Бир киши күйүк алды. Бишкекте батирде жарылуу болду
видеодон алынган кадр
12 ноябрь

Бир киши күйүк алды. Бишкекте батирде жарылуу болду

Бишкектин Абдымомунов көчөсүндөгү үйдүн 9-кабатындагы батирде жарылуу болду. 

Социалдык тармактардагы маалыматтарга таянсак, газ жарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү топ менен автошаты жөнөтүлгөн. 

"Жалын саат 15:05те толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктан бир киши күйүк алды", - деп билдиришти ведомстводон.