Жангазы Бекболотов: Айылда жашап Олимпиада чемпиондорун даярдаган машыктыруучу
Жангазы Бекболотов – Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Жалал-Абад облусундагы эң жаш Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Бир убактарда спортук карьерасын ийгиликтүү баштап, бирок аны эрте токтотууга мажбур болгон спортчу учурда аталган облустагы Аксы районунун Жерге-Тал айылында өспүрүмдөрдү эркин күрөшкө машыктырат. Алыскы айылда жаштарды спортко үндөгөн тренер өзүнүн ишмердүүлүгү, анын оош-кыйышы жана сыймыгы тууралуу «Караван-Инфого» айтып берди. Белгилей кетсек, Жангазы Бекболотовдун машыгуусунан өткөн бир нече спортчу учурда эл аралык аренада мыкты көрсөткүчтөргө жетишүүдө.
– 1990-жылы Бишкектеги Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына тапшыргам, биринчи багытым спорт болду. Биринчи багытым дегеним, андан кийин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, андан соң Кыргыз улуттук университенде юридика, бажы жаатында билим алдым. Кийинчерээк, кайрадан биринчи багытыма кайтып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Дене-тарбия факультетин аяктадым.
– Спорттук карьераңызды токтотууга эмне себеп болду?
– Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында окуп жүргөнүмдө, күрөшүп, ийгиликтерди жаратып жүрдүм. Союз ыдырап жаткан маалда, 1991-жылы Киев шаарында олимпиадалык резерв окуу жайлары арасында КМШ Чемпионаты өтүп, анда 3-орунду алгам. 1993-жылы Минск шаарында өткөн КМШ окуучулар спартакидасында 5-орунга ээ болдум. Ушул эле жылы КМШ Чемпионатында жеке зачетто 5-орунга чыктым. Менин спорттон башка тармактан билим алуу же тандоо оюм жок болчу, тилекке каршы 19 жашымда спорттук травма алдым, “привычный вывих” деп коет эмеспи, колум ийнимден 3-4 жолу чыгып кетип, ден соолукка байланыштуу спортту таштоого туура келди. Машыктыруучулук ишимди шаарда деле жүргүзсөм болмок, бирок улгайган апамды караш үчүн айылыма кайттым.
– Айылдагы өспүрүмдөрдү машыктуруу идеясы качан, эмнеден улам келди?
– Балдар өздөрү мага келишти. 2008-жылы айылга кайтканымдан кийин, окуучу балдар топтошуп келип: “Жангазы аке, сиз күрөшүп жүргөн экенсиз, биз мектептин жер төлөсүнүн бир бөлүгүн даярдап, опилка төгүп койдук. Ошол жерде бизди машыктырып, билгениңизди бизге үйрөтүңүз”, - деп суранып калышты. Жаш балдар спортко кызыгып жатышса, мен кантип баш тартмак элем. Опилканын үстүнө палатка жаап, ошол жерден биринчи машыгуубузду баштадык. Байкасам, жөндөмдүү, спортко кызыккан балдар көп экен. Машыктыруучулук ишке ошентип, мени балдар кызыктырды, тартты, кантип бул ишти андан ары улантып, ал турмак баш-отум менен берилип кеткенимди сезбей калдым. 2011-жылы АРИСтин жардамы менен арзаныраак күрөшүүчү килем алдык. Анын үстүндө 3 жылдай иштедик. Кийинчерээк айылдын жаштарынын, акчалуу демөөрчүлөрдүн жардамы менен заманбап килем алдык. Ал арада жер төлөдөн мектептин бир классына көчтүк, эми болсо мектептин жараксыз абалга кептелген от жагуучу имаратын (котельный) алып, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Толук бүтүрө алган жокпуз, акыбалын жарым-жартылай жакшыртып, өзүбүзгө ылайыктап алып, машыгуубузду улантып жатабыз. Каражат болуп калса, аягына чыгарып алсак дегенде эки көзүбүз төрт.
– Сизде машыккан балдардан жакшы көрсөткүчкө жетишкендер болуудабы?
