Риза Дүйшөн кызы, кытайлык кыргыз кызы: «Кыргызстан биз ойлогондон да сонун жер экен»
Май айынын башында Кытайдан эки кыргыз кызы ат минип жолго чыкканда алардын сапары миңдеген адамдардын кызыгуусун жараткан. Интернет колдонуучулары кыздардын ар бир күндүк жүрүшүнө көз салып, аман-эсен келишин күтүп турушту. Улуу Жибек жолу жана ата-бабалар басып өткөн тарыхый жол менен 25 күн сапар тартып келген кыздар акыры кыргыз жерине кадам таштап, мекендештеринин жылуу тосуп алуусуна күбө болушту. Бул өзгөчө сапардын демилгечиси, көчмөн кыргыз кызынын кайратын жана мекенге болгон сүйүүсүн даңазалаган Риза Дүйшөн кызы менен болгон маекти окурмандарыбызга сунуштайбыз.
– Риза, кыргыз жерине кош келдиңиздер! Бир нече күн ат минип келип, чек арадан өткөн алгачкы көз ирмемде кандай сезим болду?
– Саламатсыздарбы? Биз Кытайда Кулжа шаарынын Текес Көк-Терек айылынын кыздары болобуз. Кызыл-Суу автономиялык облусунун Ак-Чий ооданынан сапарга чыкканбыз. Ат менен жүрүп отуруп 25 күн дегенде чек арага кирип келдик. Журт атасы Садыр ата баш болгон кыргыз элибиз тосуп алганына абдан кубанып рахматыбызды айтабыз. Чек арадан өткөндө ак элечек апалар, ак калпак кийген атчан байкелерди, аталарды көрүп толкунданып көзүбүзгө жаш келди. Адеп Торугарттан өткөндө Нарын эли тосуп алганда кубангандан «рахмат» дегенден башка сөз айта албадык. Өзүбүздүн айылыбызга келгендей болдук. Кыргызстан биз ойлогондон да көркөм, абдан сонун жер экен.
– Ушундай өзгөчө сапарга чыгуу идеясы кимден чыкты? “Үркүн жолун ат менен басып өтөлү” деген ой качан жаралган?
– Биз Кытай жергесинде жашап, кыргыз элибиздин тарыхын көп угабыз жана анын артында нечен кыйынчылыктар болгонун билебиз. Улуу жибек жолу менен узак жол басып, үркүндө өз мекенине кайткан бир туугандарыбыздын жолун ат менен басалы деген демилге менден чыкты. Адеп атама айтканымда ал байкесине айткан экен. Байкеси “менин кызым Гүлсанат да барсын. Ризадан ат мингенди үйрөнсүн, коштоп шерик болуп бирге барышсын” деген экен. Ошентип даярдык көрүп ат менен чыгып кеттик.
– Аттарды кантип тандадыңар? Жолго чыгар алдында жакындарыңар эмне дешти?
– Аттарыбызды атабыз тандап берди жана атам бизди коштоп сапарга чыкты. Биз ат менен тоо аралап сапар алсак, атам унаа менен келди. Ал эми Гүлсанат атамдын агасынын эң эрке кызы болот. Өзү назик болгон үчүн Кытайдагы туугандарыбыз «кыйналбай артка кайт» дешкен эле. Бирок ага көнбөдү. Максатына жетүү үчүн болгон аракетимди жумшайм деди. Жолдон сиңдим аттан кулап бутун оорутуп алган эле. Ага карабай атты желдирип, артка кайтып кетем дебестен кеч күүгүм ошол жактагы айылдардын бирине кирип келдик.
– Ата-бабалардын азаптуу жолун басып өтүү максаты болуптур. Бул сапардан кандай сабак алдыңар?
– Тарыхта ысымы калган, эл-жер башкарган баатыр айымдардын жолун улап, ата-бабалардын басып өткөн жолун жон терибиз менен сезели деп сапар алганбыз. Кыргыз эли кайсы жерде болбосун кучагына алып, меймандостугу менен бийик калк экенибизди дагы бир ирет далилдеди. Бул биздин каныбыздагы өзгөчө касиет экенине кубанып турам. Биздин мындай меймандостукка дүйнө эли суктанышууда. Буйруса кыргыз нарк-насилин, каада салтын дүйнө жүзүнө жайылталы деп пландап жатабыз.
– Кыргызда “Жол азабы – көр азабы” дешет. Сапардагы эң оор күн кайсы болду?
