Шолпан Мамытова, балдар психологу: “Баланы өзгөртүүдөн мурда ата-эне өзүн өзгөртүшү керек”
28 май

Шолпан Мамытова, балдар психологу: “Баланы өзгөртүүдөн мурда ата-эне өзүн өзгөртүшү керек”

Азыркы коомдо балдардын психологиясы, тарбиясы, ата-эне менен болгон байланыш мурдагыдан да маанилүү болуп калды. Социалдык тармактардын таасири, үй-бүлөдөгү мамиле, ашыкча талап, зомбулук мунун баары баланын ички дүйнөсүнө түздөн-түз таасир этет. Балдар психологу Шолпан менен болгон маекте биз ата-энелер көп көңүл бурбай кеткен, бирок баланын келечегине чоң из калтырган маселелер тууралуу сүйлөштүк.

– Ата-эненин катасы баланын мүнөзүнө канчалык таасир этет?

- Бала бул дүйнөнү эң биринчи ата-энеси аркылуу тааныйт. Кандай сүйлөө, адамдарга кандай мамиле кылуу керек, өзүн кантип алып жүрүү керек баарын үйдөн үйрөнөт. Ошондуктан ата-эненин жашоодогу чечимдери, каталары, көз карашы баланын мүнөзүнө чоң таасир берет.  Мисалы, кээ бир ата-энелер «мен бул кесипти өзүм каалаган үчүн эмес, ата-энем айткан үчүн тандагам» же «акчасы көп болот деп ушул тармакка киргем, кийин бул менин кесибим эмес экенин түшүндүм» деп айтып калышат.

Эгер ата-эне ушундай нерселерди баласына чынчыл айтып берсе, бул бала үчүн чоң сабак болот. Анткени, бул нерседен бала “ката кетирсе болот, эң негизгиси аны түшүнүү” деген нерсени үйрөнөт. Ал эми катасын жашырып, өзүн башкача көрсөтүүгө аракет кылса, бала аны баары бир сезет. Ошондуктан көп учурда биз баланы өзгөрткүбүз келет, бирок эң биринчи өзүбүздү карашыбыз керек. Эгер балабыз жакшы адам болуп өссүн десек, өзүбүз дагы ошондой болууга аракет кылышыбыз зарыл.

– Үй-бүлөдөгү уруш-талаш баланын келечектеги мамилесине таасир этеби?

– Албетте, үй-бүлөдөгү атмосфера баланын келечектеги мамилесинин фундаментин түзөт. Бала ата-энесинин бири-бирине болгон мамилесин көрүп чоңоёт. Кийин ошол көрүнүштү кадимки жашоо катары кабыл алат. Эгер ата апасын сыйлап, камкор болсо, жоопкерчиликти сезип турса, уул бала дагы аялзатына ошондой мамиле кылууну үйрөнөт. Кыз бала болсо, аялдын үйдөгү ордун, өзүн баалоону апасы аркылуу сезет.

Тескерисинче, үйдө уруш, кыйкырык, басынтуу көп болсо, балада дагы ошондой түшүнүк калыптанат. Андай үй бүлөлөрдө чоңойгон уул балдар  эркек үстөмдүй кылыш керек деген ой менен чоңоёт. Ал эми кыз бала жашоо ошондой кабыл алып, жашоодо өзүн баалабаган, орой мамиле жасаган адамды тандап алышы мүмкүн. Анткени бала үчүн сүйүү деген нерсе бала кезде көргөн мамиле менен өлчөнөт.

– Гаджеттер менен социалдык тармактар баланын психикасына кандай таасир берип жатат?

– Азыр социалдык тармактар чоңдорго дагы, өспүрүмдөргө дагы абдан күчтүү таасир берип жатат. Интернеттен адамдардын кооз жашоосун, идеалдуу мамилесин, ийгилигин көргөн сайын адам өзүн башкалар менен салыштыра баштайт. Бара-бара реалдуу жашоодон алыстап, виртуалдуу дүйнөгө жакындап кетет. Өспүрүм куракта бала өзүн издей баштайт. «мен киммин? Менин баалуулугум кандай?» деген суроолор жаралат. Ошол учурда социалдык тармактагы “идеалдуу” образдар алардын өзүнө болгон ишенимин түшүрүп коюшу мүмкүн. Бала дагы ошондой жашоого жетүүнү каалайт. Бирок интернеттеги көп нерсе жасалма болгондуктан, ага жетүү кыйын сезилет. Натыйжада бала өзүн жетишсиз көрүп:
«Мен андай эмес экенмин» деп өзүн төмөн баалай баштайт.

