Кыргызстандагы мугалимдерге алты миң ноутбук тапшырылды
12 ноябрь

Кыргызстандагы мугалимдерге алты миң ноутбук тапшырылды

Республиканын мектептериндеги кыргыз тили жана география мугалимдери үчүн «Алтын Казык» брендиндеги 6000 даана ата мекендик ноутбук тапшырылды.

Агартуу министрлигинен кабарлашкандай, алар райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу мугалимдерге жеткирилет.

Ноутбуктарды тапшыруу иш-чарасына агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев катышып, бул этапта өлкөнүн география мугалимдери ноутбук менен толук камсыздаларын билдирди.

Ошондой эле ноутбук ала элек мугалимдерди камсыздоо иштерин «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын алкагында улантуу пландалып жатканын белгиледи.

«Буга чейин 47 миңден ашык мугалим ноутбук менен камсыздалган. Жыл аягына чейин дагы 17 миңге жакын ноутбук тапшыруу пландалууда», — деди Мухтарбек Баймурзаев.

Ноутбуктар Агартуу министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын (IsDB), Билим берүү үчүн глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) жана Өнүктүрүү максатындагы ислам тилектештик фондунун (ISFD) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Smart-Ed долбоорунун алкагында берилди.

Долбоордо кыргыз тили жана география предметтери боюнча 7–9-класстар үчүн жаңыланган окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү каралган. Ноутбуктар мугалимдерге бул материалдарды пайдаланууга, санариптик ресурстар менен иштөөгө жана сабактарга даярданууга көмөк көрсөтөт.

Ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Технопарк» мекемесинде чогултулуп, белгиленген техникалык талаптарга ылайык даярдалган. Аларга автоматтык түрдө жаңыртылуучу лицензияланган программалар жана коопсуздук каражаттары орнотулуп, мугалимдердин күнүмдүк ишине керектүү методикалык колдонмолор киргизилген.