Токон Мамытов: БА биримдигинен беш республика жана беш республиканын эли бирдей утушка ээ болот
Акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу жаңы деңгээлге чыгууда. Эмнеге буга чейин БА мамлекеттери биримдикке келе алган эмес жана байланыштын учурдагы өнүгүүсүнө эмне түрткү болду? Ошондой эле, карым-катнаштын жаңы деңгээли келечекке кандай таасирин берет? Ушул суроолордун тегерегинде мамлекеттик жана саясий ишмер, КР УИАнын өкүлү Мамытов Токон ой калчады.
– Борбор Азия өлкөлөрүнүн ич ара мамилесинин жаңы деңгээлге чыгуусунун артында кандай факторлор турат?
– Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышка, карым-катышка баа берүүдө мурда бир нече факторлорду белгилей кетүү керек. Союз тарагандан бери 30 жылдан ашуун убакыт өтту. Борбор Азия республикаларынын байланышы 2018-жылга чейин солгун болду. 2018-жылдан 2022-жылга чейин мамилеси, өсүп-өнүгүүсү, алдыга жылуусу интеграция түрүндө болбой, алыстабай дагы, өтө жакындабай дагы параллелдүү багытта кетип жатты. Мен окумуштуулардын, саясатчылардын, эксперттердин эмес, жөнөкөй элдин пикирин айтып жатам, 5 республиканын карапайым эли дагы эмнеге биз тарыхыбыз бир, динибиз, дилибиз бир, базарыбыз, мазарыбыз бир эл болуп туруп, бир арыктан суу ичип жатып чырмалышып, байланышпай, ар бирибиз беш жол менен өз алдынча, бирок ошол эле учурда бир багытта баратабыз деп ойлонушкан.
Жогоруда 2022-жылга чейин дедим, эмнеге дегенде, 2022-жылдын 21-22-июлунда Чолпон-Ата шаарында БА республикаларынын президенттеринин кезектеги саммити болду. 2018-жылдан бери ушундай иш башталып, Астана, Ташкент жана Ашхабадда да саммиттер болгон, бирок үчөө тең формалуу өтүп, чечим, жыйынтык болгон эмес. Бул саммиттерди байкап тургандар чийки май жегендей болуп, мындай абал канчага чейин созулат деп калышкан.
2022-жылы биздин президент Садыр Жапаров ойлонду окшойт, кой андай болбойт, дежур саммиттерди өткөрбөй, кандайдыр бир жыйынтыкка жетүүбүз керек дедиби, өзү демилгелеп, БА өлкөлөр ортосундагы достук, кызматташтык боюнча документти алып чыгып, келишимге кол койдурду. Тилекке каршы, 5 республика катышканы менен анын экөө баш тартты: Түркмөнстан менен Тажикстан. Түркмөнстандыкы белгилүү, нейтралдуу статус деп дүйнө жүзүнө жарыялап коюшкан, бир дагы уюмга, аскердик дагы, башка дагы блокко кирбейбиз деп. Ошондон улам “мыйзамды буза албайбыз, ич ара ыкмасын издеп көрөлү, анан кошуларбыз, бирок биз силер менен” деген жүйөгө таянып баш тартышты. Тажикстан дагы “ички процедураларды жүргүзүп туруп кол коебуз” дегенчелик кылды. Калган үч өлкө кол коюшту. Дүйнө жүзү Кыргызстанга баа берип, таң берип, канча жылдан берки экономикалык, саясий, эл аралык мамиле, эл аралык укук жана гуманитардык багыттагы чоң кадам болгонун айтышты. Ошондуктан, БА мамлекеттер ортосундагы мамиле деп айтканда, дүйнө жүзү эң биринчи Чолпон-Атадагы ошол саммитти жана 3 президент кол койгон келишимди эстей турган болушту.
– Бирок өз учурунда ал келишимди декларативдүү документ катары атаган пикирлер жаралган?
– Келишимдеги баалуулук жана маанилүүлүк – биринчи, бул мамлекеттер эч качан бири бирине согуш ачпайт, эч качан мыйзамдарды, эл аралык, эки тараптуу келишимдерди бузбайт деген пунктар бар. Мындан тышкары, бири биринин суверендүүлүгүн, аймактык биримдигин сыйлайт. Ошондой эле, экономикалык, гуманитардык байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө болчу 4-5 пункт кабыл алынган.
