Зарыл Көгөева, КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаировдун апасы: «Назым терс каармандын ролун кантип ойноду деп таң калам»
Белгилүү актер, режиссер Назым Мендебаиров чыгармачыл үй-бүлөнүн уулу. Атасы – КР эмгек синирген артисти, акын Кенжекул Мендебаиров, апасы – Маданияттын мыкты кызматкери, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктын лауреаты Зарыл Көгөева. «Аккан арыктан суу агат» дегендей ата жолун жолдогон Назым Мендебаировду жарык дүйнөгө алып келген апасы Зарыл Көгөева менен маектештик.
– Зарыл эже, уулуңуз Назым кичине кезинде кандай бала эле?
– Биздин беш балабыз бар. Назым экинчиси. Агасы Шамбет уулум дагы режиссёр эле, кайтыш болуп калды. Назым бала кезинен эле китепти жакшы окучу, жоопкерчиликтүү бала болчу. Биз театрда иштегендиктен гастролдорго көп кетчүбүз. Көбүнчө 3-4 айлап кетчү элек. Ошол маалда таенесин алып келип таштачубуз. А бир ай, 10 күнгө чыгып калганда Назымга эле таштап кетип калчубуз. Уулум ишеничимди актап, өзүнөн кийинки эки карындашын, бир инисин тыпыйтып багып турчу. Мектепте абдан жакшы окуду. Үйдө болсо көмкөрөсүнөн түшүп жатып алып эле китеп окуй берчү. Мээңе кан куюлат деп далай жолу урушуп, эшикке ойно деп ойното алчу эмесмин. Ошонун акыбети кайтып, билимдүү уул болуп чоңойду. Негизи актер болот деген оюмда жок эле, жакшы окуп жатат, бир башка кесиптин ээси болот го деп жүрчүмүн.
– Актердук кесипти демек өз каалоосу менен эле тандаган турбайбы?
– Ооба, өзү тандады. Негизи мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырам деп кеткен. Бирок ошо театралдык студияга өзү барып, өзү эле өтүп алыптыр. Биз ата-эне катары өзү тандаган кесипти аркалай берсин деп каршы болгон жокпуз.
– Атасы КР эмгек сиңирген артисти Кенжекул Мендебаировду, анын калемине таандык «Сулууларга суктанууга акым бар» ырын билбеген кыргыз болбосо керек. Уулуңуз атасын көбүрөөк тартканбы же сиздиби?
– Уулумдун мүнөзү мага көбүрөөк окшош го деп ойлоп кетем. Себеби уулум өзүңөр баамдагандай токтоо, көп сүйлөбөйт, өтө сабырдуу. Өңү болсо куюп койгондой эле атасы. Чыгармачылык жагы атасына абдан окшош. Талыкпай эмгектенгени атасынын эле өзү. Атасы да 80 жашка чыкса да жаштар менен жарышып, ушул күндө да сахнада көптөгөн ролдорду жаратып, обон чыгарып, айтор чыгармачылык дегенде ичкен ашын жерге койгон адам. Назым бул жагынан атасына көбүрөөк окшош деп ойлойм.
– Уулуңуз кызматынан көтөрүлгөн учурда, мамлекеттик наамдарга жеткен маалдагы сиздин сезимдериңиз кандай болду?
– Албетте эне катары баламдын зор ийгиликтерге жеткени мени абдан кубандырат, кантип сүйүнбөй коеюн? Балаңдын иши көтөрүлүп, элге даңазаланып жакшы ийгиликтерге жетип атса, көтөрүлүп атса албетте кубанасың. Ата-эне деген баланын жакшылыгына сүйүнүп гана турат да. Өзү тырышчаак, ушунун баарына ак эмгеги, жумуш жанын сабап иштеген күжүрмөндүгү менен жетти деп ойлойм.
– Уулуңуз койгон спектаклдерге дайыма барып, кинолорун дайыма көрөсүзбү?
– Уулум өзүнүн ушунча жылдык чыгармачыл жолунда абдан көп спектаклдрди койду жана коюп жатат. Ошонун баарына бара албасам дагы баламдан сурап турам. Спектакль коюп жатат дегенде аны менен кошо толгонуп, утуру сурап, кандай тапшырып алды, премьерасы кандай өттү, эл кандай кабыл алды деп сурап турам. Жакшы десе кубанып калам, өзүм Нарын шаарында тургандыктан, Бишкекке барган сайын уулум койгон спектаклдерди атайын барып көрмөйүнчө кетпейм. Кинолорун болсо калтырбай көрөм.
– Адатта терс каармандардын образын көп жаратат, негизи жашоодо кандай адам? Тасмадагыдай катуубу же тескерисинчеби?
– Элдин баары эле уулумду тасмада кандай көрсө, ошондой каардуу деп ойлошот. Негизи турмушта тескерисинче өтө жумшак адам. Ушунча болуп, ата-энеси бизге да, башка адамдарга да орой мамиле жасаганын уккан эмесмин. Кинодо терс каармандарды ойноп калса, муну кантип ойноду болду экен деп таң калып калам. Негизи жашоодо жумшак эле балам бар.
– Баланы ийгиликтүү кылып тарбиялоонун сыры эмнеде?
– Баланы ийгиликтүү кылып тарбиялоонун сыры бизден эмес го, өзүнүн дээринен деп ойлойм. Өзү эмнеге шыктуу болсо, өзү эмнени кааласа, эмнени көксөсө, эмнеге жетем деп жан үрөсө ошого жетет экен. Ал эми атасы экөөбүз тең искусстводо жаатында иштеген үчүн “уядан эмнени көрсө ошону алат” дегендей, искусство жакка жакын болуп калганы ошондон го деп ойлойм.
– Бала канчага чыкса да ата-энесине эркелегенди жактырат эмеспи. Уулуңуз эркелеген учурлар болобу? Негизи кимиңиздерге жакыныраак?
– Туура, элге сүрдүү болгон менен үйдө бизге кадимкидей эркелейт балам. Көбүнчө алдыма жатып эркелеп калат, башынан сылап, чачын тарап сырдашкан учурларыбыз болот. Мага жакын го деп ойлойм. Уулум атасына караганда мени менен көбүрөөк сырдашат.