– Биз машина жол менен жүрө албайбыз. Аттар баскан жол менен сапар алганыбыз үчүн узак убакыттан кийин ачка болдук. Жунгодо жолубуз таштак болгон үчүн өзгөчө аттарыбыз кыйналды. Негизи 60 км болгондон кийин аттарды суутуп, эс алдырып, откорушубуз керек эле. Ошол кезде тамак да, суу да, аттарыбызга бере турган чөп да жок болуп калды. Алдыбыздан айыл да көрүнбөдү. Сарсанаа болуп чарчап жолубузду улап кете бердик. Келе жатсак эң аягында бир айыл бар экен, кубанып кеттик. Алдыбыздан чыккан байке эчкилерине берип жаткан чөбүн, суусун биздин аттарыбызга берди. Ошол кезде эле абдан кыйналып кеттик. Өзгөчө аттарыбыз кыйналды. Аларды көрүп биз жаман болдук. Башка жолдордо мынчалык кыйынчылыкты сезген жокпуз.
– Ушунча күн бою ат үстүндө жүрүү кыздар үчүн оңой эмес. Ден соолук, чарчоо, аба ырайы жагынан кандай кыйынчылыктар болду?
– Туура, жолдо ат менен жүрүү кыйла эле оор. Токтогон айылдарда тамактарын берип, эч кимди киргизбей эс алдырып, ал турсун көйнөктөрүбүздү жууп кургатып, эртеси жол сапарына узаткан апаларыбыз болду. Бир сапар сиңдим экөөбүз жолдо кетип эле баратабыз, кетип эле баратабыз… көрсө адашып башка жакты көздөй кете бериптирбиз. Бизди узатып жаткан байкелер «карышкырлардан абайлагыла» деп эскертип жатышты. Ошол кездерде бир жагынан сарсанаа болуп кооптондук. Сиңдим экөөбүз бири-бирибиз менен, «эгер топ карышкырга жолугуп калсак качалы, бир карышкырга жолуксак аны кубалайлы» деп сүйлөшүп коюп жаттык. Бирок карышкырлар жолуккан жок. Түркүн аба-ырайына дуушар болдук. Жолдун азабы баары бир оор да. Эң кызыгы алыстан үкү топубуз көрүнгөндө эле «Биздин кыздарыбыз келе жатат» деп нан, каймагын көтөрүп алдыбыздан апалар, эжелер тосуп алып жатышты.
– Кытайдагы кыргыздардын жашоосу тууралуу көпчүлүк аз билет. Силер жашаган жерде кыргыздар кандай турмуш кечирет? Күнүмдүк жашоосу кандай?
– Ал жакта кыргыздардын жашоосу абдан жакшы. Эки кызын узатып жатып сиздерге ысык саламдарын айтышты. Бизде салт-жөрөлгөлөр, тилибиз, дилибиз илгеркидей сакталган. Мисалга биздей кыздар келин болуп бир үйгө түшсө ал үйдө конок тосула турган болсо босогодо самоордун түбүндө сүт, туз, кара чайы менен бир орунда жылбай чай куюп кызмат кылат. Ал эми аксакалдар жана бизге окшогон кыздар чай ичип, сый көрүп төрдө отурабыз. Кыргызстанга жаңы келгенибиз үчүн тойго бара элекпиз. Салттарыбыздын айырмачылыгы канчалык экенин азырынча айырмалап биле элекмин.
– Эгер Кыргызстанга келин кылып алып калышса калат белең?
– Кечээ бул боюнча видеодо чоң талкуу жаралды. Анда «Риза сени алып калалы» дешкен. Мен аларга «алып кала алсаң алып кал» деп тамаша ирээтинде айткам. Эгер чын эле колумду сурап кыргыз жөрөлгөсү менен алып калам десе Кыргызстанга калып өмүр сүрүүгө каршы эмесмин.
– Түпкү тегиңер кайсы уруудан? Өзүң канча бир туугансың?
– Мен үч бир тууганмын. Менден улуу байкем жана эжем бар. Өзүм он жылдан бери Шанхайда жашайм. Тегибиз Көлдөн, бугу уруусунун арык тукумунан болобуз.
– Кыргызстан тууралуу күткөнүңөр дал келдиби?
– Биз ойлогондон да жогорку деңгээлде тосуп алышты. Президен Садыр атага, апаларга аталарга байкелерге, эжелерге баарына ыраазыбыз. Музейлерге барып кыргыз элибиздин байыркы жашоосу, тарыхы менен тааныштык. Меймандостугуна ыраазы болуп жаткан учурубуз. Биз сиңдим экөөбүз ата-бабалардын изин улай узак сапар тартып келсек ошол максатыбызга жеттик десем жаңылышпайм.