Туура, айрымдар бул декларативдүү документ, аны иш жүзүнө ашырууга механизмдер жок деп айтып келишет. Бирок башка уюмдарды карасаңыз деле, ушул жолдон өтүшөт. Биринчи декларативдүү келишимге кол коюшат, анан кийинки кадамдар жасалат. Кыргыз айтмакчы “көч бара бара түзөлөт”.
– БА өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болду, ошондой эле Тажикстандын президенти келип кетти. Буларды кандай чечмелөөгө болот?
– Тажикстан Кыргызстан, Кытай менен чек арасын бекемдеп алганы менен тилекке каршы, Афганистан менен болгон чек арасы бир аз кооптуулук жаратат. Суу талаш маселеси бар. Тажик президентинин келиши ушул маселеге байланыштуу. Суу талаш маселесинен улам Афганистан, Тажикстан жана Казакстан – үч мамлекетте өтө оор кырдаал болуп жатат. Андан тышкары, чек арага байланышкан коопсуздук маселелери бар. Мына, ошолорду талкуулап, Кыргызстан менен болгон чек арасы боюнча документке кол коюп кетпеди беле, ал ратификация болуп, грамота алмашып, мындайча айтканда, дүйнө жүзүнө Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан бирөөлөрдү далдалчы, кеңешчи кылбай, өздөрү отуруп алып, талашып-тартышса дагы бир жыйынтыкка келген өлкөлөр катары таанылды. Бул эл аралык деңгээлде зор мааниге ээ болгон жогорку саясий баам.
– Россия Мамдумасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Кыргыз-Тажик-Өзбек президенттерин Лев Толстой атындагы тынчтык сыйлыгына көрсөтүүнү демилгелөөдө. Мында биздин президенттин салымы өтө белгилениптир. Деги эле тынчтыкты бекемдөөгө бул үч өлкө абдан үлгү болгону айтылыптыр. Буга пикириңиз кандай?
– Бул жөн жерден болуп жаткан жок. Леонид Слуцкийди Мамдуманын депутаты, комитеттин төрагасы катары гана белгилеп жатабыз, а чындыгында ал Россиянын саясий аренасында чоң, орчундуу орду бар саясатчы. Бул киши көтөргөн маселени орус парламенти, саясий элиталары өтө олуттуу кабыл алышат. Кыргыз президенти берген баасы – башкаларды ушулардан үлгү алгыла дегендей болду. Ошол эле Араб өлкөлөрү, арыскы өнөктөш, шериктештерге айтылгандай. БА өлкөлөрүндөй болуп, Жакынкы Чыгыш, Кавказ өз маселеңерди ич ара чечип албайсыңарбы деген кулак кагыш. Сыйлыкка көрсөткөн абдан жакшы, аны менен токтоп калбай, мындан да башка эл аралык сыйлыктарга көрсөтүшсө дейт элем.
Азыркы болуп жаткан иштер БА өлкөлөрүнүн биримдигинин башталышы гана. БА өлкөлөрү буга чейин да, азыр да саясий жана экономикалык аянтчада бир нече иш алып баруудабыз. Өкмөттөр аралык келишимдер бар, аларды ишке ашырууга өкмөт мүчөлөрү, министрлер иштеп жатышат. Унутпаш керек – 5 өлкө болсок, анын төртөө ШКУга мүчөбүз. ЕАЭБде Кыргызстан менен Казакстан бар. ЖККУга үчөөбүз киргенбиз: Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан. Албетте, ушул аянтчалар дагы БА өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөө аянтчасы болуп берет. Анан президенттердин саммити.
– БА өлкөлөрүнүн кызматташтыгы кайсы багыттарга басым жасашы керек?
– Бир нече багыттар бар: биринчи, суу маселеси. Экинчи, транспорт, себеби ШКУ, ЕАЭБге киргенден кийин жүк ташуу, соода маселелери болот экен. Үчүнчү, коопсуздук маселеси. Анан энергетика. Энергетика бүгүнкү күндө негизги факторлордун бири. Негизи ушул багыттардан баштап жумуштарды алып баратабыз. Мен ойлойм, БА өлкөлөрүндөгү келечек, биримдик же кеңеш дейбизби, аны убакыт көрсөтөт, айтор, бир багытта жылып баратканыбыз туура болгонун өзүбүз да, эл аралык коомчулук да түшүнүп турат. Ушул нерсени сактасак, андан беш республика тең утат жана алардын эли кошо утушка ээ болот.
