Профессор Абдурашит Низамиев: Азыркы дүйнөнүн абалы – адам пейилинен көз каранды...
14 декабрь

Профессор Абдурашит Низамиев: Азыркы дүйнөнүн абалы – адам пейилинен көз каранды...

Коомдогу «популярдуулук» же адамдын кайсы бир жасаган эмгегине карата суроо-талаптын күчтүүлүгү, жандуулугу аны бүтүндөй элге, журтка таанытат. Адатта мындай белгилүүлүккө өнөр адамдары өз таланты, өнөрүнүн аркасы менен, сахнанын аркасы менен оңой жетишет. Бирок ошол эле учурда Улуу Жараткан ыроологон талант, шыгы сахнага эмес, башка тармакка багытталган инсандар бар арабызда. Алар илим-билим жаатында, медицина тармагында, өндүрүш тармагында, жана башка бир катар тармактарда өз ишине бүткүл өмүрүн арнап, жан дилин берип, адамзат үчүн эмгектенип келишет. Тилекке каршы мындай инсандар табиятынан өздөрүнүн жасаган опол тоодой эмгегин, жаңылыгын элге жар салбай, унчукпай жасашат.

Бүгүн биз кыргыз илимине туристтик чыйыр салган, география илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты, профессор, өмүрүн туризмди өнүктүрүүгө жана илимге арнап келе жаткан Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы Низамиев Абдурашит Гумаровичти жаратылыш, туризм, илим жолу, жалпы эле өмүр, жашоо тууралуу кеңири маекке тарттык.

– Агай, илимге болгон кызыгуунун пайда болушу тууралуу, балалык, жаш кездеги алдыга койгон максаттарыңыз тууралуу айтып берсеңиз? Ошол максаттар канча пайыз ишке ашты? Илимди казууга же дайым илим чөйрөсүндө жүрүүгө турмуштун тоскоолдугу болду беле?

– Мен Ноокаттын тамеки талаасында, дем алышта үй иштерин жасап, уй-кой кайтарып чоңойдум. 6-класстан 10-класска чейин Араванда айлап пахта тердик. Мектептеги күндөлүктөрүмдү карасам, окуудан да ар кандай жумуштар көп болгон экен. Тамеки, пахта, чөп... Бизди тырышчаактыкка тарбиялады окшойт. Ага карабай окуганга да аракет кылдык. Бала кезде ар кандай жагдайларга карап оюңду өзгөртө берет экенсиң, көргөн кинолор да таасир этчү. Сүрөттү жакшы тартчумун, биринчи сүрөтчү болом деп жүрдүм. Бир жолу учкуч болом деп чечтим, бирок колум сынып калып, агам эми жарабайсың деп койгон. Жазуучу болом деген да купуя тилегим бар болчу. 5-класста агамдын досу “чоңойгондо ким болосуң?” деп, ошол кездеги “дежур” суроону берип калды. Шарт эле “профессор” болом деп жооп бердим. Ошентип, профессор болуп калдым (күлүп). Эми, албетте, койгон максаттарың 100% ишке ашпайт. Жеткен максаттарым да оңой болгон жок. Кызыл мээнет, кара тер менен жеттим десем болот. Жогорку окуу жайына 1988-жылы 4-жолку сынактан соң өттүм. Географиядан “бешке”, биологиядан “төрткө” тапшырып, орус тилинен жат жазуудан жыгылып жүрдүм. Ал мезгилде таанышсыз өтүү өтө кыйын эле. Окуунун кадырын абдан билип калган экем, университетти жалаң “бешке” бүтүрдүм. Ишке калдым. Анан аспирантурага өттүм. Өзүм географ болсом да, экономика илиминен 3 жылда мөөнөтүнөн мурда жактаганга жетиштим. Ошентип илим чөйрөсүнө сүңгүп кирдим. Бирок булардын баары тоскоолдуксуз болгон жок. Мени колдогондор аз болду (кудайым колдогондон кур болбоюн!), тоскоол болгондор көп болду ,чынын айтсам, мүнөзүм кара өзгөй болбосо да, негедир көп жетекчилерге жакпай келем...        

– Акыркы жылдар ичинде өзүңүз эмгектенген окуу жайда жасалган мыкты иштер тууралуу маалымат берип кетсеңиз?

– ОшМУ азыркы мезгилде өнүгүүнүн жаңы стратегиялык жолу менен баратат десем болот. 3-4 жыл мурунку максаттар башка, бүгүнкү максаттар башка. Дүйнөлүк деңгээлге, эл аралык рейтингге жетишүү үчүн жалпы аракет болуп жатат. Ал үчүн биринчи кезекте окуу жайдын материалдык-техникалык базасын кеңейтүү жана жакшыртуу иштери жүрүүдө. Алсак, медициналык факултеттин базасында жаңы окуу корпусу, биздин факультетте 5 кабаттуу имараты менен түштүктөгү эң алгачкы ветеринардык клиника ачылды. Университет окуу жана илим менен катар өндүрүш жана бизнес кадамдарына өтүп жатат. Башкача айтканда, илим жыйынтыктарын өндүрүшкө киргизүү жана сатуу (пайда алуу) боюнча чоң-чоң пландар бар. Илимий эмгектерди басып чыгаруу географиясы мурун постсоветтик мейкиндик менен эле чектелсе, азыр бүт дүйнө жүзүн (айрыкча, Европа жана Америка өлкөлөрүн) каптады десек болот. Scopus жана Web of Science эл аралык басылмаларда биздин окумуштуулардын эмгектери байма-бай чыгууда.

– География жана туризм тармагы башка тармактардан эмнеси менен өзгөчөлөнүп турат, иш процесси кызыктуу болсо керек?

