Айчүрөк Борукеева: «Таштардын темасы башкы планда болгону менен түпкүрүндө таш аркылуу чагылдырылган коомдогу актуалдуу бир топ маселе камтылды»
2024-жылдын август айында Кыргызстанда кезектеги жаңы көркөм тасманын ачылышы болгон. 35 жаштагы Ильяздын тагдыры аркылуу ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, байланыш чагылдырылган. Тарбиялык мааниси бар тасманын режиссеру Айчүрөк Борукеева анын жаралыш тарыхы, идеясы, тартуу учурлары тууралуу Караван-Инфого айтып берди.
– Айчүрөк эже, сиз тарткан кинонун аты өзгөчө. Эмнеге «Таш» деп атадыңыз? Эл биле бербеген таштарды сактап калайын көпчүлүктүн көңүлүн бурайын дедиңизби?
– «ТАШ» социалдык драма жанрындагы автордук фильм. Таштардын темасы башкы планда болгону менен түпкүрүндө таш аркылуу чагылдырылган коомдогу актуалдуу бир топ маселе бар. Көрүүчүнү уникалдуу, тарыхый, башкысы сырдуу таштар аркылуу фильмдин өзөгүнө карай татаал бир нече сызык аркылуу чиеленген белгилүү да белгисиз да тагдырлар менен коштоп алып жүрүү эле. Коргоого да сактоого да муктаж болуп турган табийгый сырдуу таштарды коомчулукка алып чыгуу менен демейде маани бербеген жаратылышыбызда не бир деген тарыхый мурастарыбыз катылып турганын ачыктап, мекен жайыбыздын ыйыктыгын, табышмагын жана адам табиятынын айлана-чөйрө анын ичинде жеке өзүн таануусу артыгы да кемтиги да менен чагылдырылды. Көрүүчүнүн ташты кабыл алганы бир, фильмдин маанисин түшүнүп, анализдеп, өзөгүн аңдай алганы экинчи маселе. Фильмде көп нерсе бар, кунт коюп, окуяны кууп көргөнү көптү баамдайт.
Акыркы 30 жыл ичинде ата журтубуз нелерди гана жана кимдерди гана көрбөдү?! Жердигинен түтүп берди го. Ошол жерден киндигин үзүп канчалар тиричиликтин артынан түшүп бала-чакасынан бери кудайга тапшырып, дүйнө кезип кетти, алдуу, алсыз, бай-кедейи чыгып, алдым-жуттумдары жер бетин тытмалап, казып-чачып, колго тийгенин сатып, ушул ташына чейин укуп-чукуп самолёт менен жүктөп алыскы-алыскы океандын ары жагындагы өлкөлөргө чейин узатып жиберишти. Табият боздоп, жаныбар сезип турганчалык да боло албай баратабыз. Келечекте глобалдык катасрофаларга алып келүүчү жагдайды айтпаганда да адамдын адамга, керек болсо эртеңкисине кайдыгер болгон абалга өтүп алганынын өзү эле инсанияттын турпатындагы чоң жоготууга баратканынын далили. Фильмде көрүүчүгө ак-кара, адал-арам, бата-каргыш, адеп-ахлак, тарбия, миграция, аксакалдар институту, муундар ортосундагы байланыш, экология, коррупция, кайып дүйнө дагы башка бир топ меселелерди камтыган окуяларды көрүүчү өзү чечмелеп, жыйынтык чыгара алса анда фильм максатына жеткени.
– Аңсезимди ойготкон, турмуш чындыгын чагылдырган "Таш" тасмасы көрүүчүлөрүн таптыбы?
– Өз көрүүчүсүн тапты. Мени кубантканы улуу муун, интеллигенция, ата-энелер жана да сүйүнгөнүм «киргиз» болуп калгандар менен мектеп окуучуларынын фильмди түшүнгөнү болду. Жеткиликтүү болсун деп орусча, англисче субтитри менен даярдаганбыз. Фильмдин каарманы Илиястын мууну бүгүнкү күндө да жеңил фильмдердин тегерегинен өйдө ой жүгүртө албай калганы биз кабыл ала турган чындык болуп турат. Ал эми окуучулардын мээси таза, ачык. Кинодогу ар бир сюжетти өздөрү аралашып жүргөндөй кабыл алып, көргөнүнө таң калдым. Адам болууну, табият менен таттуу мамилени, жаман-жакшыны ушундай фильмдер аркылуу көргөзсө айрыкча балдарга жеткиликтүү болот экен. 3 мектепке көргөзгөндөн соң, фильмдин ар бир сценасы өзүнчө даяр тарбиялык саат болгонун көрдүм, жаштар үчүн дагы сабакта далай талкууга тема болгонун туйдум. Кызыгы балдардын ушул фильмди атам, өзгөчө апам көрсө экен деген ою бизге алда нелерди туйгузду. Шаардык улан фильмди алгач өзү көргөн соң апасына улам- улам, көрсөңүз деп кулак кагыш кыла бериптир. Көрсө, айрым учурда апасынан алыста өткөн балалыгынан, эне мээримине болгон сагынычынан кабар бере албай кыйналган тура дейт. Баламдын башынан өткөргөнүн эми түшүндүм, айрыкча энелерге сабак болду бул фильм деген эненин пикирине үндөш ойду жеке мага эле бир нече апа билдирди. Көрүүчүлөрдүн көбү тарыхый таштарга, Кыргызстанынын ажайып табиятына суктанып, айрымдарына ишенип-ишенбей, өз көзү менен көргүсү, баргысы келген кызыгуусун билдирип жатышат. Айтор, фильмден ар бир көрүүчү өзүнө таныш жана сабак болчу көп нерсени тааный алат деп ойлойм.
