксплуатацияга берилген. Бир жылдан кийин негизги өндүрүштүн беш линиясы 2,4 миллион электрлампасын чыгарган.

1970-жылы завод жылына 307 электрлампасын чыгарган долбоордук кубаттуулукка жеткен.

Совет маалында Электрлампада 6 470 жумушчу, инженер-техникалык кызматкерлер ж.б. эмгектенген. Заводдун өзүнүн Маданият үйү, спорт комплекси, бала бакчасы, эс алуу базасы, санаторийи болгон. Бардык шарты каралган үйлөрү бар жаңы микрорайон түптөлгөн.

1977-жылы Майлуу-Суу заводу 307 миллион долбоорлук кубаттуулук менен 342 миллион электрлампасын чыгарган.

Заводдун жетекчилеринин арасында жаштарга кадыр-барктуу болгон белдүү инсандар болгон, алар: Андрей Федосеевич Кузьменко, Владимир Филиппович Семченко.

– Уран өндүрүү кесепеттерсиз калбаса керек, калдык сактоочу жайлар толук жок кылынганбы?

– Албетте, шаардын өндүрүштүк өтмүшү көптөгөн уран калдыктары көмүлгөн жайларды калтырды. Алардын баары жарым-жартылай калыбына келтирилген жана рекультивацияланган. Бирок дагы деле жергиликтүү калктын ден соолугуна жана экосистемага коркунуч келтирген калдыктар сакталган жайлар бар.

– Шаардын өндүрүштүк тарыхын калыбына келтирүүгө болобу, бул боюнча аракеттер жасалып жатабы?

–и Майлуу-Суу чакан гидроэлектростанцияларды, айнек, жүн жана курулуш материалдарын чыгаруу жаатын өнүктүрүүдө мыкты потенциалга ээ. Ушул тармактарга басым жасоого болот.

2022-жылдын 16-июнунда шаарыбызда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен форум болуп өткөн, анын максаты шаардын инвестициялык потенциалын илгерилетүү жана социалдык-экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүнө дем берүү болгон.

Форум Улуттук инвестиция агенттигинин, жеке сектордун, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Европа Комиссиясынын, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин, БУУнун агенттиктеринин жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин өкүлдөрү үчүн шаардын экономикасын жандандыруунун көйгөйлөрүн жана келечегин жана анын мындан аркы туруктуу өнүгүүсүн талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп калды.

Форумдун алкагында Майлуу-Суу шаарынын тарыхы жана Кыргызстандын уран мурасы музейи ачылды – бул Борбор Азиядагы ушул өңүттөгү жалгыз музей. Музей ар бир адам тиешелүү тарыхый материалдар, окуялар жана эскерүүлөрүн үн жаздыруучу кабинада бөлүшө ала турган, ошондой эле радиациялык коопсуздук жана уран калдык сактоочу жайларды утилдештирүү сыяктуу ар кандай темаларда ачык талкууларга катыша ала турган "жандуу" мейкиндик катары иштелип чыккан.

– Бүгүнкү күндө шаардын өнүгүшү канчалык деңгээлде? Кандай ишканалар жана мекемелер бар?

– Учурда ири чарбалык субъект болуп “МС ЛЗ” ЖЧКсы эсептелет, ал жакта 1200 адам иштейт.

Андан сырткары коммуналдык ишкана, маданият бөлүмү, дене тарбия жана спорт бөлүмү, Социалдык камсыздоо, Социалдык фонд, почта, статистика бөлүмү, шаардык кеңеш, билим берүү бөлүмү, архитектура, Кадастр, ӨКМ бөлүмү, салык башкармалыгы, прокуратура, ички иштер бөлүмү, санэпидемстанция ж.б. мекемелер жайгашкан.

Мектепке чейинки тарбия берүүчү 7 мекемеде жана эки балдарды өнүктүрүү борборунда 1105 бала тарбияланууда, 7 мектеп бар, анда 4711 окуучу билим алат. Мындан тышкары, шаарда 3 орто кесиптик окуу жайлары жана 1 кесиптик лицей бар:

•          Медициналык колледж – 445 студент;

•          Майлуу-Суу колледжи – 671 студент;

•          Борбор-Азия колледжи – 540 студент;

•          №76 кесиптик лицей – 225 окуучу.

Саламаттыкты сактоо Жалпы дарыгердик практика борбору тарабынан ишке ашырылат, ошондой эле «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын өзүнүн поликлиникасы иштейт.

Шаар 1968-жылга чейин жашыруун жабык шаар болгондуктан, документтер шаардык архивке өткөрүлгөн эмес, ушул убакка чейин РФ РОСАТОМдо сакталат.