– Өзү мен кичинекей кезимде эле жаратылыш, саякат жандуу адам элем. Бир нерсени билүүгө, таанууга, үйрөнүүгө өтө шыктуу болчумун. Кандайдыр бир кубулуштардын себептерин сурап же талдап билүүгө аракетим күч эле. Айрыкча тегерегимдеги эмес, алыстагы нерселерди (жылдыздар, тоолор, өлкөлөр, элдер ж.б.) таанып-билүүгө өтө ынтызар элем. Мектепте окуп жүргөндө үйдө илинген дүйнөнүн саясий картасынан мамлекеттердин басымдуу бөлүгүнүн жайгашуу ордун, борборун, аянтын жатка билчүмүн. Жаратылыш өзгөчөлүктөрүнө суктанчумун. Кыялданчумун. Насип экен, азыр көп өлкөлөрдү өз көзүм менен көрүп атам. География жана туризм тармагындагы адис болуш үчүн көкүрөктөн каалоо, аракет, анан шык болуш керек. Чыдамкайлык, тайманбастык зарыл. Турфирма аркылуу жер кыдыруу оңой, бирок илимпоз катары жер кыдыруу, тоо-таштан басып өтүү, таанып-билүү оңой эмес.         

– Студенттер практикага чыкканда кайсы жактарга барып, кандай иштерди аткарып, эмнелерди үйрөнүп келишет?

– Совет мезгилинде географ-студенттер бир жагы Владивостокко, бир жагы Мурманскига чейин кыдырып келишчү. Биз Алматыга чейин барып калдык. Азыр эми эң алыскы практикалык чыгуу Ысык-Көл өрөөнүнө болот. Бирок биз каржылык кыйынчылыктарга карабастан 4 жылдык окуу мезгилинде студенттерге республикабыздын 7 областын таанытууга үлгүрүп жатабыз. Аз санда болсо да Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга (жабылганга чейин) уюштуруп турабыз. Германия, Англия, Түркияда практикадан өтүшүүдө. Азыркы мезгилде бул жаатта Өзбекстан ЖОЖдору менен эң жакшы алака, алмашуу болуп жатат. Август айында эле студенттерибиз менен Ташкент шаарындагы туристтик фестивалга катышып келдик. Студенттер практикага чыкканда аудиторияда алган теориялык билимдерин практикалык жактан бышыкташат же кыдыруучу жердин геологиялык, геоморфологиялык, климатологиялык, гидрологиялык өзгөчөлүктөрүн, топурак каптоосу, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү менен түздөн-түз таанышышат, окуп-үйрөнүшөт. Жергиликтүү элдин жашоо образын, салт-санааларын изилдешет. Жалпысынан географиялык-салыштырма усулун иш жүзүндө пайдаланышат.      

– Илим, иш, окуу процессинен тышкары суроо берүүгө уруксат этиңиз... Ч. Айтматов айткандай, адамзаттын пейили жаратылышка оң же тетири таасир тийгизиши мүмкүнбү? Адам ниетинен, пейилинен эмнелер көз каранды?

– Албетте, азыркы дүйнөнүн абалы, келечеги, жаратылыштын сакталышы жана коомдун өнүгүшү адам пейлинен көз каранды. Адамзаттын пейили, ниети өзгөрдү. Өзгөргөндө да өзүмчүлдүккө өзгөрдү. “Мага, мага” деп калышты. Мунун кесепетинен коом гана эмес, жаратылыш да жабыр тартып атат. Дүйнөдө кескин айырмалуулук пайда болду. Географиялык мисал келтирейин. Азыркы мезгилде 1 млрд га жакын адам ачка же тоюп жебейт. Ошол эле мезгиле 18 жаштан жогору 2 млрд га жакын адам көп жегендиктен ашыкча салмактан жабыркап келет. Бирөөлөр ичерге суу, кийерге кийим таппай отурса, башкалар 500 млн долларлык бриллиант көйнөк кийип, бирөөнүн көз жашы түшкөн кагаз майлыкты миллион долларга сатып алып отурат. Адамзат пейлин, ниетин оңдобосо, жаратылыш да терс пейлин көрсөтө берет.  

– Өз максатына жетүүдө жаш муунга кандай кеңештерди берет элеңиз?

– Жаш муундарга адамгерчиликтүүлүк, адилеттүүлүк жана кичи пейилдүүлүк сыяктуу улуу касиеттерге ээ болуу менен тырышчаактыкка, чыдамкайлыкка жана сабырдуулукка үйрөнүүгө кеңеш берем. Кандай гана учур, кырдаал болбосун, ата-энени туу тутуп, улууларды урматтоого үндөп кетем. Телефонго көп жабышпагыла!  

– Сиздин көз карашта, биздин учурдагы коомдун гүлдөшүнө эмне жетишпей жатат, же ашыкча болуп жатат?

– Ар ким өз ишин кылса эле баары жакшы болот. Бизде ушул жетишпей жатат. Көпчүлүк өзүнүн түздөн-түз ишин аткарбай эле көп убактысын, көп энергиясын башка нерселерге жумшап отурат. Аңдымай, ушактамай, көрө албастык, ичи тардык, бирөө жакшы жетишкендиктерге жетишсе оң жагын эмес, терс жагын издемей, ар кандай терс ойлор менен өзүн-өзү сооротмой. Европа өлкөлөрү, Кытай, Түркия (мен көргөн өлкөлөрдү эле айтайын) эмнеге өнүгүп атат? Ар ким өз ишин так аткарат, сени менен, башка менен эч иши жок. Ийгиликке жетишсең, кубанышат, кыйынчылык болсо, жардамга шашышат. Эмне ашыкча болуп атат? Байлыгына, бийлигине чиренгендер да бар, текебердик менен жашоо кечиргендер да бар. Биздин айырма, реалдуулук ушундай.