– Күрөштүн менин жашоомдогу маани-маңызы өтө чоң. Айыл жергесинде буга жөндөмдүү, кызыккан балдардын көп экендиги мага шык берди. Буйруса, бизде машыккан балдар райондук, облустук, республикалык деңгээлде күрөшүп, жакшы көрсөткүч көрсөтүп жатышат. Айта кетсем, Мырзаназар уулу Бекболот – Азиянын чемпиону, Дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалынын ээси, Эл аралык даражадагы спорт чебери. Он жылдан бери Кыргызстандын курама командасында күрөшүп жатат.
Аскат Токтомаматов – Азиянын коло медалынын ээси, 2024-жылы Таиландда өткөн Азия биринчилигинде экинчи орун – күмүш медаль алды. Быйыл Кыргызстан Чемпионатында 3-орунга ээ болуп, өлкөнүн курама командасына кирди.
Абдысаматов Баит – спорт чебери, Кыргызстандын курама командасында күрөшөт.
Абдиназар уулу Медербек – Азия чемпионатынын коло медалынын ээси.
Асылбек уулу Эрмат – Кыргызстандын эки жолку чемпиону, Азия чемпионатынын эки жолку катышуучусу.
Ушул беш бала эл аралык килемде жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттү, буйруса чоң спортто дагы да ийгиликтерди жаратат деп үмүт артуудабыз.
Бул балдардан башка дагы республикалык килемде ийгиликтерге жеткен балдарыбыз бар, бирок алар тууралуу азырынча айтпай турайын. “Балтыр эти толуп, баатыр сынына” келгенде, алар дагы өлкөбүздүн намысына жараарына ишенем.
– Жогоруда айткандарыңыздан улам ой жаралды: биринчи жер төлөдө, андан кийин от жагылуучу бөлөмдө машыгып жатыпсыздар. Спортко кызыккан балдар үчүн жакшыраак имарат табылбадыбы?
– Өтө эле кейиштүү абалга келип калган от жагылуучу имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрө баштаганыбызга 3-4 жыл болуп калды. Үйдөгү теректерди кыйып, тунике сатып алып, чатырын өз күчүм менен жаптым. Ичи-тышын шыбаттым. Айылдык кеңешке кайрылып, 300 миң сом акча бөлдүрүп, ага эшик-терезелерин, кийим алмаштыруучу бөлмөнү, душ жасаттым. Айылдын жаштары биригип, марафон уюштуруп, каражат чогултуп беришти, аны кошуп, элдин, өзүмдүн, айыл өкмөтүнүн күчү менен от жагылуучу имаратты жакшынакай абалга келтирип койдук. Толугу менен бүтө эле, бирок бүтө турган этапта. Эң башкы иштерди аяктап, машыгып жатабыз. Азыр кыш мезгилинде имарат суук, жылуулук системасын оңдош керек. Кире беришти жакшы абалга келтириш керек. Мына, ушундай майда-барат иштер калды. Балдарга шарт түзүп, колдоп берсек, айылдын же райондун эле эмес, облустун, республиканын намысын эл аралык аренада коргой турган балбандар өсүп чыгат. Учурда үч балам Кыргызстандын курама командасында машыгып жатат. Быйылкы жылдан тартып жаңы олимпиадалык цикл башталды, эми 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага Кудайдын колдоосу, өзүбүздүн аракетибиз менен жок дегенде бир лицензия алып калсак деген чоң үмүттөбүз.
– Машыккан балдар кандайдыр бир акы төлөшөбү же сиздин жасап жаткан иштериңиздин баары фанатизм иретинде болуудабы?
– Кайсы жумушту жасаба, анын чокусуна жетип, кандайдыр бир натыйжа берем десең, ошол нерсеге фанат болушуң керек. Энтузиазм, изденүү болушу керек. Башында айлыгы жок иштегем, балдар менен күрөшүп, машыктырып, кызыгуу менен эки жыл кантип өткөнүн деле билбей калгам. Анан Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын директору биздин айылга келип калып, ал убакта жер төлөдө элек, ылдыйга түшүп, машыгып жатканыбызды көрдү. Жардамым ушул болсун деп, жарым ставка менен жумушка бекиткенден кийин 4 миң сом айлык ала баштагам. Бирок мен үчүн айлык эмес, спорт мектебинин жетекчилигинин биздин ишти колдоп, кубаттоосу абдан таасирлентти.