– Кинодогу керемет кадрларды тартуу, жылкылардын көлдө сүзгөн сулуулугун чагылдыруу чоң түйшүктү жараткан жокпу?
– Жаратканга чексиз рахмат, кыргызга ажайып бейиштей жерди бериптир. Ырысыбыз тоодой экен, төрт мезгилди көрүп рахаттанып жашап жатабыз. Эми ошол кереметибизди баалап-барктап, сактап, аздектей турган күнгө келдик го дейм. Тартуу иштери жүргөн Аксы да Кара-Көл шаары да жаратылышынан сулуу ары сырдуу аймак. Мындай жерде иштей эле бергиң келет экен. Иштин оор-жеңили көпчүлүк учурда команданын кесипкөйлүгүнө байланыштуу эмеспи. Ишке тойбой турган команда топтолду. Локацияларды алдын-ала жеринен көрүп, бир нече жолу барып тактап, бекитип келип кадрларды коючу операторго тааныштырып жаттык. Тартуу учурунда композитор Мурзали Жеенбаев мырзага да байма-бай жиберип, ал кишинин да бүйүрүн кызытып турдук. Сүрөтчү Абдулалим Мамадалиев, коючу оператор Күлчоро Нурсеитов, үн режиссёр Темирлан Жумабеков тартуу процессинде жакшы команда болуп беришти. Үчөө тең кадр коюда изденген, аракетчил кесипкөй, режиссер, операторлор. Кудай жалгап жылкыбыз эки кадр алууда Аксынын Кара-Камыш көлүн эки жолу тең бир дубль менен сүзүп өтүп берди. Кара-Камыш жайлоосун тээ бабаларынан бери жердеген Майрамбек Саркулов деген азамат тулпарды коё берер көлдүн жээгин мерчемдеп сууга айдап киргизип берди эле, дал биз күткөн жерден сүзүп чыгып келип ишти жеңилдетти.
Үйүр-үйүр сулуу жылкылар Ак- Жол айылынын тургуну Кичике Сартмырзаев аксакалдын жана Авлетим, Мукур айылынын жылкылары.
Кайып дүйнөнүн перилерин Сары-Челектен тарттык. Алдын-ала белгилеген жерибизди таппай калып, чытырман карагат, кожогат, тикенектерди аралап, сойлочу жерде сойлоп отуруп үч жолу түшүп- чыгып айтор төртүнчүсүндө араң эптеп таап, техникалык топ да, кыздар да тиш сындырган муздак көлдү кечип иштеп беришти.
Ал эми дал кульминациялык акыркы сценанын бири Илияс менен куугундун таштагы сценасын тартуудагы аркыраган шамалды айтпай эле коюңуз! Колдогу, үстүдөгү кийим эмес адамды кошо учура тургандай өзгөчө шамал болду. Ошол учурда табият кошо зыркырап тургандай, таштар сүйлөп жаткандай туюлду. Анткени андан мурдагы тарткан сценабыз фильмдин киришүү бөлүгү болгон Илияс менен Шириндин таштагы кездешүүсү үнсүз ый менен коштолгондой тим эле мемиреген жымжыртыкта тартылды эле. Байкаганыздардай жалаң жогорку профессионал артисттерди тарттык. Улуу-кичүү баарына рахмат. Ар бир кадр сүйлөгөндүктөн жада калса эпизоддогу каармандардын да ролу абдан маанилүү эле.
– Кино тартуунун ырахаты чоң бекен же түйшүгү көп бекен? Бул жагдайды жон териңиз менен сездиңиз. Кайсыны көбүрөөк экенин байкадыңыз?
– Сүйүп жасаган ишиңден алган рахаттан ашкан рахат барбы! Агартуу, тарбиялык багытты беттеген максатта иштеп жатсаң андан бетер жыргап, дилиңди төшөп иштейт эмессиңби. Эми түйшүгүн айтпай элен коёюн, кыскасы режиссер (кошумча сценарист, автор да) аял киши болсо боюңа бала көтөргөндөй тура. Ал эми финансылык түйшүгү фильмдин продюсери жолдошум Камчы Парманкуловдун: «Кино менен шайлоо окшош, таратып гана отурат экенсиң» дегениндей
– «Ташка» батпай калган идеяларды дагы кино тартууну максат кылып жатасызбы?
– Дагы деле ушул багытта, ушул жанрда эле тартсам деп турам кудай кааласа. Мага тынчтык бербей турган долбоорлорум бар, ошолорду жүзөгө ашыруунун аракетиндемин. Келечек муунга жакшы фильм бергим келет. Иштеп жатам.
