Рита Карасартова: “Мага чыныгы медитацияны курак өнөрү берди”
Көпчүлүк Рита Карасартованы укук коргоочу жана курч пикири менен айырмаланган коомдук ишмер катары тааныйт. Акыркы жылдардагы соттор менен коштолгон түйшүктүү учурлардан кийин Рита айым өзүнө жан дүйнө тынчтыгын курак өнөрүнөн тапканын айтат.
Бүгүн ал ашып калган кездемелерден улуттук чапандарды тигип, бул өнөрдү башкаларга да үйрөтүп келет. Анын айтымында, курак жөн гана кол өнөрчүлүк эмес, адамды стресстен арылтып, ички дүйнөсүн калыбына келтирген өзгөчө процесс.
Кантип укук коргоочу айым куракчыга айланды? Таштандыга кетчү кездемелер анын колунда кантип баалуу буюмга айланат? Курак өнөрү ага эмнени үйрөттү? Бул тууралуу Рита Карасартова менен маектештик.
– Рита айым, саламатсызбы! Көпчүлүк сизди укук коргоочу катары билет. Бир күнү эле кездемелерди чогултуп, курак курай баштаганыңызга эмне себеп болду?
– Ушу курак өнөрүн үйрөнүүгө мен 2022-жылдын башында бардым. Укук коргоодо жүргөндө башкалардын түйшүгүн, көйгөйлөрүн бүт өзүңө жүктөп аласың. Ошентип жүрүп кайсы бир учурларда “выгорание” деп коёт эмеспи, бардык нерседен көңүлүм кала баштаган. Мен 2011-жылдан бери укук коргоодо экенмин. Орусия-Украинага кол салганда жүрөгүмө ушунчалык жакын кабыл алдым. Эртең эле бизге да согуш кирип келчүдөй тынчсызданып, ошондо өзүмдү алаксытуу максатында чыгармачылык менен алектенүүнү чечтим. Чолпон деген айымга барып куракты үйрөнүп, биринчи чапанымды өзүп жасап кийгем. Мага абдан жакты, анткени процесс учурунда баарын унутуп калат экенсиң. Ошол учурдагы жан дүйнөмдөгү дүрбөлөңдү токтотуп, мени стресстен сактап клаган бир ыкма болду.
– Кол өнөрчүлүккө кызыгууңуз бала кезиңизден эле бар беле?
– Бар болсо керек эле. Анткени окуучулук кезимде тигүүчү машинкам бар эле, аны атайын мага арнап сатып беришкен. Азыр 1-2-курстагы сүрөттөрүмдү карасам деле өзүм тиккен көйнөктөр менен түшкөн сүрөттөрүм көп. Бирок турмушка чыгып, жумуш, илим менен алек болдум, командировкаларда көп жүрдүм. Ошол учурларда көп жылдар бою машинкам айланбай чаң басып туруп калды.
– Курак куроо сиз үчүн жөн гана хоббиби же медитация сыяктуу ички тынчтык бере турган процесс болуп калдыбы?
– Мен куракка чейин медитацияга үйрөнөйүн деп аябай эле ниетимди коюп аябай аракет кылдым. Канчалык тынч жерге отурбайын, башымдан миң түрлүү ойлор кетпей, алардан кутула албай койдум. Куракка отурганда кайсы кездеме каерге жарашат, кайсы түстөр жакшы айкалышат, ушулар тууралуу гана ойлоносуң. Мага чыныгы медитацияны ушул курак өнөрү берди.
– Таштандыга ыргытыла турган эле кездемелерден сонун чапандарды тигип коёт экенсиз?
– Курак үчүн атайын чоң кездеме сатып алгандан көрө ошол керексиз кыркындылар менен иштөө кызыктуу. Алар өздөрү эле айкалышып жатып калат. Негизи эле курактын философиясы жакшы. Манас атабыз “курама курап журт кылды” дегендей эле кичинекей кездемелерден чоң бир буюм жасап коет экенсиң. Анын ар бир бөлүгүнүн өзүнчө тарыхы бар. Мындан үч жыл мурун жакшы көргөн таежем каза болуп калды. Кийимдерин жакын адамдарына таратып берет эмеспи, мен ачык түстөгү сонун көйнөгүн тандап алдым. Аны эмне кылмак элем, же кие албайсың, өрттөгөнгө кол барбайт. Ошондо кескилеп, өзүмө, балдарыма чапан тиккенде кошуп койсом, тим эле жаркырап сонун чыкты. Баарыбызга чапандарыбыздын ошол бөлүгү таежебизди эстетип турат.
