Баткен районунда жаңы салынып жаткан унаа жолуна таш кулады
Баткен райондук администрациясы
12 ноябрь

Баткен районунда жаңы салынып жаткан унаа жолуна таш кулады

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Зардаалы айылынын Бөрү-Көрбөс тилкесинин 73-чакырымында Баткен – Сары-Талаа – Зардаалы багытындагы жаңы салынып жаткан унаа жолуна таш кулап, жол убактылуу жабылган.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашкандай, окуя тууралуу өз убагында тиешелүү кызматтарга кабар берилип, жолду тез арада тазалоо иштери жүргүзүлгөн. 

Жолду тосуп калган болжол менен 150 куб метр шагыл-таш толугу менен тазаланып, унаа жол каттамы кайрадан толугу менен ачылды. Окуядан жабыркагандар болгон жок.

Учурда аталган жол толук ачылып, автоунаалардын каттамы калыбына келтирилди. Жолдо жүрүүгө тоскоолдук жаралган жок.