Кыргызстандык гимнаска Россияда өткөн мелдеште эки медаль жеңди
Ушул жылдын 2-7-ноябрь күндөрү Россиянын Новосибирск шаарында спорттук гимнастика боюнча “Олимпиада чемпиону Евгений Подгорныйдын байгелерине арналган” эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Ага бир катар өлкөлөрдүн спортсмендери , анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрү да катышты.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын спорттук гимнастика боюнча курама командасынын мүчөсү Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды. Ал таянып секирүү боюнча күмүш, ал эми эркин көнүгүүлөр боюнча коло медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.А. Айдарбеков мелдештин ачылыш аземине катышып, кыргызстандык гимнасттар жана машыктыруучулар менен жолугушту. Жолугушууда спортсмендердин даярдыгы жана аларга колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле спорттук гимнастика тармагында кызматташууну өнүктүрүү, спортсмендерди даярдоо жана тажрыйба алмашуу багытында эки тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери каралды.
