Айсулуу Алмаз: Жубайлар финансылык жактан сабаттуу болсо, үй-бүлөдө тынчтык орнойт
“Сенин канча кирешең болгону эмес, киреше-чыгашаларыңды, чөнтөгүңдү канчалык деңгээлде башкарганың сени бай кылат” деген сөз бар жана бул менин урааным”, – дейт эл аралык финансы чөйрөсүндө он жылдан ашуун тажрыйбасы бар финансист Айсулуу Алмаз. Ал финансылык көз карандысыздыкка жетүү боюнча кезектеги кеңешин бөлүшүп, бул сапар адам жеке бюджетин кантип түзүшү керектигин жана бул нерсе үй-бүлөдөгү чырды кантип азайтары тууралуу айтып берди.
Жашооңо ээ болуу үчүн чөнтөгүңдү башкар
Канча көп акча тапсаң дагы, аны башкарганды билбесең, финансылык көз карандысыздыкка жетүү оор болот. Чөнтөккө ээ болуу менен биз жашообузга ээ болобуз. Анткени, канчалык акча маанилүү эмес деп айткың келсе да, ар бир кыймыл акча менен байланышкан, кааласак-каалабасак да, ал жашообузда маанилүү орун ээлейт. Мен бюджет жасоонун эң негизги 6 тепкичин түшүндүрүп берейин.
Чоң-чоң компаниялар, ал турмак мамлекеттер да ишин жүргүзүүдө кийинки жылы канчалык деңгээлде өнүгүү болоорун бюджет аркылуу аныктайт. Бул жөнөкөй адамдарга да керектүү нерсе. Бюджет түзүү менен алдыдагы 3, 5, 10 жылда кайсы максаттарды ишке ашырууга мүмкүн болоорун билүүгө болот.
Бюджет жасоо менен сиз айына канча акча тапканыңызды жана канчасын эмнелерге коротконуңузду так билесиз. Айдын аягында чөнтөгүңүздө канча акчаңыз калды (а негизи канча акча калышы керек болчу, эгерде кереги жок чыгымдардан оолак болгонуңузда) жана иштеп тапкан кирешеңиз каалооңузду канчалык деңгээлде канааттандырды – билесиз, ошондой эле, жубайлар ортосундагы “сен көп короттуң, сен аз таптың” деген сыяктуу дооматтардын да алдын алат.
Бюджет жасоо десе татаал формулаларды элестетебиз. Жок. Бул жөнөкөй дептерге эле жазылчу жеке эсеп. Мисалы, канча малыңыз бар, канчасы тууду, канчасы тоого чыкты, канчасы ал жактан кайтып келди, малчыга канча төлөдүңүз, тоютка канча сом кетти – мунун баары ошол малдын чыгашасы кирешесинен ашкан жокпу, мал багуу сизге пайдалуу болуп жатабы – маалымат берет. Жылдын аягында отуруп алып, бул жылы кирешеге иштедимби же чыгашагабы деп анализ чыгарууңузга көмөк көрсөтөт.
Жолдошум экөөбүз жаңы баш кошконубузда Стамбулда жашачубуз. Жаңы жубайлар көп маселеден бири бирине оюн эркин айтуудан тартынышат. Ким канча таап жатат жана ким үй-бүлөлүк бюджетти туугандарга таратып атат дегендей маселе жаралат. Мына, ошондо биз бюджетибизди жүргүзүп баштадык, баары алаканга салгандай болду. Так максаттарды койдук жана ага умтулуп баштадык.
Негизи үй-бүлөдө акча жана төшөк интимдүү маселе. Бул ачык айтылбайт, бирок көп чыр ушул нерселерден улам чыгат. Акча боюнча ачык айтып сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, бюджет жардамга келет. Ал жактан бири бириңе түшүндүрүп отурбай, жазылган цифраларды гана көрүү жетиштүү. Акчаны башкаруунун ушул стили үй-бүлөнүн тынчтыгын сактайт.
1. Реалдуу максат – план коюу
Көп учурда бюджет жасайбыз, акча чогултабыз, бирок анын так максатын билбейбиз. Мисалы, биз биринчи бюджет түзгөндө, үй сатып алууну каалаганбыз. Бул 2013-2014-жылдар болчу. Ошол кезде Бишкекте бир бөлмө батир болжол менен 20 миң долларга бааланчу. Биз ушул суммага таяндык, бюджетибизди түзүп, киреше-чыгашаларыбызды аныктап, канча жылда үй ала алаарыбызды болжолдуу эсептедик жана ошол максатыбыз үчүн иштеп баштадык. Бирок ар бир адамдын каалоосу ар башка, балким сизде үй бар, бирок саякаттагыңыз келет же дагы башка максат. Ошол нерсеге умтулуңуз, кыялыңыздын баасын билиңиз жана киреше- чыгашаңызды ошого багыттаңыз. Максат жок туруп акча чогултуу анчалык жыйынтыгын бербейт.
2. Кирешелерди эсептөө
Барак жана калемсап алып, жазып баштаңыз: бул айда канча киреше болот – бул туруктуу айлык, кошумча киреше - балким үйүңүздү ижарага бересиз же кошумча иштериңиз бар же банктагы депозиттериңизден пайда түшүп жатат. Баарын тизмелеңиз. Мында салыктарды алып салып, колуңузга тийчү нак акчаны эске алыңыз.
3. Чыгашалардын түрлөрүн аныктоо
Киреше-чыгашаларды жазганда, чыгашаларды шагыратып жазып алып, анан айдын аягында “аа, мынча кетириптирмин” деп жыйынтыктап коюу жетишсиз. Ар бир чыгашаны анализдөө керек. Эмнелерге коротуп жатасыз?
Чыгашалар үч категорияга бөлүнөт:
1) Туруктуу чыгашалар – буга өзгөртүүгө мүмкүн болбогондор кирет – ипотека, ижара акысы, коммуналдык төлөм, балдардын мектеби ж.б.
2) Өзгөртүүгө мүмкүн болгон чыгашалар – тамак-аш, косметика, кир жуучу каражаттар, кийим-кече, көңүл ачуу ж.б. Буларды азайтууга мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, арзанырак косметика алуу, тамак-ашты үйдөн жасап жеп, кафе-ресторандарга барууну азайтуу же былтыркы куртканы быйыл да кийип, ага кетчү акчаны үнөмдөп калуу.
3)Сезондук чыгашалар – туруктуу эмес, бирок болуп турчу чыгашалар: той, шерине, көлгө барып эс алуу, саякатка чыгуу, кредит төлөө ж.б. Буларды да каалоо болсо, өзгөртүү мүмкүн.
Сиз чыгашаларды жазууда ар бирин категорияга бөлүңүз. Анан жыйынтык чыгарыңыз: бул айда тойго мынча акча сарптаптырмын, кийинки айда дагы канча той бар, анын канчасына барып, кайсынысына барбай койсом болот?
4. Бюджетти жума жана ай сайын текшерүү
Бюджетиңизди жазып баштадыңыз, бир жумадан кийин текшериңиз. Кайсы жерден ката кетирдиңиз, кайсы чыгаша алдыга озуп кетти, аны артка калтырууга мүмкүнчүлүк бар беле – анализдеңиз. Кийинки жумада ал каталарды оңдоого аракеттениңиз. Анан айдын аягында аракетиңиз канчалык ишке ашты жана бир айда кетирген чыгаша канча болуп, келген киреше канчага жеткенин байкаңыз.
