Кыргыз киносу көшөгө артында: Атактуу тасмалар кантип тартылган
Ар бир ийгиликтүү иштин артында кызыктуу окуя сөзсүз коштоп жүрөт эмеспи. Кадр артындагы эсте калган учурларды эске салып атактуулар кызыктуу окуяларды айтып беришти.
Анара Назаркулова, КР эл артисти: "Арафат тоого мени кран менен чыгарышкан".

– Мен өзүм театрда актриса болуп иштеп келгеним менен киного абдан кеч келдим. Болгону төрт тасмага тартылсам, анын бири Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы болду. Бул тасманын артында окуялар аябай көп эле. Террорчулардын башчысы бизди кармап, балам экөөбүздү кордоп, сабаган жер бар эмеспи. Ошол кадр тартылып бүткөндөн кийин террорчулардын башчысы басып келип мага бир нерсе деди. Мен ага “сен жамансың” деп койдум. Котормочулар айтып жатышпайбы, көрсө, "сиз жакшы актриса экенсиз" дептир. Мен болсо бизди ур-токмокко алып жаткан немени "сен жамансың" деп атпаймбы. Ошол жерде мина чын эле жарылып кетчүдөй болуп, кулпуну кичинекей араа менен жанталашып араалаганым да таасирдүү болду. Биринчи араалап кулпуну сындырганымда абдан жакшы тартылдыңыз деп ураалап сүйүнүп жатканбыз. Кино тарткан топ кадрды кайрадан карап көрүшсө Эмилди суукта үстүнө жапкан жука жууркан кошо түшүп калыптыр. Экинчи кулпуну алып келип кайра тарттык. Ал да болбой калып үч кулпуну сындырып съёмкабызды аяктаганбыз. Арабияда "Арафат" тоого балдар көтөрүп бийик тоого чыгарат эмеспи. Бир учурда режиссёр токтогула деп кыйкырып калды. Көрсө, бийик тоого чыга албай каласыз деп мага кран даярдап коюшкан экен. Ошентип кран менен чыккам.
Илим Калмуратов, актёр: "Акылбек агамдын башы ачышканча чапкылай бериптирмин".

– Тасмаларга көп эле тартылып келе жатам. Кадр артында өзгөчө эсимде калганы "Белгисиз маршрут" тасмасындагы бир окуя болду. Ал тасмага Табылды Актанов, Асанкул Осмонов, Мукамбет Токтобаев, Асылбек Өзбеков, Күмөндөр Абылов, Дүйшөнбек Байдөбодов, Акылбек Мураталиев өңдүү чоң артисттер тартылганын билесиздер да. Ошол тасмада автобустун ичинде колго тийген буюм менен бири-бирибизди сабаган кадр бар эмеспи. Менин колумда өзүмдүн каарманымдын кол сумкасы бар. Боорунда темирден чоң бекиткичи бар союз убагында катчылар көтөрүп жүргөн сумка болчу. Режиссёр "мотор" дегенде эле баягы сумка менен туш келгенин чапкылап жаткам. Бир маалда Акылбек Мураталиев агам туш болуп калды. "Ох-иий, ох-и-ий..." деп эле башын корголоп аткан. Мен катуу берилип ойноп жатат деп эле чачы алынган тайгалак башына ура бердим. Токтоорубуз менен Акылбек агам мени акшыя карап эле башын сылайт. Көрсө, агамдын башы ачышканча сумканын темир бекиткичи бар жагы менен чапкан экенмин. Ыңгайсыз боло түштүм. Айла жок ар кандай айла менен кечирим сурадым. Азыр Акылбек агамды көргөндө ошол баш биринчи эске келет.
Айсалкын Кыйыкбаева, КР Эмгек сиңирген артистти: "Калчылдап, титиреп тоңуп турсак да жайды ойнодук".

– Кинону көргөн адам "жакшы” же “жаман" деп баа берип коюшу мүмкүн. Бирок ошол тасманын артында канча эмгек, түйшүк жатат. Артисттер сценарийде кандай сүрөттөлсө ошол боюнча ойноп беребиз. Жакында эле "Жеңижок" тасмасын Суусамырдан тартып келдик. Суусамырга буга чейин барсам деле мынчалык кооз жер экенин байкабасам керек. Арпасы бышкан кең талаасына суктанып бүтпөйм. Айтор соонун маанай менен съемка башталганы жаткан. Биздин кадр тартыларда баары башкача болуп кетти. Жеңижок жайдын аптабында катуу ооруп калат. Ошондо боз үйдө жатканда аялы мени чакырат. Боз үйдүн эшигин ачып кирип келгенимде мени менен кошо күндүн нуру кириш керек болчу. Боз үйдүн эшигине, түндүккө жайдын нуру төгүлүп түшүп турганды көрсөтүш үчүн лампа, жарыктарды коюшту. Болотай деген кайнимди ойногон актёр экөөбүз дал ошол эпизодго түшө турган маалда сыртта мөндүр аралаш шамал, бороон-чапкын башталды. Ошончо даярдангандан кийин токтобош керекпиз да. "Болотайды чакыр" дейт Жеңижок. Мен боз үйдөн сыртка чыксам бороон. Сыртта шүмүрөйүп кайнимди ойногон актёр турат, калчылдап тоңуп. Титиреп турсак да режиссёрдон "мотор" дегенди укканда сыр бербей кайра киребиз. Болбосо кадрда жай, сыртта мөндүр, шамал, күндүн бети көрүнбөйт. Тасмада ушундай да кызыктуу жагдайларга туш болобуз. Убагында түйшүктүү болгону менен кийин эстеп күлөбүз.
Жанара Борисова, актриса: "Аттан жыгылып же сүйрөлүп калсам эмне болот деп корктум".

– Ушул кезге чейин көптөгөн тасмаларга, клип, роликтерге тартылып келем. Ар бир иштин артында түйшүгү менен кошо эсте каларлык мүнөттөр да болот. "Умай эненин балдары" деген фильмге терс каарманды ойноп тартылып жаткам. Анда мен ат минип тартылышым керек болчу. Съёмка Көлдө болгон үчүн аттарды ошол жактагы айылдардан алышкан экен. Съёмка башталарда мен атка минерим менен жулкунуп, ала качып кетти. Балким ошол убакыт кимдир бирөө үчүн аз убакыт болгондур. Мен үчүн өлүм менен алпурушкандай эле болду. Жыгылып же сүйрөлүп калсам эмне болот деп жардам сурап кыйкырып жаттым. Азоолугунан эч ким жакын келип жардам бере алган жок. Кыйкырган менен пайда болбосун билдим да тизгинди болгон күчүм менен кармап силкип, өктөм үн менен "та-ак!" деп кыйкырдым. Ошондо гана баш берип токтоп берди. Көрсө, жаныбардын да мүнөзүн түшүнүш керек экен. Эгер өзүмдү жоготуп ызы-чууга алдырсам ошол жерден эмне болмок деп ойлой берем.