– Жабык, сүйлөбөгөн баланын ички дүйнөсүн кантип ачса болот?

– Эң биринчи баланын темпераментин түшүнүү керек. Кээ бир адамдар табиятынан тынч, аз сүйлөгөн болушат. Бул  нормалдуу көрүнүш. Бирок мурда ачык болуп жүрүп, кийин өзгөрүп кетсе, анда анын себебин изилдөө зарыл. Практикамда ошондой балдар көп болгон. Алар менен акырын, шашпай иштегенде убакыттын өтүшү менен ачыла башташкан. Эң негизгиси  баланы мажбурлабоо керек. Көп ата-эне мындай учурда «эмнеге сүйлөбөйсүң?» деп басым жасап коёт. Бул тескерисинче баланы дагы көбүрөөк жабат. Кээде бала жөн гана угулганды, түшүнүлгөндү каалайт.

– Бала агрессивдүү болуп жатса, эмне кылыш керек?

– Көп учурда бул  баланын ичиндеги басылып калган эмоциялардын белгиси. Мисалы, бала “бокска баргым келбейт» дейт. Бирок ата-эне «бокска барсаң күчтүү болосуң» деп өз каалоосун таңуулайт. Бала макул болгону менен, анын чыныгы каалоосу артта калып кетет.

Жалпысынан балдарды көп уга беришпейт. Алардын каалоосу, эмоциясы эске алынбай калат. Ачуулануу, капалануу  бул кадимки базалык эмоциялар. Бирок «Ыйлаба», «Ачууланба», «Унчукпа» деп баса берген сайын, бала эмоциясын ичине жыйнайт. Ошол топтолгон сезимдер кийин агрессия болуп чыгат. Көп учурда ата-эне баланын агрессиясын гана көрөт. Бирок анын артында угулбай калган эмоциялар жатканын элес алышпайт.

– Мугалим менен ата-эне баланын психологиялык абалын кантип бирге көзөмөлдөшү керек?

– Бала эң биринчи ата-энем мени түшүнөт жана коргойт деген ишенимде болушу керек. Бул бала үчүн абдан чоң коопсуздук сезимин берет. Ал эми мугалим ар бир баланын мүнөзү ар башка экенин түшүнүп мамиле кылса, жакшы жыйынтык болот.  Кээ бир балага катуу талап эмес, жөн гана жакшы сөз жетиштүү. Эң негизгиси – ата-эне менен мугалим байланышта болушу керек. Баладагы өзгөрүүлөрдү бирге байкап, сүйлөшүп турушса, көйгөйдү эрте байкоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

– Жогорку талап баланы күчтүү кылабы же сындырабы?

– Менин оюмча, ашыкча талап көп учурда баланы сындырат. Кээ бир балдар 5ке гана окушум керек, эң мыкты болушум керек деп өзүнө өтө чоң жүк артып алышат. Алар тынымсыз аракет кылып, көп энергия коротот. Бирок бара-бара чарчап, өзүнүн чыныгы каалоолорун жоготуп коёт. Кээде бала максатына жеткен күндө дагы ичинен бош болуп калат. Ошондуктан балага жөн гана талап коюу эмес, колдоо көрсөтүү маанилүү. Ар бир баланын өзүнө таандык таланты бар. Ошону ачууга жардам берүү  эң туура тарбия болот.

– Жазалабаса, урбаса тарбия болбойт деген түшүнүк менен иш кылгандар дагы бар. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

– Бул өтө кооптуу түшүнүк. Баланы урганда ал  мен жаман экенмин деген ой менен чоңоёт. Эң жаман жери кийин зордук-зомбулукту кадимки көрүнүш катары кабыл алып калышы мүмкүн. Мисалы, дайыма урушуп, кол көтөрүлгөн үйдө чоңойгон кыз кийин ошондой мамилени сүйүү деп түшүнүп алышы ыктымал. Эркек бала болсо, күч колдонуу аркылуу маселе чечүүнү үйрөнүп калат. Ошондуктан баланы коркутуп эмес, түшүндүрүп тарбиялоо маанилүү. Балага мээрим эң чоң тарбия берет.