Аскер кызматкерлерине кызмат орду алмашканда кызматтык батирде убактылуу жашоого уруксат берүү сунушталууда
Кыргызстанда ипотекалык программа аркылуу турак жай сатып алган аскер кызматкерлерине башка кызмат ордуна которулганда аскер шаарчаларындагы кызматтык батирлерде убактылуу жашоого уруксат берүү сунушталууда.
Мындай демилгени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Раимберди Дүйшенбиев көтөрдү.
Анын айтымында, ипотекалык программага катышкан аскер кызматкерлери башка аскер бөлүгүнө которулганда жаңы кызмат өтөгөн жеринде жашай турган жай табуу көйгөйүнө туш болушу мүмкүн.
Бул маселени чечүү үчүн депутат Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы №620 токтомуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Анда мындай аскер кызматкерлерине кызматтык турак жайды убактылуу берүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек.
Парламентарий бул чара аскер кызматкерлеринин социалдык укуктарын кошумча коргоого жана жашоого кеткен чыгымдарын азайтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Мындан тышкары, Дүйшенбиев Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №562 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөр үчүн өкмөткө ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул өзгөртүүлөр ипотекалык насыя алып, бирок буга чейин компенсациялык механизмге кирбей калган аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоого мүмкүндүк берген.
