Сергей Глуховеров: Жибек жолун өнүктүрүү жана Өзбекстан менен маршруттарды бириктирүү Кыргызстандын туризмине кошумча пайда алып келет
12 август

Сергей Глуховеров: Жибек жолун өнүктүрүү жана Өзбекстан менен маршруттарды бириктирүү Кыргызстандын туризмине кошумча пайда алып келет

Кыргызстанды жыл бою үзгүлтүксүз туристтик багытка айландыруунун кандайжолдору бар? Жибек жолунун жана Өзбекстан менен кызматташуунун аркасында кандай келечектер ачылат? Эмне үчүн маршруттарды диверсификациялоо жана жаратылышты коргоо маанилүү? Бул жана башка суроолорго Travel Experts туристтик компаниясынын негиздөөчүсү, КАТОнун башкармалыгынын мүчөсү Сергей Глуховеров жооп берди. 

Ал тармактын учурдагы абалы, пандемиядан кийинки туристтердин жүрүм-турумундагы тенденциялар тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү жана эмне үчүн туризм жөн гана бизнес эмес, аймактардын жана жалпы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы экенин түшүндүрдү.

– Кыргызстандагы туризмдин азыркы абалын кандай баалайсыз? Акыркы жылдары эмне өзгөрдү?

– Туризм барган сайын өнүгүп жатат, адамдар туризмдин өлкө үчүн пайдасын түшүнө башташты, анткени мурда ойлогондой кирешени бир гана туркомпания эмес, бүтүндөй өлкө алат. Кардар Кыргызстанга келгенде, ал жатаканасына, тамагына, өлкө боюнча транспорттук кызматтарга, гиддерге, жергиликтүү шоу программаларга, кийиз жасоо боюнча мастер-класстарга төлөйт, бүркүттөр менен аңчылар менен таанышат, сууга түшөт, кол өнөрчүлөрдөн сувенирлерди сатып алат. Башкача айтканда, турист жыл бою тапкан акчасын Кыргызстанга алып келип, жылмайып туруп сарптайт да, аягында: "Чоң рахмат, мен сөзсүз түрдө тааныштарыма сиздин керемет өлкөңүзгө келүүнү сунуштайм" дейт. Туризм – бул баарына чоң пайда, биз аны адамдар түшүнүп, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө көбүрөөк күч жана энергия жумшап баштаганына күбө болуудабыз.

Кыргызстандын энчисине туристтерди суктанткан укмуштуудай жаратылыш тийген. Кыргызстан уникалдуу жаратылыш ресурстарына ээ жана алардын өзгөчөлүгү – сапарда баратканда ар эки саат сайын көрүнүштөр алмашып турат: тоолор, көлдөр, дарыялар, кызыл аскалар жана шаркыратмалар, аларга туристтер күн сайын суктанышат жана карагандан тажашпайт. 

– Туристтердин чоң агымы экосистемага зыян келтирбейби? 

– Тилекке каршы, көп жерлер туристтерге толуп кеткенин байкап жатабыз, бул экосистемага жана туристтер Кыргызстанды жапайы жаратылышы бар өлкө катары кабыл алуусуна терс таасирин тийгизет. Бир эле жерде көп сандагы туристтер болгондо, жаратылыш жабыркайт жана туристтер өздөрүн кандайдыр бир уникалдуу жерде жүргөндөй сезишпейт.

– Бул маселени кантип чечсе болот? 

– Аны чечүүнүн бир жолу – туроператорлор, гиддер жана айдоочулар туристтердин агымын бөлүштүрүү үчүн мурда туристтерге сунушталбаган жаңы багыттарды: чокуларды жана капчыгайларды сунуштай башташы керек. Миң турист бир капчыгайга кирип, ошол жерде болгону бир башка же аларды жүз кишиден он капчыгайга бөлүп, ар кайсы убакта киргизүү башка. Алар бири-бирин көрүшпөйт, жаратылышка да ашыкча күч келбейт жана баарына пайдасы тиет.

– Пандемиядан же геосаясий окуялардан кийин туристтердин каалоолорунда өзгөрүүлөр болдубу? 

– Пандемиядан кийин көптөгөн туристтерде эл көп чогулган жерлерде болуудан коркуу сезими пайда болду. Бул жагынан алганда, аймактарында жана тоолорунда чакан мейманканалар жайгашкан Кыргызстан абдан көңүл бурдурат. Чоң шаарлардагы беш жылдыздуу мейманканалар адамдарды чочутат, алар достору менен гана жаратылышта болууну каалашат. Ошондуктан, кичинекей үйлөрдүн туристтердин агымын тартууга мүмкүнчүлүгү бар.

– Туристтерди кантип тартабыз? 

– Өзбекстан менен маршруттарды бириктирип, Жибек жолун өнүктүрүү аркылуу. Өзбекстанда туристтик сезон жогору – бул жаз жана күз. Ал жакка көп сандаган туристтер келет жана биргелешкен турлардын жарнамасынын аркасында алардын бир канча пайызы Ош аркылуу Кыргызстанга өтүп, түштүктө, андан кийин түндүктө саякаттайт. Ташкент – Бишкек учак каттамы бар жерлерде туристтердин санын көбөйтө алабыз. Ошондо биздин жарандар жай мезгилинде гана эмес, жаз жана күз мезгилдеринде да акча таба алышат. Бул конок үйлөрүнө акча агымын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, ал эми гиддер менен айдоочулар башка жумуш издебей, кесиптен кетпей, өздөрүн туризмге арнай алышат.

Албетте, кыш мезгилинде лыжа жана сноуборд эле эмес, кадимки классикалык турлар дагы бар. Мисалы, кышында Ысык-Көлдү айланып, кар баскан капчыгайларга кирип, тоңуп калган шаркыратмаларды көрүп, даамдуу тамактарды жеп, бүркүтчүлөргө барып, тайгандарды көрүп, кийиз килем жасап, концерттерди угуп – мунун баарын кышында кооз атмосферада жасоого болот. Ошондо Кыргызстандын туризми жыл боюу пайда алып келет.