Назирет Дубашев: «Биринчи гонорарыма алган шкаф дагы деле бар»
30 апрель

Назирет Дубашев: «Биринчи гонорарыма алган шкаф дагы деле бар»

Кино жаатындагы «кыргыз кереметтеринин» көч башында турган «Биринчи мугалим», «Жамиля», «Бакайдын жайыты» тасмаларын көрбөгөн кыргыз болбосо керек. Ал турмак улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык чыгармалар экрандаштырылган кийин дүйнөлүк көрүүчүлөрүн да тапкан. Мына, ошол тасмаларда роль жаратып, бизге чыгармадан тааныган Султан менен Сейиттин түспөлүн тааныштырган Назирет Дубашев Караван-Инфого киного аралашкан балалыгын эскерип, маек курду.

– Агай, «Биринчи мугалим» тасмасына тартылганыңызда 11 жашта экенсиз. Топ балдардын арасынан кантип кастингден өтүп кеттиңиз?

– 1965-жылы Бишкектеги №1 мектеп-интернатта 4-класста окуп аткам. Фильмдин экинчи режиссеру Клара Юсупжанова «кино тартылат, окуучу балдар керек» деп бир жолу биздин мектепке келиптир. Мектеп киностудиянын жанында болчу. Сабактан кийин 20 бала кастингге катышабыз деп бардык. Отургандар «мурдуңарды тарткыла» деген тапшырма берди. Байкасам, балдардын баары эле бышылдап тартып атышат. Мага кезек келген мурдумду «шор» эткизе тартып туруп жеңим менен сүртүп койдум. «Бийлегиле» дешти, тартынып бийлеген жокпуз. «Ырдагыла» дешти эле, эч ким ырдабай койду. Мага кезек келгенде бурчтагы шкафты көрсөтүп: «Шкафтын ичине кирип ырдасам болобу?» – десем макул болушту. Өмүрүмдө биринчи көрүп аткан кишилерден, арасында отурган орустардан тартындым да. Анан шкафтын ичине кирип алып: «Койбой жүрөм ой тобо, тогуз казан бозого тойбой жүрөм ой тобо», – деп үч куплет ыр ырдап бердим. Ошентип «Биринчи мугалим» тасмасындагы Субан деген каармандын эпизоддук ролун жараткам.

– Субан мектеп өрттөнгөндө сактап калам деп өрттү өчүрүп атып өзү күйүп өлөт эмеспи. 11 жаштагы бала үчүн бул ролду аткаруу канчалык кыйын болду?

– Биринчи мектепти өрттөп, өрттү өчүргөн жерин тартышты да. Ошондо кийизге солярка төгүп салышыптыр. Субан өлгөн жерин тартарда ошол кийизге мени жаткырып коюшту. Күйгөн баладай кылып көө шыбашты, бетимди чүпүрөк менен жаап коюшту. Жаткандан кийин баягы соляркага чыланган кийиз далымды ачыштыра баштады. Тыбырчылап турайын десем «кыймылдабай жат» дешти. Чыдап жата бердим. Тегеректе болсо аялдар заңкылдап кошок кошуп атышат. Алардын кошогун укканда «чын эле өлдүмбү?» деген ой келди. Колумду кыймылдатып көрүп “ии, тирүү турбайымбы” деп коем. Ошентип бир жагынан далым ачышып, бир жагынан өлүү же тирүү экенимди билбей съемка бүткүчө эки саат кыймылдабай жаткам.

– «Жамиля» тасмасына кантип тандалдыңыз?

– 1968-жылы режиссер Ирина Поплавскаянын жардамчысы Нина аттуу аял мени кастингге чакыртты. Сыягы “Биринчи мугалимден” көрсө керек. Сынакка 500 бала барыптыр. Фотосынактан өттүм. Мени менен тең чамалаш өзбек бала да өткөн экен. Негизи орустар өзбек менен кыргыздын айырмасын билишпейт.  Ролду бекитерде ошол өзбек баланын сүрөтүн көрсөткөн экен, Көркөм кеңештин курамындагы Чыңгыз Айтматов мени тандаптыр.

– Съемка бир топ кызыктуу окуялар менен коштолсо керек?

- Кино Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында тартылды. Мен эле эмес, баарыбыз көнгүчө кыйналдык. Эсимде калган окуя, чөп чөмөлөлөп аткан жерден Осмон Жамиляга тийишет эмеспи. Сейит чуркап келип жеңесине болушат да. Осмондун ролунда казак актёр Мухтар Бахтыгереев тартылган. Экөөбүз ошол жерин алгач 3-4 жолу репетиция кылдык. Даярданып атканда акырын эле түртүп аткан, съёмкага келгенде режиссёрлордун бири “катуураак түрт” деп кулагына шыбырап койду окшойт, дароо мамилесин өзгөртүп болгон күчү менен ыргытып жиберсе болобу!  Мындайды күтпөгөн жаным этим ооруп, көзүмөн от чагылыша түштү. Ыза болуп калдым. Съёмка бүткөндөн кийин Мухтар ага кино ушундай болорун айтып, эркелетип кучактап койгондо таарынычым жазылып кеткен.

– Киного тартылууга ата-энеңиз жөн эле макул болуштубу?

– Режиссердун жардамчылары ата-энемдин алдына барып түшүндүрүштү. Ортодо келишим түзүлүп «Жамиля» тасмасына тартылганыма 4 миң рубль төлөп беришкен. Ал кезде мындай акчага машина келчү. Ата-энем үйгө бир шкаф алгандары эсимде, ошол буюм дагы деле турат. Мындан тышкары мага күнүнө 2 рубль 60 тыйындан төлөшчү. Ал акчаны чогултуп классташ балдарымды киного киргизип, май токоч алып берип коротчумун. Кийим алдым. Ошо күнүмдүк алган акча мага кенен жетти.

– Бала кездеги тартылган кинолорду азыр көрөсүзбү?

– Ооба, көрүп турам. Өткөндө «Биринчи мугалимди» көрүп бир киноляпты байкадым. Субан күйүп өлгөндөн кийин элдер топтолушуп Дүйшөндүн алдына барышат эмеспи. Сценарий боюнча Субан өлдү да. Бирок ошол топтошкон элдин алдына түшүп алып бараткан  жерим бар экен. Күлкүм келди. Режиссерлор деле адашат да.

– Эмне себептен актердук өнөрүңүздү улантып кеткен жоксуз?

– Мектепти бүткөн соң режиссёр болгум келип Ленинграддагы окуу жайга тапшыргам. Биринчи курсту бүткөндө атам каза болуп калды. Убагында сессия тапшырууга  барганга шарт болгон жок. Кийин союз тарагандан соң киного деле мурдакыдай көңүл бурулбай калды. Ошону менен кесибимди алмаштырып темир жол тармагына өтүп кеттим.

– Баш-аягы канча киного тартылдыңыз?

– «Жамилядан» кийин «Уркуяда» тартылдым. Кийин «Мен – Тянь Шанда» эпизоддук ролдо шоопур болуп тартылдым. Армияга кеткиче казактардын тасмаларына тартылып жүрдүм.

– Үй-бүлөңүз тууралу айтып берсеңиз?

– Эки кыз, үч уулум бар. Баары үйлөнүп-жайланышкан. Байбичем мурун театрда иштеген. Ал тургай «Кызыл алма» тасмасында эпизоддук ролдо ойногон. Кудайдын буйругу экен, узакка созулган оорудан 63 жашында каза болгон. Бүгүнкү күндө кичүү балам менен шаардын четинде турабыз. Мал-чарба менен алектенем.