Чынара Мамажакыпова: «Бакыян-Асылбек Ата» – өндүрүүчү менен сатып алуучуну түз байланыштырган жаңы борбор
28 сентябрь

Чынара Мамажакыпова: «Бакыян-Асылбек Ата» – өндүрүүчү менен сатып алуучуну түз байланыштырган жаңы борбор

Бишкекте «Бакыян-Асылбек Ата» дүң базары ишке кирди. Аны ишкер Чынара Мамажакыпова негиздеп, расмий түрдө ишке киргизди. Базардын негизги максаты – кыргызстандык фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн продукциясын ортомчусуз сатып алуучуларга жеткирүү, сактоо жана логистика үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле экспортко чыгарууга көмөктөшүү.

– Чынара айым, жаңы базарды ачууга эмне себеп болду?

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүлгөн товарды сатуу маселеси актуалдуу. Өндүрүштү жолго коюу – бир башка, даяр продукцияны туруктуу өткөрүү – өзүнчө маселе.

Мисалы, акыркы жылдары тигүү тармагы жакшы өнүгүп, миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болду. Бирок кардар маселеси жаралганда айрым цехтер жабылып, ишкерлер кыйынчылыкка туш болушту. Анткени продукцияны бирдиктүү сатуу системасы жетиштүү деңгээлде түзүлгөн эмес.

Биз ушул көйгөйдү эске алып, «Бакыян-Асылбек Ата» базарын жөн гана соода жайы эмес, өндүрүүчү менен сатып алуучунун ортосунда түз байланыш түзгөн кластердик борбор катары өнүктүрүүнү көздөп жатабыз.

– Кластердик система дегенде эмнени түшүнүүгө болот?

– Биз өндүрүү, сактоо, логистика, дүң сатуу, экспорт жана кардар табуу сыяктуу процесстерди бир жерге топтоону көздөп жатабыз.

Башкача айтканда, фермер продукциясын өндүрөт, аны сактоо үчүн кампага жайгаштырат, андан кийин логистикалык кызмат аркылуу сатып алуучуга жеткирет же экспортко жөнөтөт. Бул процесстердин баары бир системанын ичинде иштеши керек.

– Базарда сиз айткан шарттар түзүлгөнбү?

– Базарда кеңири соода аянттары, чоң унаа токтотуучу жайлар, муздаткыч кампалар жана товар сактоочу жайлар каралган.

Мындан тышкары, логистикалык кызматтарды көрсөтүүгө жана экспорт-импорт багытында иш алып барууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Бул биринчи кезекте фермерлерге, өндүрүүчүлөргө жана дүң соода менен алектенген ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт.

– Ал эми базарга кимдер өз продукциясын алып келе алат?

– Негизги максат – Кыргызстандын фермерлерин, өндүрүүчүлөрүн жана ишкерлерин бир аянтчага бириктирүү.

Биздин өлкөдө экологиялык жактан таза жана сапаттуу азыктар көп. Эт, бал, мөмө-жемиш, жашылча, сүт азыктары жана башка табигый продукцияларга ички рынокто гана эмес, чет өлкөлөрдө да суроо-талап бар.

Ошондуктан ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн продукциясын кеңири рынокко чыгарууга шарт түзүү маанилүү.

– Экспортко кандай мүмкүнчүлүк түзүлөт?

– Биздин негизги максаттарыбыздын бири – кыргыз продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгаруу.

Бүгүнкү күндө көптөгөн өндүрүүчүлөр кардар табуу жана товарын чет өлкөгө жеткирүү маселесинде ортомчуларга көз каранды. Эгер кайсы бир өлкөдө мыйзам өзгөрсө, чек ара жабылса же талаптар күчөсө, бул биздин ишкерлерге түз таасирин тийгизет.

Ошондуктан биз өндүрүүчү менен чет өлкөлүк кардарды түз байланыштырган системаны түзүүгө аракет кылып жатабыз.

– Демек, базар бир гана соода үчүн эмес экен да?

– Ооба. Биз аны узак мөөнөттүү келечекте соода, сактоо, логистика жана экспортту бириктирген борборго айлантууну көздөп жатабыз.

Өндүрүлгөн товар сатылмайынча өндүрүштүн толук цикли түзүлбөйт. Өндүрүүчү өз кардарын билсе, продукциясын туруктуу сата алса, өндүрүшүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгү көбөйөт.

Мындай байланыш күчөгөндө жаңы ишканалар ачылып, фабрикалар иштеп, дыйкандардын кирешеси өсүп, жаңы жумуш орундары түзүлөт.

– Жаңы базардын негизги максатын так айтып бериңизчи?

– Кыргызстанда өндүрүлгөн сапаттуу продукцияны өндүрүүчүдөн сатып алуучуга түз жеткирген, сактоо, логистика жана экспорт мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген заманбап соода борборун түзүү.

Биздин максат – кыргызстандык фермерлерге жана өндүрүүчүлөргө туруктуу рынок табууга жардам берүү, экспорттук дараметти жогорулатуу жана өлкө экономикасына салым кошуу.

Дареги: Бишкек шаары, Свердлов району, Биримдик-Кут конушу, 2-көчө, 181/1.