Полина Фурсова: Эркек бир гана баатыр, багуучу же коргоочу болушу керек деген стеротиптер бар
1 июнь

Полина Фурсова: Эркек бир гана баатыр, багуучу же коргоочу болушу керек деген стеротиптер бар

Биздин менталитетте чыныгы эркек кандай болушу керектиги боюнча стереотип бар. Ушундай гендердин штамп эркектин жана анын үй-бүлөдөгү, коомдогу кылык-жоругунун калыптанышына таасирин берет. Бирок чынында эркек кандай болушу керектиги тууралуу биз туруктуу экспертибиз, педагог-психолог Полина Фурсова менен маектештик. Анын пикиринде, азыркы коомдо күч жана жигитчилик түшүнүктөрүн кайра карап чыгуу зарыл, башкысы – күчтү басым жасоого айлантпай, тең салмактуулукту табуу керек.

– Полина, биздин убакта «чыныгы эркектин» образы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Коомубузда эркектер тууралуу кайсы стереотиптер дагы деле сакталуу жана алардан кантип арылсак болот?

– Коомубузда байкалып жаткан өзгөрүүлөргө карабастан, дагы деле муундан муунга өтүп, бала кезден сиңирилген туруктуу стереотиптер сакталып турат.

Ушул убакка чейин көптөгөн балдар «ыйлаба», «эркектей бол», «сен күчтүү болушуң керек», «ийгиликтүү болушуң керек» деген сөздөрдү угушат. Бул фразалар жаман деле эмес, бирок сезимдерди тыйып баштайт, а бул ар кандай кесепеттерге алып келет. Кудум эле эркек тирүү жан эмес, ал бир гана баатыр, багуучу же коргоочу гана болууга тийиштей кабыл алабыз.

 Менимче, азыркы коомдо күч жана эркектик деген түшүнүктөрдү кайра карап чыгуубуз керек. Эркек сезимтал, аялуу, ошол эле маалда күчтүү болууга укуктуу.

– Ачыктык жана эмоционалдуулук – алсыздыктын пайда болушубу же эркектин жаңы образыбы?

– Бул алсыздык эмес, бул акылмандуулук. Өзүнүн эмоциясын тааный билген, атай алган жана чыгара алган эркек психологиялык жактан бир топ бекем. Ал мамилелерди жакшы курат, зомбулукка, психосоматикага, көз карандуулукка азыраак кабылат.

Мен эркектердин жаңы мууну чын ыкластуулукка жана ички байланышка умтулуп жатканын көбүрөөк байкап жатам.  Эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү – гендердик артыкчылыкка байланыштуу эмес, ал адамзаттык баалуулук, сезимдерди көрсөтүү ар бир адам үчүн маанилүү жана зарыл.

– Бир жагында эркектердин батыштык варианты бар, бизден айырмаланып, алар ыйлай да алышат. Экинчи жагында, бизге тасмалар жана виртуалдуу реалдуулук көрсөтүп жаткандай, супер баатырлар да бар эмеспи. Алтын ортолукту кантип табуу керек? Издөөгө болобу?

– Супер баатырлар албетте, шыктандырат, бирок бул дагы «иши кылса бир артыкчылыкка ээ болуу керек» деген аргасыздык. Батыш моделинин жакшы да, жаман да жактары бар. Мындай маданиятта «ийгиликтин жана иштиктүүлүктүн культу» калыптанган, ага ылайык, эркек өзүн карьера, жетишкендик, акча аркылуу гана баалайт.

Менин көз карашымда, алтын ортолукту издөөнүн кереги жок, ийкемдүүлүктү пайда кылуу маанилүү. Эркек ар кандай болот: сезимтал жана чечкиндүү, камкор жана максатчыл. Башкысы ал таңууланган ролду аткарбай, өзү менен, өзүнүн баалуулуктары менен байланышта болсо болду.

– Баланы ал жигиттиктен ырайымсыздыкка өтүп кетпеши үчүн кантип тарбиялоо керек?

– Ырайымсыздык – бул көбүнчө жаап-жашырылган сезимдердин жыйынтыгы, айрыкча уялуу менен коркуунун. Эгерде бала дайыма «наалыба», «чыда», «эркек деген ыйлабайт» деп айта берсе, ал ырайымсыздыкка үйрөнөт. Жаап-жашырылган капалык агрессия формасында чыгышы мүмкүн. Ал же жарылат же тескерисинче, түнт тартат. Агрессия болбошу үчүн бала кезден тартып эмоцияга мейкиндик берүү керек, сезимди атаганды, аны жашап өткөндү, ачыкка чыгарганды жана бир убакта кантип күчтүү жана боорукер болууну үйрөтүү зарыл. Көз жашы үчүн эч убакта айыптабаңыз. Мында камкордук көрүүнү, катачылыгын моюнуна алууну, чек араны сыйлоону билген улуу кишилердин үлгүсү абдан жардам берет.

– Позитивдүү жана уулуу (токсичный) эркектик мүнөз деген эмне? Биздин коомдо кайсынысы көп?

– Позитивдүү эркектик мүнөз – бул жоопкерчилик, агрессиясыз ишенимдүүлүк, уялуусуз камкордук, туруктуулук, эмоционалдык жетилгендик сыяктуу эркектик сапаттардын пайда болуусу. А уулуу эркектик мүнөз – бул «меники дайыма туура» деген мамиле, гипер көзөмөл, эмоцияларды жаап-жашыруу, агрессия, «алсыздарды» басынтуу, сексизм.

Биздин коомдо тилекке каршы, азырынча уулуу эркектик мүнөз басымдуулук кылат. Ал адатта тиричиликте, тарбияда, юмордо, эркектер арасындагы достукта байкалат.

– Баланы тарбиялоодо кандай патриархалдык түшүнүктөрдөн арылуу жана кайсыларын сактоо керек?

– Жеке жоопкерчиликке: кичи пейилдикке, эмгекчилдикке, жакындарына кам көрүү жана коргоого, кыйынчылыктарды жеңе билүүгө байланышкандарды сактоо керек. Бул жакшы сапаттар жынысына карабай бардык адамга керек. Ал эми эмнелерден арылуу керек дегенде – эркек дайыма туура деген түшүнүктөн, айрыкча сезимдерди жана аялдарды басынтуу жаатында. Патриархат көбүнчө эркекти да, аялды да жабыркатат. Күчтүү болуу маанилүү, бирок аны кимдир бирөөнү басынтууга колдонбош керек.

– Биз де-юре «ата – багуучу» түшүнүгүн сиңирген, бирок де-факто багуучу негизинен эне болгон коомдо жашап жатабыз. Бул бала-эркектин калыптанышына таасирин тийгизеби? Биз мындан алсыз күчтүү жыныстагыларды жаратып албайбызбы?

– Ооба, бул ички конфликтти жаратат. Бала көрүп жатат, энеси бардык түйшүктү тартууда, а атасы көбүнчө жок (физикалык же эмоционалдык түрдө), бирок аны «эркек – үй-бүлөдөгү башкы адам» экенине ынандырышууда. Бул бала үчүн көргөнү менен укканынын ортосундагы чоң ажырымды жаратат.

Атанын ролу формалдуулук менен чектелбегени маанилүү. Балага бардык процесске катышкан жандуу ата керек. Баарлашкан, ойногон, кыйынчылыктарды кантип жеңүү керектигин үйрөткөн, жанында болгон ата. «Багуучулук» гана эмес, атанын тыгыз байланышта болгону эле туура эркектик иденттүүлүктү калыптандырат.