Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жумушчу тобу бир катар илимий-изилдөө институттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты
12 ноябрь

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жумушчу тобу бир катар илимий-изилдөө институттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жумушчу тобу «Илим жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамдардын аткарылышына жүргүзүлүп жаткан мониторингдин алкагында бир катар илимий-изилдөө институттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институтуна барышты. Институттун директору Медетбек Айткулов илимий мекеменин негизги багыттары, учурдагы жетишкендиктери жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди.

Институттун ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда депутаттар Токтобүбү Ашымбаева жана Нуржамал Торобекова энергетика тармагын илимий жактан камсыздоого байланышкан бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, Токтобүбү Ашымбаева илимий ишмердүүлүктү каржылоо, институттун материалдык-техникалык базасынын жетиштүүлүгү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик заказды ишке ашыруу механизмдери, ошондой эле кайра жаралуучу жана альтернативдүү энергия булактарынын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө маселелерине токтолду.

Муну менен катар жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Институттун директору Жайлообек Орозов лабораториялардын иши, жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана илимий натыйжалар тууралуу айтып берди.

Депутаттар Токтобүбү Ашымбаева жана Нуржамал Торобекова ветеринария илимин өнүктүрүү, жаныбарлардын ооруларын аныктоо жана алдын алуу ыкмаларын өркүндөтүү, ветеринардык препараттарды өндүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле илим тармагын каржылоо, анын ичинен Илим фондунун бюджети, бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жана алардын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жетиштүүлүгү боюнча маселелерди ортого салышты.

Андан сырткары, депутаттар Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарынан да кабар алышып, алардын негизги багыттарын, учурдагы көйгөйлөрүн жана мындан ары кароону талап кылган актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле колдонмо илимдерди өнүктүрүү жана анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын арттыруу чоң мааниге ээ экенин кошумчалашты.