Беш өлкөдөн келген делегация Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты
Курулуш министрлиги
12 ноябрь

Беш өлкөдөн келген делегация Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Бишкек шаарындагы «Ак-Кеме» мейманканасында бүгүн, 12-ноябрда «Борбордук Азия – Кытай» курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө ири объектилердин архитектуралык макеттери, долбоордук чечимдери атайын мультимедиялык экрандарда жана санариптик жабдууларда көрсөтүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, "Борбордук Азия – Кытай" форматынын катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун, Кытай Эл Республикасынын турак жай, шаардык жана айыл-чарба курулуш министри Ни Хун, Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министри Ерсайын Нагаспаев, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Низом Юсуфи Мирзозода, Түркмөнстандын курулуш жана архитектура министри Абдулла Гелдиев жана Өзбекстан Республикасынын курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов катышты.

Министр Нурдан Орунтаев делегация башчыларын көргөзмө менен тааныштырып, өлкөдө, анын ичинде туристтик аймактарда ишке ашырылып жаткан ири курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорго токтолду.

Ошондой эле Кыргызстандын климаттык өзгөчөлүктөрү жана туристтик потенциалы тууралуу маалымат берип, чет өлкөлүк өкүлдөрдү өлкөгө жылдын бардык мезгилдеринде келип кетүүгө чакырды.

Көргөзмө Кыргызстандын курулуш тармагындагы жетишкендиктерин, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана долбоорлорун эл аралык өнөктөштөргө тааныштыруу, ошондой эле курулуш тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатын көздөйт.