Канатбек Мурзахалилов: Борбор Азия – Россиянын жаңы приоритети
7 май

Канатбек Мурзахалилов: Борбор Азия – Россиянын жаңы приоритети

Украинадагы конфликттин уланышынын жана эл аралык чыңалуунун күчөшүнүн фонунда Россия барган сайын өзүнүн түштүк чек араларына активдүү көңүл бура баштады. Борбор Азия Москванын тышкы саясатынын башкы багыттарынын бири болуп калды. Жаңы ыкмалар, чакырыктар жана перспективалар жөнүндө тарых илимдеринин кандидаты, эксперт Канатбек Мурзахалилов айтып берди.

– Канатбек Сайтмуратович, Украинадагы окуялардын фонунда Россиянын тышкы саясатындагы Борбор Азиянын орду кандай өзгөрүлдү?

– Бүгүнкү күндө Борбор Азия өзгөчө орунду ээлейт. Украинадагы жаңжалдын жана дүйнөлүк туруксуздуктун фонунда Москва аймактагы таасирин күчөтүүдө. Эгерде Крымдын жана төрт жаңы облустун Россияга биротоло кошулуусу шке ашса, ал өлкөнүн стратегиялык приоритеттерин өзгөртөт. Калкы 75 миллиондон жана жалпы ИДПсы 400 миллиард доллардан ашкан аймак маанилүү транспорттук жана экономикалык түйүнгө айланууда. 2022–2024-жылдары Россиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү болжол менен 30%га өстү, ал эми жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын саны 50дөн ашты. Мунун баары Борбор Азия Россия үчүн узак мөөнөттүү келечектеги негизги багыттардын бири болуп баратканын көрсөтүп турат.

– Кайсы өлкөлөр аймакка таасир этүү үчүн атаандашууда?

– Борбор Азия үчүн атаандаштык чындап эле күчөдү.

Мисалы, Кытай «Бир алкак – бир жол» демилгесин активдүү түрдө алдыга жылдырып, инфраструктурага, транспортко жана энергетикага миллиарддаган доллар инвестиция салууда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды.

АКШ «Борбор Азия + АКШ» форматы аркылуу реформаларды колдоп, альтернативдүү соода-транспорт коридорлорун түзүүдө.

Европа Биримдиги жашыл энергетиканы жана санариптик технологияларды өнүктүрүүгө басым жасоодо.

Түркия Түрк мамлекеттеринин уюму аркылуу өзүнүн катышуусун кеңейтип, экономикалык жана маданий байланыштарды активдүү бекемдөөдө.

Иран дагы Каспий багыты аркылуу логистикалык жана соода долбоорлорун алдыга жылдырып, активдүүлүгүн арттырууда.

– Россия өзүнүн Борбор Азиядагы позициясын кандай ыкмалар менен бекемдейт?

– Москва бир нече багыт боюнча иш алып барууда. Биринчиден, ЖККУ аркылуу аскердик-саясий кызматташтык. Үзгүлтүксүз биргелешкен машыгуулар («Бузулбас бир туугандык», «Чек ара»), курал-жарак жеткирүү жана улуттук абадан коргонуу системаларын интеграциялоо.

Мисалы, 2025-жылдын 27-апрелинде Кыргызстан Россиядан С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин алды – бул 2023-жылы башталган абадан коргонуунун бириккен системасынын бир бөлүгү болуп калды. Ушундай эле келишимдер Казакстан, Белоруссия жана Тажикстан менен да бар. Өткөн жылы Россия Тажикстанга сегиз С-300 установкасын өткөрүп берген. Ошондой эле Кыргызстанда Канттагы Россиянын авиабазасы ишин улантууда.

Экинчиден, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында экономикалык интеграция. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын ЕАЭБ менен товар жүгүртүүсү 16%га өстү.

Акырында, гуманитардык жана билим берүү жаатындагы кызматташтык узак мөөнөттүү байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү элементи болуп калууда.

– Билим берүү жаатында эмнелер болууда?

– Россия Борбор Азияда өзүнүн билим берүү долбоорлорун активдүү өнүктүрүүдө.

Кыргызстанда Ош шаарында Россия мамлекеттик социалдык университетинин жана Кант шаарында Казан улуттук изилдөө технологиялык университетинин филиалдары иштейт. Бишкек шаарында Казан федералдык университетинин филиалын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Президенттер Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун демилгесинин алкагында, Кыргызстанда өзүнчө долбоор ишке ашырылууда: Бишкек жана Ош шаарларын кошо алганда, ар бир облустук борбордо тогуз заманбап орус тилдүү мектептерди куруу. Бул мектептерде окуу процесси россиялык жана кыргызстандык стандарттар боюнча жүргүзүлөт. Мындан тышкары, 1993-жылдан бери Бишкек шаарында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети ийгиликтүү иштеп келет.