– Курак курап отурганда саясат, коом, адамдар тууралуу ойлор келе береби? Же бул процесс тескерисинче сизди ошол дүйнөдөн алыстатабы?
– Курак курап отурганда такыр терс ой ойлой албайсың. Тескерисинче, сонун ойлор келет. Шүгүрчүлүк келтиресиң. Чапанга кирип кеткенден кийин сырткы чөйрөдөн бөлүнүп, ал жакта эмне болуп жатканын таптакыр унутуп каласың. Азыр менин ички абалым ушундай. Кээде айланамдагылар сенсация болуп аткан окуялар боюнча оюмду сурап калышат. Ал боюнча кабарым жок экенин айтсам таң калышып: “Кыргызстан дүңгүрөп атса сен эмне кылып отурасың?”-деп калышат. Болбосо мен окуяны угарым менен эле реакция кылып социалдык тармактарга жазып жиберчүмүн да. Анан эле милициялар “дагы камалгың келип атабы?” деп салам-дубайын айта беришет. “Ач кулактан тынч кулак” дегендей, ошон үчүн да мага азыр бул керек болуп турат.
– Курак өнөрү сизге эмнени үйрөттү?
– Мен деле элүүнүн кырына келдим. Бул жашымдын 20 жылга жакынын педагогикага арнадым. Бюджет, салык, мамлекеттик башкаруу боюнча окуу жайларда сабак бердим. Андан кийин айыл өкмөттөрдү окутуп ал жерде жүрдүм. Анан укук коргоо башталды. Түрмөгө камалып чыккандан кийин мен буга чейин жасап жүргөн иштеримдин баары талкаланып калгандай эле сезилди. Бир нерсе кылыш керек болуп куракты жасай баштасам, жаккан кишилер буйрутма бере баштады. Ошондо мен эмнени түшүндүм? Адам баласы эч качан таптакыр нөлгө түшүп калбайт экен. Айлана-чөйрөңдү жакшылап карап көрсөң, сөзсүз бир нерсе табат экенсиң. Анын сыңарындай, курак мени башка жагымдан ачты. Негизи эле ар бир адам дипломунан сырткары бир өнөргө ээ болуп алыш керек экен. Дипломуң ишке жарабай калган кезде ошол өнөрүң сени багып кетет экен. Мен бир жумада үч жолу сотко барып аттым да. Мындай учурда эч жакка жумушка кире албайсың. А чапанды кайсы маал болбосун кармай калып буйрутмаларды аткарып, окуучуларымды окутуп акча таап жаттым.
– Чын эле сизден бул өнөрдү үйрөнүүнү каалагандар көп экен. Алар көбүнчө эмнени каалашат? Өнөр үйрөнүүнүбү же жан дүйнө тынчтыгынбы?
– Ооба, азыр каалоочуларды окутуп да жатам. Алардын ар кимиси ар кандай максатта келишет. Айрымдар үй-бүлөсү үчүн гана колдонуп, оздөрү үчүн үчүн өнөр үйрөнүп алгысы келсе, башкасы бул өнөрдүн арты менен каражат табууну каалашат. “Сиз менен сүйлөшкөн жагат” деп келгендер да болот. Менин психологдук да билимим бар да. Мурун окуп кеткен бир айым келиптир. “Муну жасаганды үйрөнбөдүң беле? Кайра эмнеге келип атасың?”-десем, “дагы бир чапанды сиздин жаныңызда отуруп жасайынчы? Мага ошол жердеги атмосфера жагат”, – дейт. Кыскасы, бул абдан керектүү жана кызыктуу өнөр экен. Ушуну таап, өздөштүрүп алганыма азыр өзүмө өзүм абдан ыраазы болуп жатам. Башкаларды да чакырат элем.
