Сапарали Бекмурзаев: ӨКМнын тик учактары биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун, өмүрүн сактоого колдонулушу керек
"Ала-Арча" жаратылыш паркынан 9-ноябрда 14 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү табылды. Ал 7-ноябрда куткаруу кызматына байланышка чыгып, тоодо жол таппай жатканын айткан. Баланын өлүмүнөн улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүнө коомчулук тарабынан ар кандай сын айтылууда. Эмнеге баланы издөө иштери кечеңдетилген? Кыргызстан бир нече тик учак сатып алганы айтылган, алар эмнеге жарандын өмүрүн сактоого колдонулган жок? Экипаждын мындай кырдаалдарга даярдыгы канчалык?
Ушул жана башка суроолор менен Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүнүн тик учактар эскадрильясынын мурдагы учкуч-инструктор методисти, полковник Сапарали Бекмурзаевге кайрылдык.
– 14 жаштагы баланын өлүмү коомчулукта чоң суроолорду жаратты. Сиз авиация тармагындагы адис катары бул окуяга кандай баа бересиз?
– Амирдин арты кайырлуу болсун, жараткан Аллах өз мээримине алсын. Жакындарына сабырдуулук тилейм.
7–9-ноябрда Ала-Арча коктусунда болгон окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Куткарса болот болчу, тилекке каршы куткара албадык!
Шалаакылыктын айынан куткаруу системасы запкы жеди. Калганын – эмне болгонун, эмне үчүн куткаруу кызматы убакыттан уттуруп койгонун, кандай тоскоолдуктар жаралганын – биз багып жаткан мамлекеттик тиешелүү кызматтар териштирип, мыйзам негизинде жыйынтык чыгарышаар...
Бирдеме деп айтуу эми кеч. Биз башыбыздан өткөн терс окуялардан сабак албас болдук. Калганы саясат болуп калат...
Бир гана нерсени айтайын, ӨКМнын астындагы “Авиациялык издөө-куткаруу кызматы” мамлекеттик ишканасы акыркы 5 жылда көп жетишкендиктерге жетсе болот эле, бирок адамдык, системалык фактор биздин командабыздын негизги максатына бут тосуп койду!
– Бала кечинде байланышка чыкканы, бирок издөө иштери эртеси таңга маал башталганы айтылууда. Негизи, түндө адамды тик учак менен издөө мүмкүнбү?
– Албетте, мүмкүн. Бул дүйнөлүк практика. ӨКМдан 2023-жылы кеткем, анын өзүнчө себептери бар... Мен кеткенден кийин ӨКМнын авиациясын калыбына келтирүү программасына түнкү көрүүчү көз айнектерди колдонуу менен учуучу экипаждарды даярдоо кирген. Демек, программа бар, план бар, негиз бар, түндө учууга бардык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Болгону адамдык фактор роль ойноп кетүүдө.
Бул жерде бир нерсени белгилеп кетүү керек – бала телефон чалганга чейин жоопкерчилик өзүндө жана жакындарында болчу, телефон чалгандан кийин жоопкерчилик автоматтык түрдө куткаруу кызматына өткөн.
– Ушул бир окуя менен ӨКМнын куткаруу кызматынын түнкү куткаруу-издөө иштерине даярдыгы төмөн деп бааласак болобу же буга башка дагы факторлор таасир эткенби? Куткаруу иштерин түн ичинде баштоого дагы кандай шарттар тоскоолдук жаратышы мүмкүн?
– Менимче, издөө иштерин баштоого тапшырма берилбеген. Мындай шартта министр директорго, директор учкучка тапшырма бериши керек. Дагы бир жолу кайталайм, издөө иштерин ар кайсы убакта баштоого кызматта учурда бардык шарттар бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиациялык кызматын кайра жандандырууга өтө чоң каражат жумшалган. Тик учактар сатып алынды, түнкү көрүүчү аспаптарды колдонуу менен түнкүсүн учуу сыяктуу татаал операцияларды аткарууга учкучтардын атайын курамын даярдоого акча бөлүнгөн. Өнүгүү окутуу программасынан өтүү менен эле чектелип калышы керек беле?
Анда түнкү учуу операцияларында кемчиликтердин атайылап орун алышына жол берилгендиги үчүн жоопкерчиликти ким алат?
Ушундай чоң каражат жумшалганы менен 5 жылда эч кандай өзгөрүү орун албады. “Авиациялык издөө-куткаруу кызматы” мамлекеттик кызматы бир адамдын кызыкчылыгы үчүн өзүн аралаш каржылоого өткөн. Бул деген чыгашасынын жарымы бюжеттен каржыланса, жарымын өздөрү табышы керек деген сөз. Бул туура эмес. Мен кызматты толугу менен министрликтин каржылоосуна өткөрүү зарыл деп ойлойм. Ал акча табуу эмес, жарандардын коопсуздугун, өмүрүн сактоо менен алектениши керек – башкы функциясы ушул.
– Өзү каражат табышы керек деген кандай, кеп тик учактарды ижарага берүү менен коммерциялык негизде иш алып баруу тууралуу болуудабы?
