Клара Сооронкулова президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди
КР БШК
12 ноябрь

Клара Сооронкулова президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Клара Сооронкулова президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-ноябрда, Сооронкулова Клара Сыргакбековна Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.