Өзбекстанда Россиянын жогорку окуу жайларынын 14 филиалы иштейт. 2024-жылы Казан федералдык университетинин Жызак шаарындагы жана Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин Ташкент шаарындагы филиалдарынын программалары кеңейтилди.

Казакстанда ММУнун, Москва авиациялык институтунун, «МИФИ» улуттук изилдөө ядролук университетинин, ошондой эле И.М.Губкин атындагы Россия мунай жана газ университетинин Атырау шаарындагы филиалы (2023-жылдын сентябрь айында ачылган) активдүү иштейт.

Тажикстанда Ломоносов атындагы ММУнун, «МИСиС» улуттук изилдөө технологиялык университетинин, «МЭИ» улуттук изилдөө университетинин жана Россия-Тажик славян университетинин филиалдары ийгиликтүү иштеп жатат.

Түркмөнстанда Ашхабад шаарында 2023-жылы Россия-Түркмөн университетинин курулушу башталды.

– Бул кызматташтыкта Кыргызстан өзүнүн позициясын кантип бекемдейт?

– Кыргызстан Борбор Азиядагы Россиянын эң ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. С-300дү алуу, биргелешкен машыгууларга катышуу, Канттагы авиабазанын иштеши - мунун баары өлкөнүн коопсуздугун күчөтөт.

Кыргызстандын президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилиги Россия менен экономикалык, гуманитардык жана аскердик кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдалануу менен бирге Кытай, Түркия, ЕБ, АКШ жана араб дүйнөсү менен да мамиле курууну улантып жатат.

– Борбор Азия өлкөлөрү Россия менен кызматташуудан кандай пайда табышат?

– Бул, биринчи кезекте, инфраструктураны, энергетиканы жана транспортту модернизациялоо.

Билим берүү программаларына катышуу дагы чоң мааниге ээ. Акыркы маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Россиянын жогорку окуу жайларында Борбор Азия өлкөлөрүнөн 185 миңге жакын студент билим алат, алардын 68 миңге жакыны бюджеттик негизде окушат. Мында сөз окуу акысын төлөө жөнүндө гана болуп жаткан жок, анын ичине жатакана акысы жана стипендия төлөө да кирет. Көрсөтүлгөн жардамдын көлөмүн эске алсак, аймактан келген студенттерди колдоонун жалпы көлөмү абдан чоң сумманы түзөт деп айтууга болот.

Мындан тышкары, «Түндүк – Түштүк» транспорттук коридору сыяктуу биргелешкен долбоорлор сооданы жана логистиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

– Ирандын аймактагы жана Россия менен кызматташуудагы ролу кандай?

– Ирандын ролу бүгүнкү күндө байкалаарлык түрдө күч алууда. Тегеран Россияны, Иранды жана Индияны Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан аркылуу байланыштырган «Түндүк – Түштүк» эл аралык транспорттук коридорун активдүү өнүктүрүп жатат.

Иран Каспийде жаңы портторду куруп, транспорттук каттамдарды бекемдеп, Борбор Азия өлкөлөрү менен сооданы кеңейтүүдө.

2022–2024-жылдары Ирандын Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен товар жүгүртүү көлөмү кыйла өстү.

Россия үчүн бул кызматташтык логистикалык агымдарды диверсификациялоонун жана батыш санкцияларынан көз карандылыкты азайтуунун маанилүү элементине айланды.

– Сиздин көз карашыңызда Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилеси жакынкы жылдары кандай өнүгөт?

– Келечекте кызматташтык кеңейе берет окшойт. Москва транспорттук жана энергетикалык долбоорлорго активдүү инвестиция салууну, санариптик экономиканы өнүктүрүүнү, илимди жана билим берүүнү колдоону пландаштырууда. Аймактагы өлкөлөр Россия, Кытай, АКШ, Европа жана Түркиянын ортосундагы күчөгөн атаандаштыктын шартында саясий көз карандысыздыгын сактоо менен бирге, экономикасын модернизациялоо үчүн бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет кылышат.

Жалпысынан, Борбордук Азия Россия үчүн коопсуздук кызыкчылыктары жана экономикалык перспективалар топтолгон маанилүү аймак бойдон кала берет.

– Маегиңиз үчүн рахмат, Канатбек Сайтмуратович!

– Сиздерге да кызыктуу суроолор үчүн рахмат. Аймак өзгөрүүнүң маанилүү этабында турат, ушул учурда даанышмандык менен чечимдер кабыл алынса, ал көп жагынан Борбор Азиянын келечеги кандай болоорун аныктайт.