– Мамлекеттик мүлктү – мамлекеттик ишкананы бир топтун колуна берип, иштегиле, өзүңөр акча таап, өзүңөрдү каржылагыла, анан кооптуу жагдай пайда болсо, биздин иштерди жасагыла деген – бул түшүнүксүз чечим.
Толук системаны – тик учак, учак, учкучтарды, аларды тейлеген инженерлерди – баарын бир деңгээлге, стандартка келтириш керек дагы, кандай тапшырма болбосун аларга убагында жеткирүү кажет. Ошондо тартип болот. Учурда бул тармактагы маяна жакшы, убагында бул маселени чечкенбиз, бирок акыркы 5 жылда бир да иш алдыга жылган жок. Тик учак шаймандары алынган эмес, келген бойдон токтоп турат. Ми-8МТВ тик учагы эл аралык мамилелердин алкагында, Россия Федерациясынан алып келинген, биз кандай тик учак керектигин жазып бергенбиз, ошол стандарт менен алынган. Аны каржылай албай, акча табабыз деп 2 жылдан бери чет өлкөлөргө ижарага берилет – барат, кайра келет. Ошондо, башкалардын коопсуздугу маселе дагы, биздин коопсуздугубуз маселе эмеспи?
– Негизи ӨКМга алынган тик учактарды ижарага берүү туурабы?
– Тик учакты иштетип, акча таап, өзүн өзү актайт деген – утопия. Муну дүйнөдө баары билет, эсептеп чыгарышкан. Ооба, ижарага берүүгө мен макулмун, анткени ал кымбат турат, бюджеттен жүктү азайтыш үчүн коммерциялык иштерге уруксат бериш керек. Бирок биринчи кезекте жарандардын коопсуздук маселеси, ички иштерибиз, андан кийин гана коммерциялык кызыкчылык турууга тийиш.
– Талдап караганда, жарандардын өмүрүн сактоо үчүн тик учак зарыл болгон кырдаалдар күн сайын эле жарала бербейт. Анда-санда орун алган окуяларга ыкчам иш-аракеттер жасалбаганын кандай кабыл алууга болот?
– Мурда бизде тик учак жок болчу. А азыр заман өзгөрүп жатат, эл көбөйүүдө, туризмди өнүктүрүп жатабыз. Ар бир келген туристтин коопсуздугун караш биздин милдет. Кокус алар кандайдыр бир күтүүсүз жагдайга кабылса ыкчам реакция кылышыбыз кажет. 2025-жылы россиялык альпинист Наталья Наговицина биздин тоолордо каза тапты. Аны да куткара албадык. Ошол кемчилигибизден сабак да албадык. Эгерде аны куткарып калганыбызда, дүйнө туристтери 100 пайыз биздики болмок.
– Баланын өлүмүнөн кийин ӨКМ билдирүү таратып, убагында куткаруу иштери жасалбаганын “Эдельвейс” куткаруу кошууну ошол убакта башка куткаруу иштери менен алектенип жатканына байланыштырды. Ошондо, бир гана экипаж иш алып барабы?
– Мен эл аралык уюмдарда, башка өлкөлөрдө да авиация тармагында иштедим. Ошондон улам айта алам – биздин куткаруу кызматыбызды толук кандуу куткаруу кызматы деп атоо мүмкүн эмес. Бизде 7 облус бар – жок дегенде 7 тик учак, 2 экипаж болушу керек. Куткаруу тобу өзүнчө, алар дайыма даярдыкта турушу жана ар бир мүчөсү бардык профессионалдык жөндөмдөргө ээ болушу кажет. Учкучтарга өзүнчө, техникага өзүнчө, куткаруучуларга өзүнчө инструкциялар жазылып, ага ылайык план-аракет болууга жана иш жасалууга тийиш.
– Системаны оңдоо боюнча өз сунуштарыңызды тиешелүү жактарга жеткирдиңиз беле?
– Жаңы министрге кат менен киргем, тармакты оңдоо боюнча сунуштарымды айткам. Тилекке каршы, кабыл алган жок. Профессионал адамдарды чогултуп, команда түзүп, тапшырманы так коюп, каражатты туура пайдаланмайынча система ушул бойдон кала берет.
Чындыгында, баары аракеттен жана ниеттен. Мисалы, 2022-жылы 17-сентябрда, Баткендеги кыргыз-тажик коогалаңында жардамчым экөөбүз караңгы кирип калган маалда согуш талаасына ок-дары, кургак тамак-аш алып барып, “Жүк 200” (сөөктөрдү) жана “Жүк 300” (жарадар болгондорду) алып чыкканбыз. Эртеси тоолордон 24 жоокерди издеп таап алып келгенбиз. Бул Н125 учагы менен эле болгон.
Ал эми Амирдин окуясында Н145ти колдонушса болмок, себеби бул тик учак абдан заманбап, аны башкара турган тажрыйбалуу учкучтар да бар болчу. Мисалы, Атабеков жана Иманбеков.