– Машыгуу, машыктыруу менен гана чектелбесеңиздер керек, айыл же район аралык спорттук иш чараларды да уюштурасыздарбы, анда каражат жагы кандай чечилет?
– Албетте, мелдештерди уюштурабыз. Андайда элден жардам сурайбыз. Үйдөгү койлорду жетелеп чыгып, башка жактан келген тренерлерге дасторкон жайып, мейманкана болбогондуктан үйүбүзгө түнөтүп да жүрдүк. Ар кандай мелдештерге балдарды алып чыгабыз. Алардын тыйыны жетпей калса, өз чөнтөгүмдөн курсагын тойгузам, жол киресин төлөйм. Үйдөн алып кеткен акчасын бала да, майда-чүйдөгө жок кылып коюшат дагы, кайтаарда жол киреге акчалары жок болуп чыгат. Андайда бардык чыгымын өзүмө алам. Жок дегенде навай нан, суу алып берип, эптеп курсагын тойгузам. Мен муну милдет кылбайм, бул менин тандап алган жолум. Өзүңдүн кесибиңди чын дилден сүйүп, жан дилиң менен аракет кыла берсең, Кудай берет экен. Облус боюнча эң жаш Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу болдум. Мырзаназар уулу Бекболот түштүк региондон эң мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Анын артынан дагы да жөндөмдүү балдар чыгып жатат. Спорт деле мектеп сыяктуу. Мектепте мугалим сабакты жүрөгү менен берилип өтсө, бала түшүнөт, а эгер саатты карап, качан 45 мүнөт бүтөт деп атып, качып чыкса, бала билбеген бойдон калат. Биздин машыктыруучулук ишмердүүлүктө да ушундай – баланын артынан чуркап, тилин таап атып, билбегенин үйрөтөбүз.
– Экинчи атасы катары эле болуп калат турбайсыздарбы?
– Ооба, экинчи ата болуп калабыз. Курсагым ачты, колум ооруп калды, бутум ооруп калды деп арызданышат. Ар бир бала үчүн санааркап атып, нерв клеткаларың жабыркайт. Чынын айтканда, машыктырып, колдоо көрсөткөнгө караганда өзүң күрөшкөнүң жеңилирээк. Мелдештерде ар кандай болот: бир бала утулуп калып ыйласа, бири көтөрүмдүү болот. Ыйласа көз жашын аарчып, чогуу кейип, “сен мыктысың, кийинкиде сен сөзсүз утасың” деп сооротосуң. Учурда үч балам өлкөнүн курама командасында жүрөт дебедимби, алар кандайдыр бир маселе жаралса, атасына эмес, мага телефон чалышат. “Агай, жол киребиз калбады, витамин алыш керек болуп жатат, акча чогултууларга кошо турчу каражат жок болууда”, – дешет. Азыр заманбап спортто спорттук медицина чоң роль ойнойт, спортчулар витаминдерди ичип турушу керек. Мен депутаттарга, аттуу-баштуу айылдаштарыбызга чыгам, керек болсо жалдырайм. Балдар үчүн да. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштарды бүгүн колдоого албасак, эртең чемпиондору жок калабыз. Бир гана спорттогу чемпиондорду эмес, жашоонун дени сак, эрки күчтүү, жаман адаттардан алыс, түз жүрүп, туура баскан чемпиондорун тарбияласак – максатыбыз да, утушубуз да ушул эмеспи. “Дени сак улут – дени сак мамлекет” дегендей, жаштарыбыз ден соолугу чың, кайраттуу, өткүр болсо, өлкөбүздүн келечеги кең болот.
– Акыркы учурда спортко ыктаган жаштар көбөйүүдөбү?
– Мен тескерисинче айтат элем – акыркы беш-он жылда массалык кызыгуу азайды. Илгери залга батпай калышчу, азыр андан аз. Анткени уюлдук телефон, Интернет сыяктуу кызыгуу күчтүүлүк кылып баратат.
